Кыргыз-казак чек арасы: Чек арачылар элдерге «орой» мамиле жасоодо


Кыргыз-казак чек-арасынан өткөн инсандар, өткөрүү пунктарындагы кызматкерлер жарандарга орой мамиле жасап жатат деп нааразы. Казахстандын чек-ара кызматы болгон кырдаалды комментарийлөөдөн баш тартса, кыргыз чек- арачылары бул тууралуу маалыматты четке какты.

«Клооптун» кабарчысы Фарида Лансарова кыргыз-казак өткөрүү пунктунда 14-ноябрь күнү 1000 ашуун киши чек арадан өтө албай бир нече саат турганын билдирди.

«Чек арачылар баштыктарды ачкыла деп, анан баарын аңтарып-теңтерип атышат. Мындай эч убакта болгон эмес», — деди «Клооптун» кабарчысы.

Лансарованын айтымында, элдин көптүгүнөн улам чек-арада кезекте турган эл топтолуп,  баш аламандык болууда .

«Казак чек арасына жеткенде ызы-чуу болуп жатканы байкалат. Эл бири-бирин түртүп, кыйкырып, балдар ыйлап жатат. Бир аялга элдин арасына тургандыктан улам жаман болуп, эс учун жоготуп койду», — деди Лансарова.

Анын айтымында казактын чек- арачылары окуяны комментарийлөөдөн баш тартты.

«Алар чек-арадан өтүүнү каалагандар өзүлөрү күнөөлү. Алардын айтымында негизинен адаттагыдай 500 киши өтпөстөн, бул күнү 40 миң киши өтүүгө аракетенүүдө», — деп кабарчы чек арачылардын биринин сөздөрүн таяна кабарлады.

Орусиянын жараны Рита дагы, өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин алып барган ишине нааразы экенин билдирди.

«Казак бажы кызматында болуп жаткан окуя албетте жаман, сөз жок. Эч кандай тартип жок. Элдер бири-бирин жөөлөп, түртүп жатышат. Мен көптөгөн чет өлкөлөргө баргам, бирок мынчалык ызы-чууну көргөн эмесмин. Чек арачылар бат-баттан иштесе кезекте тургандар азайып, ушунчалык кым-куут жок болот эле», — деди ал.

"Кызматкерлер жөн турушат. Алар жай кыймылдап өз билгендей иштешет. Эгерде, алар бат-баттан  кызмат ишин аткарышса кезектөөчү катар да аз болмок. Ал эми, аларга баары бир",-деп кошумчалады жаш айым.

Бишкектеги ЖОЖдордун биринде окуган Казакстандык Григорий, өткөрүү пунктундагы ызы-чуу Казакстанга оор жүктөрдү алып кирүүнү аракет кылган соодагерлердин көптүгүнөн улам болууда дейт.

«50 килограммдан ашык жүктү ары-бери ташууну аракет кылган ортомчулар, соодагерлер ушундай кырдаалды түзүп жатышат. Кыргызстандын жана Казакстандын чек арачылары ортомчулар менен күрөшүүгө аракеттениши керек», —деди Григорий.

Чек араны кайтаруу иштери

«Кордай» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек-ара кызматкерлери элдин көптүгүн жана алардын нааразычылыгы эмнеде экенин түшүндүрүп берүүдөн баш тартты.

Кыргызстан чек-ара кызматынын ыкчам нөөмөтчүсү Эльдияр Саяков түзүлгөн кырдаал , боюнча маалыматты четке какты.

«Чек арада эч кандай ызы-чуу, түшүнбөстүктөр жок. Баардыгы өз калыбында эле иштеп жатат», — деди Саяков.

Кыргызстандын УКМК башчылыгы 14-ноябрда Таразда болгон теракттан улам Казакстан менен болгон чек арадагы иштерди каттуу көзөмөлдөө жүргүзүүгө буйрук берилгенин билдирди.

Жамбыл облусундагы Тараз шаарында 12-ноябрь күнү күндүзгү саат он чамаларында белгисиз адамдар тарабынан обсултук администрация мекемесине, улуттук коопчуздук департаментине, борбордук гастроном, «Отрар» дүкөнү жана ЗАГС имараттарына жардыргычтар ташталган.

Кыргызстан УКМКнын маалыматты боюнча, белгисиз адамдар Кыргызстандын аймагына жашынып калышы мүмкүн.

2010-жылы Казакстан бажы кызматташтыгына киргенден улам «Дордой» соода базарынан алып кирилип жаткан товарларды да текшерүү күчөтүлгөн.

Бажы союзунун эрежелерине ылайык,  ар бир адам 50 килограммга чейинки жүктү Казакстанга алып кире алат, ал эми андан аша турган болсо, аз дегенде ар бир килограммына 4 евро төлөйт. Бул товардын түрүнө жараша болгон жобо ортомчулдардын арасында нааразычылыктарды жаратууда.

Ташып өткөрүлүүчү товарларга төлөнүүчү товардын акчасын азайтуу максатында Кыргызстандыктар алардын ар бирин 50 килограммдан ашырбай атайын кутучаларга салып, даярдап алышууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы элдин чоң кезегин жараткандардын көбүн 50 килограмм жүк көтөргөн ортомчулар түзөт.

Авторлор: Тилек Аземов, Сеиль Шералиева, Диана Рахманова, жана Farido4ka
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гулмидин кызы