Инфраструктурасы өнүкпөгөн катаал климаттык шарттагы бул аймакта айымдар оор өндүрүштө иштеп жана өз бизнесин ачууга каражат издеп келишет.
38 жаштагы Махабат Нарын облусундагы Солтон-Сары айылында жашайт. Жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү алтынды үй шартында иштетишет. Махабат айылдаштары тоодон алынып келген топурак-таштарды жууп, алтын тыпынчаларын кылдаттык менен бөлүп алат. Күнүнө ал ондогон килограмм топуракты тазалоодон өткөрөт.
Махабаттын айтымында анын жолдошу ден соолугуна байланыштуу жумушка жарамдуу эмес, ал эми үй бүлөөдө мектепте окуган дагы төрт баласы бар.
«Айылдаштарым мага алтыны бар кум алып келип турушат. Бул абдан оор жумуш, бирок менин маянам мен жууп чыккан кумдун көлөмүнө көз каранды», — деди ал.
Махабат айыл жергесинде башка акча табуу булактарынын жок болгондугунан ушул оор жумушта иштей турганын кошумчалады.
«Биз пенсия, пособия дагы албайбыз. Акырындык менен алтын да азайып бара жатат. Эгер алтын жок болсо, бизге жумуш дагы жок болот. Балдарды багыш керек, жолдошумду дагы убагында дарылап туруу зарыл. Дары-дармектерге эле 5-6 миң сом сарпталат. Бир кап ун 10-15 күнгө жетет, балдар дагы жакшы тамактанышы керек. Менин тапкан акчам жетишпегендиктен, кээде акчаны карызга алууга туура келип калат», — дейт Махабат.
Махабаттын аймытында курамында алтыны бар кум-топуракты ага кошуналар алып келип берет.
«Мен бир айда 10 кап топурак жууйм. Канча акчага арзый турган алтын тазалаганымды айтышпайт. Тиричилик кылганга жеткидей кылып аздан акча берип коюшат», – деп Махабат «Клоопко» берген маегинде ой бөлүштү.
Бул айымдын бир айда иштеп тапкан акчасы 2 миң сомдун тегерегин түзөт.
Эркектердин иши
4
Нарын шаарындагы жергиликтүү кооперативде отуздан ашуун үй-бүлө топурактан кирпич куюп, аны сатуу менен алек болушат. Кооперативке тиешелүү болгон участокто Айнаш жана Нуриза мырзалардын арасында кирпич куюп, аны атайын формасына салып кургатышат.
«Бир куйма кирпичти 8 сомдон сатабыз. Бизге эч ким жардам бербейт. Жакшы жашоо үчүн ушинтип атат дейсиңерби?», – деп билдирди кооперативдин жумушчуларынын бири Темирбек Исмаилов .
Жер ээси жана кооперативдин түзүүчүсү Жыргал бул ишти элди жумуш орду менен камсыз кылуу жана аларга акчалай жардам берүү максатында ачкан.
Айнаш мындан тышкары башка жумуш жок экенин билдирди.
«Кирпич сатуу менен биз балдарыбызды мектепке даярдап, алардын ЖОЖдогу контракттарын төлөйбүз. Куйма кирпичти айылдыктар ошондой эле Нарын шаарынын жашоочулары үй куруу, сарай, тосмо салуу үчүн сатып алышат», – деп билдирди Айнаш «Клоопко» берген маегинде.
Нарын облусу Кыргызстандын төрттөн бир аймагын түзүп, ызгаардуу климаттык шарттары менен өзгөчөлөнүп турат. Анын 70%дан ашык аймагын тоолуу жерлер түзөт. Кыштын узактыгы алты айдан сегиз айга чейин созулат. Жай мезгили үч ай гана болуп, абанын орточо температурасы 15 градус жылуулукту түзөт.
Бириккен улуттар уюмунун жакырчылыкты жоюу боюнча программасынын берген отчетуна ылайык, Нарын облусунда 5%дан ашуун Кырызстандын калкы, тактап айтканда 200 миң киши жашайт. Элдин аздыгына карабастан облуста жумушсуздардын саны башка аймактарга караганда бир кыйла жогору. Мындан улам облустун тургундары башка облустарга, чет өлкөлөгө жакшы жумуш табуу максатында кетүүгө аргасыз.
Аймактагы өнүкпөй калган инфраструктура, өндүрүштүн жоктугу жана жумуш ордуларынын аздыгы элди башка акча табуу булактарын издөөгө мажбур кылууда.
Донор издөө
Ат-Башылык Бүбүсайра Солкоева жапайы жер-жемиштерди кайра иштетүүчү жана маринадтарды даярдоочу цех ачкан.
«Ат-Башынын жанындагы токойдо жапайы бүлдүркөн, ит мурун, чычырканак бар. Аларды көрүп, аны иштетип чыксак эмне болот деген ой келди», – дедид Бүбүсайра.
Ал БУУнун өнүтүрүү программасына аталган жапайы жемиштерди иштетип чыгууга багытталган атайын долбоор жазып жиберген. Ал колдоого алынган, бирок аны ишке ашыруу үчүн өз каражаттарын дагы кошушу керек болчу.
«ПРООН мага 334 миң сом бөлүп берди, өзүм 400 миң сом таап, «Витамин» деген аталыштагы кичи цехти ачтык. Аз камсыздалган, көп балалуу үй-бүлөлөргө жумуш берүү максатында жумушсуз айымдарды тандап алдык», — деди Бүбүсайра Солкоева.
Эмгек кодекси боюнча, Нарын облусу тоолуу аймак болгондуктан жергиликтүү айымдар 45 жаштан пенсияга чыгат.
Кичи ишкананын ачылышына чейин 30 жыл аралыгында Бүбүсайра жергиликтүү мектептердин биринде эл агартуучулук кесипти аркалап, пенсия жашына жеткенден кийин деле 5 жыл мугалимдик кесибин таштаган эмес.
«Эгер мен мурун иштеп, үйгө киреше алып келе турган болсом, азыр пенсияга чыккандан кийин каражат жетишпей, дагы акча керек болуп калды. Менин долбоорум бир гана акча табуунун жолу эмес ошондой эле Ат-Башы элин керектүү витаминдер менен камсыз кылуу. Биз жапайы мөмө-жемиштерди кайра иштетпесек, аларды канаттуулар жеп же жерге түшүп чирип калмак», – дейт ишкер айым.
Эмгек шарттары жок
«Совет доорунда пособия төлөнүп, айымдарды аячу. Азыр оор жумушта иштеп кыйналган айымдар көбөйдү»,- дейт социалдык маселелр менен алектенген журналист Бермет Маткеримова.
«Мурун кары-картаңдарды, кичине балдарды жана аялдарды аяп, оор жумуштарды жасатышкан эмес. Үй-бүлөөсүн багуу максатында азыр айымдар оор жумуш жасап, акча табуудан тартынбайт», – дейт Маткеримова «Клоопко» берген маегинде.
Анын айтымында, оор жумуш жасап кыйналгандыктан улам, айымдар көп ар түрдүү ооруларга чалдыгат.
«Катуу жумуш жасаганда аялдар ооруп, балдары ден-соолугу начар болуп төрөлүшү мүмкүн экенин бир да адам ойлоп койбойт. Ал эми жашы келип калган аялдардын өзүн кароого абалы жок, балдарын карашы керек, үй-бүлөнү багуу дегендей. Ден-соолукка зыян келтирген жерлерде да иштеген айымдар жок эмес», — деп эсептейт журналист.
Маткеримова, аялдардын укугун коргоп, аларга эмгек ыңгайларын, шарттарын түзүп берген атайын уюмдар жок деп билдирет.
«Аялдарга мындай учурларда жардам берген умдар бар болду бекен деп ойлонуп көрдүм. Андайлар жок. Көпчүлүк түзүлгөн уюмдар гендердик теңсиздик суроолорун козгоо менен алек», – деди ал.
Жумуштуулук жана миграция министрлигинин берген маалыматы боюнча, Нарын облусу экономикалык жактан эң төмөн өнүккөн жана элдин жумуштуулугу Республика боюнча аз көрсөткүчтү көрсөткөн өрөөн болуп саналат. Экономикалык жактан активдүү 100 миң жарандын ичинен 80 миң адам гана иш менен камсыз болгон.
Минстрликтин маалыматында, калкты иш менен камчыздоонун эң эле эффективдүү жолу, бул насыя берүү жана жеке ишкерликти өнүктүрүү.
2011-жылдын башталышынан бери 127 ишсиз адам 30 миң сом өлчөмүндөгү насыяны 10% жылдык үстөгү менен алган.
Жардам берүү топтору
Нарындагы Жерге-Тал, Он-Арча суу кошундарын, жайыттарын өнүктүрүү боюнча «Кэмп Алатоо» коомдук фондунун координаторунун ассистенти Саламат Жумабаева, жергиликтүү айымдар бири-бирине жардам берүү тобундагы айымдардын жардамы менен алдыга жылууга мүмкүнчүлүк табат деди. Азыркы тапта мындай кошуундардын саны тогузга жеткен.
«Мындай топторго онго жакын айымдар кирет. Алардын ар бири ортого акча койгондо, көрүнүктүү эле акча болот. Анын жардамы менен алар кандайдыр бир жеке ишкерлик, тикмечилик жана башка жумуштарды алгылыктуу иштетип кете алышат», – деди координатордун ассистенти.
Серепчинин айтымында, бири-бирине жардам берүү топторунун өкүлдөрү биригип алып, айылдарга барып, акча табуу жана жеке ишкерчиликти баштоо жолдорун элге айтып беришет.
«Алардын өзүнчө бухгалтери бар, ал атайын каражаттарды сарыптоолор боюнча отчетторду жасап турат. Ар бир айда алар чогулуп, каражаттар кайсы багытта сарыпталышы керектиги тууралуу максаттарды бирге талкууга алышат», – деди Саламат Жумабаева.
Жумабаеванын оюнда элдин көпчүлүгү бири-бирине жардам берүү тууралуу топтордун алып барган иштери тууралуу билбегендиктен улам оор жумуштарда иштешет.
«Аймактарда жетиштүү жумуш орундары жок. Бири-бирине жардам берүү топторун көпчүлүгү билбейт же аны түзө алышпайт. Анткени аны баштоо үчүн каражат керектелет», – деди серепчи.
Кооперативдердеги жумуш
Нарындын Кара-Коюн айылынын тургуну Ажарбүбү Бейшеналиевага келээрки жылы 60 жыл толот. Ал 1975-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктап, өз айылында физика боюнча мугалим болуп иштей баштаган.
Швейцариянын айылды өнүктүрүү долбоору боюнча Ажарбүбү 11-жыл кеңешчи болуп эмгектенип келген. Бара-бара кийизден жасалган кооперативдин башчысы болуп калган жана азыркы кезде кичи ишкананы жетектейт.
«Менин кеңешчи болуп иштегеним чакан ишкерликти баштоого түрткү берди. Анткени экономика, маркетинг, айыл-чарба, мал чарбачылык деген сыяктуу тармактарда иштеп калдым, кийин мен долбоорлорду кандай жазшты үйрөндүм», — дейт ишкер айым.
Бейшеналиеванын долбоору жактырылып, кооперативди каржылоого каражаттар бөлүнүп берилген.
«Азыр биз шырдак жасап, илгертеден калган салт боюнча улуттук оймо-чийме саймаларын жасайбыз. Биз аял кишинин колунан келе турган нерселердин баарына жасап, кыздын себин да камдайбыз», — дейт Бейшеналиева.
Айымдын айтымында, кооперативдин ишин алгылыктуу кылып, ишти өркүндөтүү үчүн атайын жабдыктар да бар.
«Түзүлгөн учурда бизде болгону 6 киши иштеген, кийинчерээк 2008-жылы Азия өнүктүрүү банкынын долбоору ишке ашып, кооператив түзүлдү. Азыр мезгилдүү эмес, дайыма иш менен бизде 33 адам камсыз болуп турат. Кооперативде жүндү жууп, тыта турган атайын жабдыктар болуп, ишибиз кыйла жеңил болуп жатат», — деп Бейшеналиева бизге берген маегинде билдирди.
Бейшеналиеванын үй-бүлөсү чоң. Анын эки уулу, үч кызы бар жана неберелерди чоңойтуп жаткан кези. Ал эми өмүрлүк жолдошу дагы долбоордун негизинде айыл-чарба уюмунда иштеп келет.
Автор: Айдай Токоева
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы