УКМК: Өзгөндө мылтык жана ок-дары жасаган кыргыз жараны кармалды

12-ноябрь күнү улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан колго жасалган ок-дары жана мылтыктар Оштогу Өзгөн шаарынын тургунунан табылып, кармалган. Бул адатагыдай эле улуттар аралык кагылышуудан кийин атайын өткөрүлүп келүүчү иш-чаранын негизинде болгон. 2011-жылдан бери Ош облусу боюнча 90 тапанча жана мылтыктар элден кайтарылып берилген.

Улуттук коопсуздук кызматынын пресс-катчысы билдиргендей, изилдөөнүн негизинде аты аталбаган,  кармалган жарандын  үйүнөн эки граната, атайын механизмдин негизинде жардырууга даяр болгон жардыргычтар табылган.

«Ошондой эле эки мылтык, 716 килограмм жардыргычтардын даяр компоненттери, төрт детонатор, түрлүү патрондор жана жардыргычтарды күйгүзүп даярдоо үчүн кошулма детонаторлор бар экени билинди», — деп кабарлайт УКМКнын пресс-кызматы.

Аталган кызматтын билдириминде, кармалган адам Кыргызстандын жараны болуп, 1973-жылы туулган. Азыркы тапта ал Ош облустук убактылуу абакта  кармалууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын божомолдору боюнча, кармалган адам эл аралык террористтик же кылмыш топторунун мүчөсү болушу мүмкүн, деп шектелүүдө. Ошондой эле, 226 [терроризм] жана 241 [Мыйзамсыз ок-дары сактоо, аны ары-бери алып жүрүү] беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.

Ички иштер башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан Ош облусу боюнча 2011-жылдын ичинде 90 мылтык, тапанчалар жана миңдеген патрондор элден кайтарылып алынган.

Ок-дарыларды өз каалоосу менен өткөрүп берүү

2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык кагылышууда  426 адам каза болгон.  Ички иштер министрлиги ок-дары жана мылтыктарды өз каалоосу менен өткөрүп бергендерге акчалай сыйлык бериле тургандыгы тууралуу маалымат жарыялаган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, кимде-ким мылтыктарын өз каалоосу менен өткөрүп берсе аларды жоопкерчиликке тартпайбыз,- деп кошумчалаган.

Министирлик ошондой эле, өз эрки менен катталбаган мылтыктарды өткөргөндөргө 10 миң сом, тапанчалар үчүн 5 миң сом, граната жана аң уулоо үчүн багытталган мылтыктар үчүн 3 миң сом берилет,- деп кошумчалаган.

Бирок, серепчилердин бири Тажимурза Батырбеков, ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланып, өткөрүлүп жаткан иш-чара «эч кандай жыйынтык бербейт»,- деген ишенимде.

«Бир эле жолу мындай иш-чараны өткөрүп койгондо эч кандай жыйынтык болбойт. Менин оюмча бул эффективдүү эмес», — деп билдирди Батырбеков «Клоопко» берген маегинде .

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалай Нурбаевдин берген маалыматына караганда, облустук ички иштер башкармалыгында азыркы тапта 619 ок-дары жана мылтыктар катталган. Алардын ичинен 11 курал жарак эл тарабынан кайтарылып берилген. Алар, АК-74 үлгүсүндөгү автомат, Макаров атындагы 5 тапанча, жана ИЖ-17   32 калибрадагы  аңуулоо мылтыктары кайтарылган.

Автор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы