Шайлоо-2011: БШК шайлоо жыйынтыгын чыгарды


Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 30-октябрында болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Өлкөнүн жаңы башчысы Алмазбек Атамбаев тактыга ушул жылдын 12-декабрын чейин олтурат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктарын расмий түрдө таанып, Атамбаевди президент катары каттады. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев жалпы добуштун 62,52 пайызына ээ болгон.

Экинчи орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 14,78% добушка ээ болуп, үчүнчү орунда 14,32% менен  Камчыбек Ташиев шайлоочулар добушуна ээ боло алган.

Кыргызстандын аймактарынан келип жаткан протоколдорду салыштыруу 2 ноябрда, шайлоо болуп өткөн соң болгон.

Атамбаев азыркы кезде, Кыргызстандын  примьер-министри болуп эсептелет.

Токтогуловдун айтымында, аркы жумадан тартып премьер-министр  бир жарым айлык эс алуудан кийин  кызмат ордуна келет. Ошондой эле, өлкө башчылык кызматында инаугурация  болгонго чейин иштейт.

2010-жылдын 27-июнунда өткөн референдумдун негизинде, Отунбаева Кыргызстандын өткөөл мезгилиндеги президенти болуп шайланган. Ал эми, Атамбаев  өлкө башчысы  Роза Отунбаеванын кызмат ордуна келет.

Атамбаев президент тактысына келген соң, парламент жаңы  коалиция түзүп, анын негизинде  биринчи вице-премьерди жана Жогорку Кеңештин төрагасын шайлап алуусу керек.

Жаңы ажонун басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов «Клоопко» берген маалыматында, алар чечимдин расмий түрдө жарыяланышын күтүп жатканын кабарлаган.

Атамбаевдин президенттик шайлоодо негизги каршылашы Адахан Мадумаровдун атайын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, азырынча расмий жыйынтыктар тууралуу эч нерсе айта электигин билдиришти.

«Анын мурун эл алдында чыгып айтып жүргөндөрүнө караганда, Мадумаров президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт», — деп маалымдашты талапкердин штабынан .

Президенттик шайлоодо жеңилип калган 8 талапкер, анын ичинде Мадумаров жана Ташиев, Атамбаевди "администрациялык  күч колдонгон" деп айыпташкан. Бирок, Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов,  айыптарды четке кагып, шайлоо-2011 Кыргызстанда ачык жана таза өттү,-деп  билдирди.

Ал эми, Ташиев шайлоо жыйынтыгы боюнча комментарий алууда байланышка чыккан жок.

Атамбаевадин   инаугурациясы

Конституциянын 58- беренесинин 1- бөлүмүнө ылайык «Жогорку Кеңеш жана президентти шайлоо» тууралуу мыйзамга карата, Алмазбек  Атамбаев   шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан соң, бир ай  аралыгында инаугурациядан өтүшү керек.

Ошондой эле Отунбаева, Атамбаевдин инаугурациялоо мезгилин да аныктады.

Анын айтымында, жаңы ажоонун инаугурациялоо  салтанаты, шайлоо жыйынтыгы жарыялынгандан кийин, 30  күн аралыгында болот.

БШКнын расмий токтомуна ылайык, президенттик кызмат ордуна отурган соң Атамбаевке,  атайын күбөлүк, төш белги жана Кыргызстандын желеги тартылган Штандарт берилет.

Боршайкомдун өкүлү Рашид Бекбасаровдун маалыматында, жаңы президенттин ант берүүсү 12-декабрга чейин өткөрүлөт. Инаугурациянын өткөрүлө турган күнү так белгилене элек.

Шайлоо-2011

Президенттик шайлоо Кыргызстанда ушул жылдын 30-октябрында өткөрүлүп, ага 16 талапкер катышты. Атамбаевдин жеңиши көпчүлүк мыйзам бузуулар үстүндө өткөрүлдү дешет анын каршылаштары.

"Шайлоо таза эмес өттү",- деген арыз, даттануулар бир гана өтпөй калган талапкерлер, митингчилер тарабынан эмес, көз карандысыз байкоочулардан да болгон.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» укук коргоо коалициясы, эң аз дегенде 2 жолу массалык бююлетен таштоо каталган деп билдирет.

ОБСЕ жана  Европаламент эл аралык байкоочулардын баамында, шайлоочулар өз аты-жөнүн тизмеден таппай калып, добушун бере албай кетип жаткандыгында болду.

Башка бузуулар болуп бул- баш бармака сүртүлүүчү  маркировканын коюулушу  эсептелди.

Бирок, байкоочулардын айтымында, Кыргызстанда  болуп өткөн шайлоо "таза" өттү деп айтылат.

Бирок, байкоочулардын айтымында, Кыргызстанда болуп өткөн шайлоо "таза" өтүп,  айрым жетишпестиктер шайлоонун жыйынтыгына таасир берген жок.

Автор: Улугбек Акишев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы
Сүрөт: «Азаттык» сайтынан алынды