Өлкө башчысы Роза Отунбаева, 20-октябрда абактагыларды кармоо тууралуу мыйзамдагы өзгөртүүлөргө кол койду. Ага ылайык тергөөчүнүн макулдугусуз абактагылар өз жактоочулары менен кезиге албайт. Ал эми укук коргоочулар, бул- адам укуктарын бузуу болуп эсептелет,- дешет
Президенттик расмий сайтындагы көрсөтүлгөн маалыматка караганда, өзгөртүүлөр «Кылмыш иштерине баргандыгы үчүн айыпталып же шектелип жаткан жарандарды абактарда кармоо» шарттары тууралуу мыйзамдын 17-беренесине киргизилип, анда жактоочу кармалган адам менен кандай учурда кезиге алаары берилген.
3-октябрда өткөн адам укуктары боюнча комитетинин отурумунда, абактагы шектүүлөрдү кармоо шарттары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууга алынганы Жогорку Кеңештин расмий интернет баракчасында жарыяланган.
Парламенттин сайтына таянсак мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча демилгечи болуп — Асия Сасыкбаева, Асилбек Жээнбеков, Бөдөш Мамырова, Бахтияр Кадыров, Ширин Айтматова, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков жана төрага — Ахматбек Келдибеков чыккан.
Бирок эл өкүлдөрү Ширин Айтматова жана Бөдөш Мамыров, аталган отурумда жактоочу кармлаган жаранга кандай шарттарда кире алга тургандыгы тууралуу бөлүмгө өзгөртүүлөрду киргизип, анын кандай талкууга алынгандыгын укпагандыгын билдирди.
«Мындай мыйзам долбоор жок. Ушундай кантип болсун? Адамды кармагандан кийин анын күнөөсү бардыгы же жоктугуна карабастан кармалган соң, бир мүнөттөн кийин ал жактоочусу менен жолугууга укуктуу», — деп нааразы болду Мамырова.
Отурумдун комитетинде докладты депутат Дастан Бекешев окугандыгы аталган сайт көрсөтүлгөн. Бирок Бекешев, комитет бул мыйзамды караган эмес деп билдирет.
«Мен муну кайра текшеришим керек, анткени биздин комитеттен мыйндай нерсе өткөн эмес. Депутаттар ушул сыяктуу өзгөртүүлөрдү киргизгенин уккан эмесмин, балким аны өкмөт киргизген», — деди комитет башчысы.
Ал эми өкмөттөн, мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча суроолор менен президенттин аппаратына кайрылуу керектигин билдирди.
Президенттин аппаратынын алдындагы укуктуулук менен камсыз кылуу бөлүм башчысы Эркинбек Мамыров «Клоопко» берген маегинде, тергөөчүдөн уруксаат алуу жолдорун түшүндүрүп берди.
«Мыйзамда айыпталуучу менен кезигүү үчүн биринчи тергөөчүдөн уруксаат алуу керек деген бөлүм жок. Адвокаттар тигил же бул жоопкерчиликке тартылып жаткан жарандын жактоочусу экендигине тастыктоо алат», — деди Мамыров.
Укук коргоочулардын көз карашы
«Эркиндик үнү» укук коргоо борборунун башчысы Сардар Багишбеков «Клоопко» берген маалыматында, жакында укук коргоочулар 17-беренедеги өзгөртүүлөргө туш келип, андагы жаңыртуулар адам укуктарын бузууда деп билдирди.
«Ар кандай себептер менен жок болуп кетип турган тергөөчүнүн аркасынан эми адвокат жүгүрүшү керекпи. Аны тапкан күндө деле ИИБ концеляриясына барып, документке мөөр бастырып, ары-бери жүргүчө уруп-соккондун изи да калбай калат», — деди укук коргоо борборунун жетектөөчүсү.
«Жарандар коррупцияга каршы» борборунун башчысы Төлекан Исмаилова кесиптешинин айткандары менен макул болуп, мыйзамдын иштебеши үчүн чараларды колдоноорун айтты.
«Бул адам укуктарын бузуучулукка алып келиши мүмкүн. Кыргызстандын эл аралык жоопкерчилигин депутаттар буза албайт. Милиция реформалашып, элдер укук коргоочулардан коркпошу керек», — деди Исмаилова.
Азимжан Аскаровдун иши менен белгилүү болгон юрист Нурбек Токтакунов, мыйзамга өзгөртүү укук коргоочулар тарабынан киргизилген деген ойдо.
«Мындай чечимдерди мээси иштебеген биздин парламент кабыл алып жатат. Азыркы заманда көпчүлүк, керек болсо прокурор өзү абакка түшүп калышы мүмкүн», — деди адвокат.
Анын оюнда 17-берене — «совет доорунан калган», ал учурда жактоочулар формалдык ролду ойноп келишкен. Токтакунов, өнүкөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал катары айтып өттү, ал жерде адвокат айыпталуучуга кирүү үчүн бир гана күбөлүгүн көрсөтүүсү жетиштүү.
Абактарда адам укуктары боюнча акыйкатчынын аппаратынын кызматкери Альберт Колопов, укук коргоочу адистердин ою менен макул экендигин билдирди.
«Мен бул мыйзамга каршымын. Кантип болсун? Тергөөчүнү издегиче кармалган адамды кыйнап-кыстап коюшат. Бул калмалган адамдын өзүн коргоого болгон укуктарын бузат», — деди аппарат кызматкери.
Ички иштер министрлигинен мыйзам алар тараптан колдоого алынгандыгы тууралуу так комментарий берген жок. Бирок, мыйзам кабыл алынган соң ага баш ийүү керек деди.
2011-жылдын күз айларында Казакстандын бийлиги Кыргызстан тарапка адам өлтүрүүгө шектүү деп айыпталып жаткан Орусиянын жараны Николай Валетовду өткөрүп берген. Ал 2005-жылы кыргыз тергөө изоляторунан качып кеткен.
Айыпталуучу кайтарылгандан кийин анын жактоочусу бир нече жолу байланышууга аракет кылган, бирок мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендиктен улам адвокат Валетовко кире алган эмес.
Кийинчерээр 15-ноябрь күнү жактоочу акыйкатчынын аппаратынын кызматкери менен биргеликте Валетов менен жолугушууга аракет жасаган. Бирок, жактоочусун киргизген эмес. Аталган аппараттын кызматкерлери гана шектүү адам менен маек куруп чыгууга шарт болгон.
Авторлор: Диана Рахманова жана Любовь Шевченко
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы