Бийлик өкүлдөрү- кыргыз кыздарын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуусуна тыюу салууда

"Ар-Намыс" фракциясынын депуттаты Турсунбай Бакир уулу жана Камила Талиева, кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандарга  турмушка чыгып кетишине тыюу салуучу долбоорду  парламент алдында бекитүүнү ниеттенип жатышат. Көп улутту үй-бүлөнүн пайда болушуна тыюу салуучу  бул долбоор, кыз-келиндердин укуктарын коргоо болуп саналат деп түшүндүрөт парламент өкүлдөрү.

Бакир уулунун оюу боюнча, жаңы долбоор кыргыз кыздарынын чет өлкөдөгү кулчулуктан жана келечекте  жолдошу тарабынан алдануунун алдын алганга жардам берет.

"Мен, биздин чет жактагы мигранттарыбыз менен кезиктим, биздин кыздарыбыздын чет элдиктер менен болгон никесинин 90 %дан ашууну  бактысыз. Муну мен билем ",-деп айтты депутат.

Депутаттын айтымында, Германияда кыргыз кызы өлтүрүлгөн, ал эми  Бириккен Араб Эмираттыгында, араб улутундагы күйөөсү  келинчегинен баш тарткан. Ошондой эле  Австралияда, күйөөсү кыргыз аялын сабап салган.

"Алданган биздин кыздар мамлекеттин коргоосунан четте калууда. Бизде жок дегенде укук коргоо органдарына же аксакалдар соттуна кайрылууга болот. Ал жакта каяка карылмак эле?",-деп айтты Бакир уулу.

"Ар-Намыс"  фракциясынын депутатты Камила Талиева дагы партиялашынын демилгесин колдоорун билдирди.

Талиеванын айтымында, Кыргызстандын аймактык аксакалдары кыргыз кыздарынын чет өлкөгө чыгып жатканына нааразы.

"Биздин аксакалдар генафондун төмөндөп баратканына нааразы. Кыздар чет өлкөдө жыныстык жактан кулчулукка түшүп, ар кандай нерсени баштан өткөрүүдө. Чет өлкөлүктөр менен болгон 99 % нике ара жолдо калып келээрин мойюнга алуу керек",-деп айтат Талиева.

"Кыргыз кыздарынын  чет өлкөлүктөргө турмушка чыгуусуна каршы болгон жаңы мыйзамды түзүү бонча идеаны Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги колдоду",- деп кошумчалады  Бакир уулу.

Министрликтин кеңешчисинин жетекчиси Сагынбек Кочкорбаев "Клоопко" берген интервьюсунда, өлкөдө кыргызстандыктардын  чет элдиктер менен болгон никелерин көзөмөлгө алуу керек,-деп айтат.

Анын оюу боюнча, министрлик никелешүү агенттиктерин көзөмөлгө алууга аракеттенет, бирок мунун баары жетишсиз.

"Алардын айтымында агенттик бирди сүйлөйт, а бирок чет жакка барганда биздин кыздар таптакры башка нерсени көрөт",-деп түшүндүрдү Кочкорбаев.

Адам укугу боюнча комитет 14-ноябрда, аталган мыйзамга каршы бүтүм даярдаган. Азыркы кезде  бул тууралуу парламентте талкуу жүрүп жатат.

Кыргызстанда  ажырашуулар чет жакка караганда көбүрөөк

«Республика» фракциясынын депутаты Урулкан Аманбаеванын оюу боюнча,  жаңы мыйзам натыйжа бербейт.

"Мен аталган мыйзам долбоорун колдобойт элем. Кыргызстан- демократиялуу өлкө, эгерде биздин кыздарга чет өлкөнүн жарандарына турмушка чыгуусуна тыюу салсак, анда мыйзамсыз никелердин пайда болушу турган кеп. Анда бул процессти көзөмөлгө алуу кыйын болот",-деп ойлойт депутат.

Аманбаеванын оюу боюнча, Кыргызстанда ажырашуулар чет жакка караганда көбүрөөк болууда.

"Депутаттардын түшүндүрмөсү боюнча,чет өлкөлүк жарандар турмушка чыккан  кыздарды таштап коюушууда. Ошону менен бирге алардын укуктары корголбой  жатат. Мындай фактылар бар. Бирок, өлкө ичиндеги никелер да ажырашуу менен бүтүүдө",-деди Аманбаева

"Ар-Намыс" партиясынын депутаты Игорь Гусаров, Аманбаеванын оюу менен макул. Кыргызстандын кыздарынын турмушка чыгуусунда тоскоолдуктар болбоосу керек.

"Эгер,  кыз чет элдикке турмушка чыккысы келсе-эмнеге биз ага тыюу салышыбыз керек? Мага маалым болгондой көбүнчө кыздар  өздөрү иштери бүткөн соң- чет өлкөгө келип алып, күйөөлөрүн ташташтап салышат. Өлкө ичиндеги ажырашууларга караганда чет өлкөлүктөр менен ажырашуулар көп деген куру сөз го",-деп айтты "Клоопко" берген маегинде.

СДПК фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина, бул мыйзам долбоору, кыргыз кыздарына чет элдикке турмушка чыгуусуна тыюу салганы-сүйүүгө тыюу салуусу менен барабар, деп билдирет.

"Баары аялдардан көз каранды, ал чет элдикке турмушка чыгабы жокпу. Биз- шариаттар өлкөсү эмеспиз, аялдарды мамлекеттин тышкарысына чыгуусуна тыюу салган. Эркектер өздөрүнө кыйкым табышсын, аялдар эмне себептен аларга турмушка чыгууну каалашпаганы жөнүндө",-деп билдирет СДПК депутаты.

Карамушкина, парламент өкүлдөрү кыргыз этносун сактап калуу үчүн жаңы  мыйзам кабыл алууда деп кошумчалады.

"Демократия жана адам укукгу үчүн коалициясынын" активисти Атыр  Абрахматованын айтымында, жаңы мыйзам долбоору кыргызстандыктар арасында  мыйзамсыз никелешүүнүн санынын өрчүшүнө алып келет

"Качандыр  бир нерсеге тыюу салынса, анда мыйзамсыз көрүнүш пайда болот. Мыйзамсыз чыгып кеткен кыз-келиндердин саны белгисиз болуп, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбай калат. Бул проблема андан дагы ырбашы мүмкүн.",-деп айтты Абрахманова "Азаттык" үналгысына берген маегинде.

Кыргызстандын жараны Абунисо Таибова үч жыл мурун Ирандын жараны менен баш кошкон. Анын айтымында, кыздын бирөө менен баш кошуу чечими үй -бүлөнүн ичинде гана каралуучу суроо.

«Менин ата-энем ирандын жаранына күйөөгө чыгам дегенимди дароо эле колдогон жок. Батаасын бергичекти алар бир жыл бою менин күйөөм тууралуу жакындарыбыз жана досторубуз аркылуу маалымат чогултушкан», — деди Таибова.

Ал никеде  бактылуу  экенин айтып, бирок чет өлкөнүн жаранына турмушка чыгууда өзүнчө кыйынчылыктар да жок эместигин кошумчалады.

«Күйөөгө чыгаар алдында, ал адамдын маданиятын жакшы билүү керек. Мен ирандын улуттук тамак-аштарын жасоону көпкө үйрөндүм», — деди Таибова.

Бишкектин тургуну Анара 2011-жылдын аягына чейин Туркиянын жараны менен баш кошууну көздөп жатакан. Кыздын айтымында, жаңы мыйзам долбоору кыргызстандык кыздардын укуктарын бузат.

«Кыргызстандык кыздар өз мекендешине чыккан күндө деле зомбулукка дуушар болот. Эркектерге аялдарды сокконго болбойт деп үйрөткөндүн ордуна кайдагы бир маанисиз мыйзамдарды кабыл алышат», — деди нааразы болгон Бишкектин тургуну Анара.

Студент Жыпар Исмаилова тескерисинче кабыл алабыз деп жаткан мыйзамды колдоорун билдирип, Кыргызстандын бийлиги кыз-келиндерди коргоо максатын көздөп жатат деген оюн айтты.

«Мыйзам, кыздар чет элдин жаранына чыгып жатып абдан кылдат болушуна багытталганын мен түшүнүп жатам. Анткени канчалаган биздин кыздар күйөөлөрүнүн күңү болуп  жатат. Башка жерде өз мекенине кайтып келүү үчүн  акчасы жок же бир туугандары жок да», — деп эсептейт Жыпар.

Тажикистанда бул мыйзамдын иштелиши

Тажикистан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында, кыздарга чет элдик жаран менен баш кошууга тыюу салган өлкөлөрдүн эң биринчиси болуп саналат. Аталган өлкөдө бул мыйзам 2011-жылдан бери иштеп келет.

Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамга жана үй -бүлөлүк кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык чет элдин жараны 3 жыл аталган өлкөдө жашагандан кийин гана тажикистандык кыз менен баш кошо алат. Мындан тышкары жубайлар нике келишимин түзүп, чет элдик жаран тажик кызына турак-жай сатып бериши милдетүү.

Чет элдик жарандар менен баш кошуу процессин  Кыргызстандык бийлик өкүлдөрү сыяктуу эле тажик бийлиги дагы муну менен биз тургундардын укугун коргоп жатабыз деп түшүндүрөт.

Бирок, Тажикистандын укук коргочуларынын бир тобу үй- бүлөө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр, тажикистандык кыздардын көбүн үй- бүлөө куруу жана балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат,-деп билдирет.

Сүрөт автору: Виктор Бердиган
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы