Бишкектеги аялдамалардын биринде кыз ала качуу катталды


Салиев  көчөсүндө жайгашкан «Таатан» соода борборунун майңдайында, жаш кызды эки жигит  ала качканына  «Клооптун» кабарчысы күбө болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул тууралуу аларга  арыз түшпөгөндүгүн билдирди.

11-ноябрь күнү күндүзгү саат он бир чамаларында «Таатан» соода борборунун маңдайынан жаш кызды ала качып бара жатканына «Клооптун» корреспонденти Любовь Шевченко күбө болгон.

Анын айтымында 20-жашар кызды эки жигит БМВ маркасындагы каралжын кызыл өңдүү авто унаага оройлук менен салып  кеткен.

«Машинанын айнектери жарым-жартылай караңгылатылган болчу. Мен машиненин номерин көрүүгө үлгүргөн жокмун, анткени ал тез эле ордунан жылып кетти», — деди Шевченко.

«Клооптун» корреспонденти ала качууга аз дегенде 8 киши күбө болгонун кошумчалады.

«Мен кыздын кыйкырганын угуп калдым. Артымды карай салсам эле ал кызды кыйнап машинеге салып жатышыптыр. Анын аркасынан машинеге кыздын буюмдары ыргытылып, ал эми аялдамада анын моюн орогучу калып калды. Божомол менен кыз 20-22 жаштарда болчу», — деп көргөндөрдүн бири Татьяна айтат.

«Ушунчалык бат эле чалды-куйду кылып кызды алакачып кетишти. Аялдамада тургандар эмне болуп жатканын деле түшүнбөй калышты окшойт», — деп дагы бир окуяга күбө болгон Айгүл айым билдирди.

Милициянын эч нерседен кабары  жок

Кыз ала качууну көргөндөн кийин «Клооптун» корреспонденти ИИМ кайрылган, бирок басма сөз кызматынын башчысы Рахматилло Ахмедов, азыркы тапта эч кандай бул тууралуу арыз келип түшкөн жок деп билдирди.

Ахмедов, Свердлов ИИБнө  кайрылууну суунуштады. Нөөмөт кызматына телефон чалуу жасалгандан соң,   иштин чоо-жайын угуп, Кыргызстанда кыз ала качуу салт эмеспи деп билдирди.

«Бул биздин салт. Азыр бизге кыз ала качуу тууралуу эч кандай маалымат келип түшө элек», — деп айтат нөөмөтчү.

Укук коргоо кызматкерлери,  кыздын жакындарынан  арыз келип түшкөндөн кийин гана чаралар көрүлөт деп билдирди.

Биринчи жолу эмес

Кыз ала качуу акциясынын алкагында кино көргөзмөсүнө катышуу максатында бараткан студент Кымбат Баракан кызын ала качышкан. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылганы менен алар эч кандай чара колдонушкан эмес.

Кызды ала качканы тууралуу маалыматты Каракол шаардык кеңешинин депутаты Саламат Молдосанов билдирди. Кымбат курдаштары менен бирге кино көрүүгө бараткан жеринен бул окуяга кабылган.

«Каршылык көрсөткөнүнө карабастан аны топ балдар авто унаага салып, Маяк совхозуна алып кетишти», — деди жергиликтүү эл өкүлү Молдосанов.

Жаш кыздын айтымында, ала качкан баланы тааныган эмес.

Укук коргоо кызматты эч кандай чара көргөн эмес,  себеби жабыр тарткан тараптан арыз болгон жок.

Ошондой эле,  Ыссык-Көл  прокуратурасынын кызматкери Талант Абыловдун айтымында, ала-качуу менен алектенүү шарт эмес, себеби  ала-качуу бул-элдик салт.

"Прократура майда иштер менен эмес, оорчундуу иштер менен алектенет",-деп кошумчалады Абылов.

Британиянын «Индепендент» басмасы,  Кыргызстандагы кыздардын үчтөн бир бөлүгү мажбурланып турмуш курса, ал эми кээ бир алыскы аймактарда бул сандар 80% ды  көрсөтөрүн  жазган.

Бирок,  Кыргызстандыктардын дээрлик көбү кыз ала качуу бул кылмыш эмес атайын салт деп билишет. 2011-жылдын ичинде уурдалган кыздардын арасынан экөө өмүрүн өзу кыйып, жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Авторлор: Диана Рахманова жана Любовь Шевченко
Которгон Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы