КТРК «Биринчи каналды» трансляциялоосун жандандырды


Борбордук шайлоо комиссиясы 12-ноябрь күнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарялагандан кийин, коомдук канал Орусиянын «Биринчи» каналыныны берүүсүн жандандырды. Шайлоонун жүрүшүндө канал бир саат кечигүү менен эфирге чыгарылып турган. Серепчилердин билдириминде, «Биринчи каналды» трянсляциалоосун коомдук канал 30-октябрда шайлоо бүтөөрү менен кайра түз эфирге алып чыгышы керек болчу.

Коомдук телерадиокорпорациянын техникалык жактан мүдүрү Бахтияр Алиев, КТРК Орусия телеканалынын берүүлөрүн түз эфирде көрсөтүүсүн жандандырганын тастыктады. Ал 8-октябрда берген маалыматында, Алиев шайлоо тууралуу жаңы мыйзам жоболоруна ылайык КТРК, президенттик шайлоонун жыйынтыгы БШК тарабынан жарыялангандан кийин гана чет элдик берүүлөрдү жаздырып албастан, түз эфирде берип баштайт деп билдирген.

«13-ноябрда түнкү саат он экиден кийин КТРК Орусиянын ОРТ каналындагы берүүлөрдү түз эфирде көрсөтүп баштады. Биздин телеканал шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыяланышын күтүп жаткан», — деп билдирди Алиев «Клоопко» берген маегинде .

Техникалык башчынын билдирүүсүндө, берүүлөрдү жаздырып алып, эфирге алып чыгуу үчүн керектелген жабдыктардын баары Орусияга жиберилди.

«Орусиядагы ОРТнин кызматкерлери эфирди жаздырып, аны көрүп чыгарууга ылайыкташтырылган атайын жабдыкты алып кетишти», — деп кошумчалады ал.

Шайлоо бүтөөрү менен «Ала-ТВ» кабелдик каналы үгүт иштери учурунда көргөзүүдөн алынып салынган чет элдик каналдардын көрсөтүүлөрүн жандандырып, «Евроньюс» жана Си-Эн-Энди да кайра көрсөтө баштаган.

«Үгүт иштери бүткөндөн кийин биз дароо эле көрсөтүүлөрдү эфирге бердик», — деп билдирди аталган каналдын мүдүрү Василий Гончаров.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамда жазылган жоболордун улам өзгөрүүлөрдү талап кылган. Ага ылайык чет элдик массалык маалымат каражаттарына үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбеген. Жергиликтүү телеканалдар чет элдик көрсөтүүлөрдү жаздырып алып, талапкерлердин «кадыр баркына шек келтирген» жерлери кездешсе, аны эфирден алып салуу кажетти болгон.

Мыйзамдын өзүндө,  жаздырып алып ретрансляциялоо шайлоо жүргузүлүп жаткан учурда болуп турушу керек деп жазылгандыгына карабастан, анда бул мезгилге кайсы убакыттар кире тургандыгы так жазылган эмес.

Мыйзам бузуулар

«Медиа Полиси» институтунун серепчиси Надежда Алишева,  КТРК Орусия телеканалдарнын берүүлөрүн 30-октябрдагы президенттик шайлоо аяктагандан кийин дароо башташы керек болчу деген оюн билдирип, бул мыйзам шайлоо учурунда гана иштеши керек деди.

«Берилген мыйзам 30-35 күндө туруктуу болуп иштеши керек. Шайлоо тууралуу мыйзамда Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүп жаткан чет элдик телеканалдарда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат деп жазылган. Бул нерсе шайлоону жарыялоо жана добуш берүү күнү менен аякташы керек», – деди серепчи.

Медиа-акыйкатчы Акмат Алагушев Алишеванын айткан оюн колдоо менен, КТРКнын бул кылган иштерин мыйзам бузуучулук катары кароого болбойт деген ойдо. Анын айтымында, шайлоо тууралуу мыйзамда бул мөөнөткө кайсы убакыттар кирээри так жазылган эмес.

КТРК шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыялана турган мезгилге чейин алдын-ала даярданып алалы деген ой менен Орусия телеканалдарынын берүүлөрүн түз эфирде берип баштаган жок дейт медиа-серепчи.

«Шайлоо болгон жок деп БШК жарыялап коюшу мүмкүн эле. Анда экинчи тур өткөрүү тууралуу айтышмак», — деди серепчи.

Ретрансляциялоо жөнүндө мыйзам

Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери 26-сентябрда башталаары менен Коомдук телерадиокорпорация Орусияляк телеканалдардын берүүлөрүн жаздырып алып, эфирге чыгаруусун баштаган.

Атайын жабдыктардын жоктугунан улам «Ала-ТВ» кабелдик тармагы чет элдик каналдардын берүүлөрүн убактылуу эфирге алып чыгууну токтоткон.

«Долон» жана «Смарт» деген аталыштагы Бишкектеги эң ири кабелдик каналдары дагы 25-сентябрдан 30-октябрга чейин жабдыктардын жоктугунан улам чет элдик каналдарды алып көрсөткөн жок.

Жаздырып алып эирге чыгуу боюнча коюлган мыйзам Кыргызстандагы ММКлар арасында бир нече нааразычылыктарды туудурду. Орусиянын НТВ каналындагы көрсөтүүлөрдү алып көрсөткөн НТС телеканалынын мүдүрү Бакыт Аманов, мыйзамды «адам укуктарын бузуу» деп атады.

Чет элдик телеканалдарына койгон чектөөлөр тууралуу, мыйзамдын автору Өмүрбек Текебаев төмөндөгүдөй түшүндүрөт.

Башка өлкөлүк ММК маалыматтын толук өзөгүн билбей туруп, элге туура эмес маалымат таркатып коюшу ыктымал. Анын айтымында эгер мындай учурлар болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча ал ММК тиешелүү жазасын албай калат.

Текебаев өзү 2010-жылы болгон шайлоодо жабыр тарткан. Ал мезгилде Текебаевдин партиясы бешинчи орунга илинип, Жогорку Кеңеште депутаттык мандаттын эң аз бөлүгүн алган.  «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев белгисиз айым менен жыныстык катнашта болуп жаткан учуру көрсөтүлүп, партиянын аброюна шек келтирилген.

Автор: Айкөл Болотбекова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы