Ош мэриясы: Этникалык кагылушууда жабыр тарткандарга курулган үйлөрдүн абалы жаман


Шаардын вице-мэринин айтымында, Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик дирекциянын кайра калыбына келтирүү жана өнγктγрγγ боюнча салынган үйлөрдүн ремонтунун сапаты жоктугун айтууда. Жабыр тарткан үй- бүлөлөр да бул маалыматты тастыктайт. Ал эми, мамдирекциянын ушул эле департаментинин жетекчисинин өз сөзүндө, бекер берилген үйлөрдө жашагандар оӊдоп түзөөлөрдү кылса болот.

Мамдирекция кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү департаменти 2010 жылы август айында баштаган беш кабаттуу үйдү ушул эле жылдын декабрында бүткөн. Айрымдары үй берилген эле кезде көчүп киришкен.

Оштун вице-мэри Таалай Сабировдун айтымында, бул курулуштарды курууда усталардын тажрыйбасынын жоктугу болду.

«Оӊдоолорду жасаган балдарды көрсөӊөр — жаш балдар, жада калса сварка ишин жасаган адам  даражасы менен  болуш керек да, жок дегенде үчүнчү разрядта.  Разряды жок, эптеп эле кылынган», — деп айтты Сабиров.

"Үй жакшы бүткөн эмес"

Үйдүн көпчүлүк жашоочулары вице-мэрдин сөзүнө кошулуп, жасалган ремонт тез эле бузулуп баштаганын айтышты.

Кабылан уулу Кайратбек, июнь окуясында жабыр тарткандардын бири. Ал үй-бүлөсү менен көчүп кирип, өзү жашаган жерин толуктап  оңдогон.

«Ушул үй анча деле бүткөн эмес,  эптеп эле берип койгон, а биз аны болсо өзүбүз кичине ремонт кылганбыз, айнектерди жапканбыз.  Бул үйгө февраль айында киргенбиз ошондон бери жашайбыз, дубалдары да көчө берет», — деп кейиди жашоочу.

Ушул эле үйдүн тургуну Айнуранын айтымында, курулуштун трубаларынан суу тынбай агат. Аны  «Клооп» порталынын корреспондентине көрсөтүп нааразы болду.

«Жылыткычтарды да эптеп эле коюп коюшкан, ажатканадан суу агат, идиш коюп, суусун тынбай төгүп турам», — деп капаланды Айнура.

Бирок анын кошунасы Зулфия мамлекеттен берилген бекер үйгө ыраазычылыгын эле билдирет.

«Ушунчалыгына элдер ыраазы болсо деле болот, үйлөрү деле күйгөн эмес, мебелдери бар, элдер эмнесине нааразы, дагы ошо бир эле балдары өлгөн калган нерселери турат[…]. Ушунчалыгына шугур дешибиз керек,-деген оюн билдирди Зулфия.

Ал эми «Интербилимдин» коомдук фондунун (этникалык кагылышуудагы жабыр тарткандарга жардам берүү менен алек болушууда) курулуш боюнча эксперти Бакыт Денизовдун оюнда, мамдирекциянын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү  департаменти үйлөрдүн айрыкча ички жасалгасын «өтө начар» кылганын  айтат.

«[…] Жер тактайлары жаңы болуп жылтыраш керек да, андай болбостон көчүп жатат боппоз, дубалдарга болгон оңдоп түзөөсү жарабай калган. Ошол үйдүн жасалгасына 40 млн сомго жакын акча кеткен .»,-деди эксперт .

"Каалагандай жасап алса болот"

Мамдирекциянын кайра куруу жана калыбына келтирүү боюнча директору Жантөрө Сатыбалдиевдин айтуусунда, бекер алынган үйлөрдү жашоочулар өздөрү «каалагандай жасап алса болот».

«Эми ар кандай да, кээ бирлери евро ремонтту талап кылат, анан эми бекер уй алышты оздору каалагандай кылып алса болот» ,-деп сөзүн жыйынтыктады Сатыбалдиев.

Жалпысынан Ош жана Жалал-Абад мамдирекциянын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү департаменти 34 үй куруп, анын ичинен тогуз үй өткөрүп берди. Бул үйлөр бир гана этникалык кагылышуудан жабыр тарткандарга гана эмес мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да берилет. Бул курулуштарга канча акча каражаттарын кеткенине  мамдирекциянын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча башчысы Жантөрө Сатыбалдиев  "так маалыматка   ээ эмесмин» деп жооп берди.