Милиция кызматкерлери кыйноого учураган адамды ооруканадан алып качкан


Ак-Суу районунун тургуну, адам өлүмүнө шектүү деп айыпталып жаткан Руслан Оторбаевди жергиликтүү ооруканадан 10-ноябрда алып качкан. Укук коргоочулар, айыпталуучуну ички иштер районудук бөлүмүндө суракка алынгандыгын билдирип, милиция кызматкерлери алып качанын айтышууда. Дайынсыз кеткен Оторбаев азыркы тапка чейин табыла элек.

Каракол шаардык укук коргоочу Камиль Рузиев атайын жүргүзүлгөн мониторнгдин жыйынтыктары боюнча «Клоопко» берген маалыматында, бир катар укук коргочулардан турган топ, адам өлүмүнө шектүү делген Руслан Оторбаев жана Жеңишбек Жумабековко карата Ак-Суу РИИБ тарабынан кыйнап-кыстоолор колдонулганын билдирет.

Рузиевдин айтымында, милиция кызматкерлери укук коргоочулардан айыпталуучуларды уруп-согуу болгондугу жөнүндө эч нерсе айтпоосун өтүнгөн. Бир аз өтпөй Ак-Суу райондук прокуратура кызматкери милициянерлерди чакырып, жабыркагандардын алдында кечирим сураттырган.

Мониторингдик топ, Оторбаевди Жумабековдун агасы Жыргалбек менен жергиликтүү ооруканага жеткириген. Рузевдин айтымында, ошол жерден жабырлануучуну уурдоо болгон.

«Мен хирургия бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшкөндө Русланды уурдап, аны белгисиз тарапка алып кеткенин айтты», — деди укук коргоочу.

Адам уурдоого күбөө болгон Жыргалбек Жумабеков,  «Эркиндик үнү» укук коргоо борборуна берген интервьюсунда, ооруканага Ак-Суу РИИБсинин 15тен ашуун милиция кызматкерлери келип, Оторбаевди күчтөп алып кеткенин айткан.

Укук коргоочулардын айтымында ооруканага келген  башка адамдар, имаратка милиция кызматкерлери кирип келгенин көрүшкөн.

"Азыркы кезде Руслан Оторбаевдин кайсыл жерде экени дайынсыз",-деп кабарлады "Эркиндик үнүнүн". кабарчысы Дениз Гатауллин

Айыпталуучуларга каршы кыйноолор

Укук коргоочулардын билдирүүсүндө, Оторбаев жергиликтүү милиция бөлүмүндө суракка алынгандан кийин уурдалган.

«2011-жылдын 9-ноябрында мени түштөн баштап кечкиге чейин милиционерлер уруп-согуп, ал эми кечинде 10-ноябрда кайра суракка келесин деп кое беришти», — деп мындан бир аз мурун Оторбаев «Эркиндик үнүнө» маалымат берген.

Сүрөттө Оторбаевдин колу көрсөтүлгөн.  Шектелүүчүнү ооруканадан алып кеткеткенге чейин, укук коргоочу Камиль Рузиев тарабынан тартылып алынган. 

Адам өлүмүнө шектүү делген башка айыпталуучунун бир тууганы Жыргалбек Жумабековдун айтымында,  милиционерлер Оторбаевди кыйнап кыстап, мазактап Шахты-Жыргалаңдын тургунунун өлүмүн өз моюнуна алуусун талап кылган.

Жыргалбектин айтымында, милиционерлердин кыйнап кыстоосунан бир тууганы Жеңишбек да жабыр тарткан. Ал Ак-Булак айылынын чоң жолунан  денеси табылган Эльдос Айтугановдун  өлүмүнө шектүү  деп кармалган.   Жоголгон Оторбаев дагы Айтугановдун өлүмүнө тийшеси бар деп шектенилүүдө.

Ак-Суу райондук ИИБнүн нөөмөтчү кызматкери, бөлүмдөгу кыйнап-кыстоолор тууралуу маалыматты төгүндөп, уурдалган Руслан Оторбаевдин аты жөнү алардын тизмегинде жок экенин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин кызматкери Алмаз Акунов «Эркиндик үнүнө» берген интервьюсунда, биринчи кезекте айыпталуучуларга карата кыйнап-кыстоолор чындыгында колдонулгандыгын далилдеш керек, анан  күнөөлүүлөрдү тапкандан кийин  алардын жетекчилигине кайрылуу керек деп билдирет.

Кыргызстандагы кыйноолор

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата колдонулуп жаткан кыйнап-кыйстоо маселелери биринчи  жолу көтөрүлгөн жок.

2011-жылдын октябрь айынын соңунда Ыссы-Көл облустук прокуратура бөлүмүнүн кызматкери Өмүралы Бешенов, Каракол шаардык тергөөчүгө каршы кылмыш иши ачылышынын аягына жетээрин айтты. Себеби, тергөөчү шектүү деп кармалган адамды кыйнап-кыстоо менен адам өлүмүн өз моюнуна алууга мажбур кылган.

Ал эми тергөөчү «Клоопко» берген маегинде, Бешеновдун сөздөрүн төгүндөп, прокурор өзү кармалган адамдан пара алып койгондугун билдирди.

Активисттердин айтымында, кыйнап-кыстоодон бир гана Кыргызстандыктар жабыр тартпайт.

2011-жылдын август айында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Орусия жараны Усманжан Халмурзаевдин өлүмү көп нааразычылыктарды жараткан.  Анда «Эркиндик үнү» укук коргоо борбору Халмурзаевдин бир туугандары айткан сөздөргө таянып, Орусиянын жараны жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан ур-сокуга алгандыгынан улам каза тапканын билдирген.

Бир айдан кийин Базар-Коргон райондук прокуратурасы шектүү делген төрт милиция кызматкерине каршы кылмыш ишин козгогон. Бирок, ушул күнгө чейин эч кандай чечим чыгарыла элек.

«Эркиндик үнү» коомдук фондунун маалыматында,  2009-жылдын август айынан 2011-жылдын апрель айына чейин Кыргызстанда кармалгандарга карата кыйнап-кыстоолор боюнча  243 учур каталган.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы
Сүрөт автору: Илья Каримджанов жана Камиль Рузиев