Москвадагы 17 кыргыз мигранты үйлөрүнөн чыгарып салынды


Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин айтымында, Орусиянын бийлиги 11-ноябрь күнү  Тверский  бульварындагы үйлөрдүн биринде мыйзамсыз жашап жаткан 50 тажикистандык   жана  кыргызстандык жарандарды жашаган жерлеринен чыгарып салган.  Чыгаруунун себеби, мигранттардын мыйзамсыз негизде Орусиянын карамагына кирип алгандын айынан келип чыккан.

Орусиядагы атайын эличиликтин юрист-кеңешчиси Бакыт Молдожановдун «Клоопко» берген маегинде, мигранттарды  чыгарып салуу Москва шаарындагы Перснен райондук ички иштер бөлүмүнүн  аймагында болгон. Алар азыр аталган ички иштер башкармалыгында камакта экендигин кошумчалады.

Ички иштер башкармалыгынын билдириминде, баардык  мигранттар таңкы саат бештерде  коопту деп эсептелинген үйдөн чыгарып салынган.

«50 мигранттын баары Тажикистандын жана Кыргызстандын жарандары болгон. Алар авариялык абалда турган турак-жайда жашап келишкен», — деп билдирди Молдожанов Пресненстик ички иштер бөлүмүнүн сөздөрүн.

Мигранттарды чыгарып салуу боюнча кабарды  Орусиялык интернет-басмалар да жазып жатышат.

"Тверстик  бульварында 50  тажик жана кыргыз  жарандары  кармалган. Алар, бул жерде мыйзамсыз түрдө 17- үйдүн 4-бөлүмүндө  жашап жаткан",- деп билдирет "Интерфакс",  "Светлая Русь" кыймылынын баштоочусу Игория  Мангушеванын сөздөрүнө таяна.

«Газета.Ru», кармалгандардын саны 10 кишиге чейин азайганын айтат.

«Федералдык миграция кызматы текшерүү жүргүзүлгөндүгүн тастыктап,  алардын саны 10 кишиге чейин азайганын айтты», — деп жазган Орусия гезити.

Консулдук кызматтынын юристи, мигранттарды үйлөрүнөн чыгарып салуу Орусиянын федералдык миграция кызматы жүргүзүп жаткан  иш чаранын негизинде болуп өткөндүгүн билдирди. Ошондой эле, мигранттар Орусия аймагына мыйзамсыз негизде киргендигин кошумчалады.

«Азыркы тапта текшерүү иши жүрүүдө. Эгер, анын жыйынтыгында бул мигранттар мыйзамды биринчи жолу бузуп жаткан болсо, анда акчалай айып төлөп, жоопкерчиликтен кутулат. Ал эми, биринчи эмес бир нече ирет болсо, анда мыйзам бузуучулар негизинде  каралып,  Орусиянын өлкөсүнөн департацияланат», — деди юрист.

Кыргыз студенттерин чыгарып салуу

Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуудан соң, Орусиянын Ржев колледжинде окуп жаткан 300 Кыргызстандык студент 2011-жылдын 6-9-майна чейин студенттердин жатаканасынан чыгарып салынган. Үч күн бою студенттер колледждин дарсканаларында түнөп келишкен.

Анда, Ржев шаарындагы агрардык колледждин мүдүрү Сергей Жегуновдун «Клоопко» берен маегинде, жергиликтүү администрация жетекчилиги бул иш-чараны атайын жасап, элди коркутуу максатында кылганын айтты.

«Башка өлкөдөн элдер иштегени келсе, жергиликтүү калк кубанат. Ал эми башка жарандар окуганы келишсе нааразы болгондор көп болот. Мен окуу жайда 15 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Кыргызстандын жарандары келгенге чейин бизде эч кандай маселелер  болгон эмес», — деди Жегунов.

Бирок,  Орусиянын башчылары студенттерди жатаканадан чыгаруу, имаратта өрт коопсуздугуна ылайык ыңгайдын жоктугунан  улам болгонун айтат.

Студенттерди Орусияга жиберип, алардын башка өлкөдөн билим алуусуна көмөк көрсөтүү демилгеси, Кыргызстандын биринчи космонавты, Орусия жана Кыргызстандын баатыры Салижан Шариповко таандык.

Шариповдун айтымында, башка мамлекетке барып билим алуу мүмкүнчүлүк жолуна, өлкөнүн түштүгүндөгү улуттук кагылышуудан кийин багаар-көрөөрү жок калган балдар жана Кыргызстандын окуу жайларына документ тапшыра албай калган  бүтүрүүчүлөр жиберилген.

Автор: Айкөл Болотбекова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы
Сүрөттүн автору: Елена Скочило