Борбордук Азиядагы эң ири кийим кечек сатуу базарынын соодагерлери олдок-соң болуп жаткан кез. Кыргызстан бажы союзуна кирип калса, Кытай жана Турциядан алынып келип жаткан товарларга мамлекеттик салык баасы жогорулайт деп коргонууда.
Азыркы тапта товарга болгон салык товардын өз баасында 4,7% ды түзөт. Ал эми КР бажы союзуна кирип калса, бул салыктын баасы 2-3 эсе жогорулайт деген ойдо серепчилер.
Ошону менен бирге базардын көпчүлүк бөлүгүнүн сатуучулары Кытайдан келген товарларды башка өлкөлөргө сатуу менен алектенет. Дүйнөлүк банктын жыйынтыгына ылайык 75%дан ашуун импорттолгон товар Казакстан мене Орусияга жиберилген.
«Дордой-Джунхайдагы» электр жабдыктары сатылуучу контейнер, Айсулуу жана анын балдары үчүн чакан үй -бүлөлүк бизнес. Кардардын тандоосуна плазмалык сыналгы, музыкалык борбор жана аларга ылайыктуу аксессуарлардын түрү коюлган.
Товарлардын түрүн бул үй- бүлө Кытайдан алып келет — балдарынын бири Пекинге барып тавар алса, дагы бир баласы аны Кыргызстанга алынып келишин көзөмөлдөйт. Ал эми, Айсулуу келген техникаларды сатуу менен алектенет.
«Биз Кытайга жакын тургандыктан товарларды оңой алып кире алабыз. Эгер, бажы союзуна кирип калсак, товарларга болгон салыкты көп төлөп, биздин соодагерлер мындай кымбатчылыкты көтөрө албай кетет. Жеке ишкерлер бааны жогорулатып, товарлар кымбаттап кетиши мүмкүн. Эгер, сатып алуучулар болсо биз албетте, соода кылабыз, ал эми кардарлар жок болсо, биз бул жерде ким үчүн турабыз — түшүнүксүз», — деди Айсулуу.
Жеке ишкер Казакстан жана Орусиядан келип андан товар алган кардарларын жоготуп коюшунан коркот. Анын айтымында, «Дордой» базары башка өлкөлөрдөн алынып келген товарларды арзан сатуу менен жеңет, себеби алар Орусия жана Казакстандын бааларына караганда бир кыйла арзан турат.
Айбек «Джунхайда» айымдардын кол баштыктарын сатуу менен алектенет. Ал, Кытайдан алынып келген товардардын бир куб метри 40 центтен 3-4 АКШ долларына чейин жогорулашы мүмкүн экенин айтат. Айсулуу сыяктуу эле ал дагы Кыргызстандын бажы кызматташтыгына кошулуусуна каршы.
Аталган соода базарынын борбордук катарларындагы кытай бөлүмүнүдө эркектердин жемпирлерин сатуучулардын бири анын кардарларынын үчтөн бир бөлүгү азайып, тактап айтканда Ош шаарынын Кара-Суу базарынан, Казакстандын Алмата шаарынан, жана Орусиядан келген ортомчулдардын саны азайып кеткенин айтат.
Анын айтымында, «Дордойдун» жеке ишкерлеринин көбү Бажы кызатташтыгынан кандай нерселерди күтүүгө болоорун билишпейт.
«Эгер биз бажы кызматташтыгына кирип калсак, анда биз жергиликтүү деңгээлдеги эле базар болобуз дагы соода-сатык ушул эле аймакта болуп калат. Казакстан бажы кызматташтыгына киргенден кийин жакынкы чет өлкөлөрдөн келген сатып алуучулардын саны 30 пайызга азайды. Кыргызстан бул союзга мүчө болуп кирсе «Дордой» контейнерлердин мүрзөсү болуп калат», — деди нааразы болгон ишкер.
Реэкспорттон өндүрүшчүлүккө
Бирок, «Дордойдун» баардык эле ишкерлери бажы кызматташтыгына киргенден жабыр тартпайт. Кийим кечектерди тигүүчүлүк менен алкеткенген жеке ишкерлер Орусия жана Казакстандын керектөөчүлөрүнө өз өндүрүштөрүн муруңку эле калыбында сата беришет.
Кыргызстан бажы кызматташтыгына киргенден кийин мамлекеттик чек араны эч кандай тоскоолдуктарсыз өтө алат, ал эми товарды аталган чек аралардан өткөрүүдө бажы салыгын талап кылбайт.
Нүргүл Кыргызстандын кийим кечелерин тигүү жана аларды сатуу менен алектенет. Анын айтымында, өндүрүлгөн продукциянын көбүн Орусиянын Челябинск, Новосибирск жана Сибирдин башка көптөгөн шаарларындагы базарларга жиберип турат.
Эгер, Кыргызстан бажы кызматташтыгына кирип калса кийим тиккен Нүргүл жана анын башка кесиптештери Кыргызстандын товарларын эч тоскоолдуксуз Орусия базарына сатууга мүмкүнчүлүк алат.
Бирок, буга карабастан жакшы маанайда турган оптимисттүү ишкерлер Кыргызсандын бажы союзуна киришинде өлкөнүн экононимакасына тийгизе турган тоскоолдуктар бар экенин айтат.
Нүргүл кийим тигүүгө керектелген фурнитуралардын баасы Кыйтадан алынып келингендиктен улам кымбаттап кетиши мүмкүн деп кыжаалат болууда.
«Биз өндүрүп жаткан товар 100% Кыргызстандыкы деп айта албайбыз, анткени биз колдонуп жаткан кездеме жана башкалар Кытайдан келет. Биздин тиккенибиз иштин 50% түзөт», — деди айым.
Дагы бир жеке-ишкер, жергиликтүү өндүрүшчүлөр чыгарган товарды саткан Жаныбек, кыргыз бийлигине кайрылат эле, Кыйтайдан келген товарларга болгон салык наркы бүткүл дүйнөлүк сатуучулук уюмунун бааларынын катарында болушу керек. Тагыраак айтканда азырыкдай эле 4,7 пайыз салык төлөнүшү зарыл.
«Бажы кызматташтыгындагы ар бир өлкөнүн өзүнүн керектелүүчү товарларга болгон шарттары бар, ошондуктан ошол шарттарды койсун да. Ошол учурда гана бизде өнүгүү болот», — деди Жаныбек.
Кытайдан Кыргызстанга товарлар эки бажы пункту аркалуу келет. Алар Кара-Сууга Иркештам өткөрүү пунктунан жана "Дордойго" Торугарт аркылуу.
Парда сатуучу Фая Кыргызстандын бажы кызматташтыгына киргендигинен экспорт менен алектенген ишкерлер жабыр тартпайт дейт. Ал Кыргызстанга товардын көпчүлүгүн Туркиядан учак аркылуу алып келет. Анын ар бир килограммына 3,5 АКШ долларын төлөйт.
Эгер, бажы кызматташтыгына өлкө кирип, бажы салыгынын баасы көтөрүлө турган болсо, Фая ишкерлигин алмаштырып, бизнесин Орусия жана Казакстанга каратта ылайыкташтырат.
Анын айтымында эгер, Орусиянын шаарларынын биринде товар сатууга даяр болгон ишеничтүү адам болсо, анда пардаларды тигип, анын сатуусуна жөнөтүп турса болот.
«Бир ором парда бул жасалга эмес, бул жөн гана товар. Эгер, мен ага атайын лентасын кошуп тигип койсом, ал даяр тигилген парда болуп калат. Бирок, биз кардарга канча метр парда керек экендигин билбестен, аны 5 метр же 8 метр кылып божомол түрүндө кесип кое албайбыз. Ал эми эгер, кардар канча метр керек экендигин, кандай парда таккысы келгенин айтса биз дизайнер болуп отуруп, кардардын каалоосу боюнча тигип, жиберип ийебиз», — деди ал.
Башка ишкерлерден айырмаланып, Керим аталган базарда уюлдук телефондордун аксессуарларын сатуу менен алектенет. Ал, «Дордой» базары дал ушул бажы кызматташтыгына кирбегендиктен улам аксап келет деп билдирет.
«Азыр чек аралар жабык болуп, товарлар өтө жай өтүп жатат. Бажы кызматташтыгына кошулсак жеңилирээк болот. Кардарлар азыр аз санда сатып алышууда. Себеби, чек аралар жабык», – деди жеке ишкер.
Бирок, андан товар алып жаткан кардарлардын бири, өлкө башчылар бажы макулдашуусуна кол койсо, товарлардын наркы бир кыйла жогорулашын байкаган.
«Азыр өткөрүп жаткан товардын куба метри үчүн бизден 45 цент алат. Ал эми кызматташтыкка киргенден кийин бул сандар бир кыйла жогорулап, 3-4 АКШ долларын түзүп калышы мүмкүн. Ошондуктан баардык товарлар кымбаттайт. 200 сомдук нерсе 250 сом туруп калат», — деп нааразы болду алуучу.
«Дордой» ассоцасиясынын президенти Аскар Салымбеков «Клоопко» берген маегинде, бажы кызматташтыгына кирүү бүткүл өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизет. Анткени, калктын көпчүлүк бөлүгү соодаргерчилик менен алектенет.
Бизнесмендин байкашында, бажы салыгынын жогорулашы менен товарларга болгон баалар да кымбаттайт. Өлкөнүн ички товар айлантмасы азаят. Дүң соодагерлик басаңдап калат.
«Республиканын ичинде базар кичине, «Дордой» Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Таджикистандын базарларына багытталган. Эгер, дүң соодагерчилик жабылса, анда бул башка базарларга да таасирин берет. «Дордойдун» ишкерлерине, араба ташуучуларына, коомдук тамак-аш жайларына жана товарды алып кирип, чыгарып туруучу каттамдарга бир топ тоскоолдтарды жаратат. Бул- өзүнчө эле бир кыйма жабылууларды жана банкрот болууга алып келет», — деп эсептейт Салымбеков.
Анын айтымында, Кыргызстан либералдуу бажы саясатын сакташы пайдалуу.
«Биз бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда болгондуктан, бизден товар алуу жеңил. Анткени Кытай дагы бул уюмдун курамында турат. Казакстан менен Орусия Кытай менен чектеш чек-араларына бажы салык наркын өтө жогору коюп салган. Эмне үчүн «Дордой» дүйнөдөгү эң ири 10 соода түйүндөрүнүн бири болуп эсептелет? Анткени бизде бажы саясаты өтө либералдуу болгондуктан биздин өлкө аркылуу товарды коңшу мамлекеттерге алып кирүү оңой болгон», — дейт Аскар Салымбеков.
Эркин экономикалык аймак
Бажы кызматташтыгына кирүү боюнча өкмөттөр аралык жолугушуулардын катышуучусу, Экономикалык тескөө министринин орун басары Олег Панкратов, алар өнөктөштөрү менен биргеликте «Дордой» базарынын алкагында эркин экономикалык аймакты түзүү жөнүндө талкуулашканын «Клоопко» берген интервьюсунда билдирди.
Эркин экономикалык аймак бул ишкерлерге багытталган, чектелген аймактарда гана ишке аша турган атайын жеңилдетүүлөр. Анын негизги максаты -мамлекеттин же белгилүү бир аймактын өнүгүүсүнө салым кошуу.
«Тактап айтканда Кытайдан товар эч кандай салык төлөөсуз алынып келинет дагы базарга киргизилет. Ал эми Кыргызстан кандайдыр бир транзиттик жол болуп калат», — деди Панкратов.
Өкмөттүн планы боюнча, товарды өз колдонуусу үчүн алууну көздөгөн кыргызстандыктар эркин экономикалык аймакка кирүүдө эч кандай салык төлөбөйт. Ал эми товарды алып кайра сатууну каалаган соодагерлер баардык документтерди даярдап, бажы салыгын төлөйт.
Азырынча министрликтен сунушталып жаткан эркин экономилкалык аймактагы бажы салыгы кандай баада болоорун айта албастыгын билдирип, Кыргызстан бажы кызматташтыгына кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элкетигин билдирди.
«Биз эки гана кадам жасадык — бажы кызматташтыгына кирүүбүздү билдирдик. Ал эми, Бажы биримдигиндеги өлкөлөр биздин кирүүбүзгө каршы эмес. Үчүнчү кадам уюмга кирүүгө атайын документтерди даярдап, аны бир нукка сала турган жумушчу топ түзүү», — деди министрдин орун басары.
Панкратовдун айтымында, Кыргызстан бажы кызматташтыгына кирүү үчүн бир жылдан 3 жылга чейинки убакыт талап кылынат. Ошондой эле, бажы кызматташтыгынын курамында турган өлкөлөрдө орнотулган шарттарга макул болуу керек.
Ал эми, Орусия бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун курамына 2012-жылдын июль айына чейин кирүүсү божомолдонууда.
«Орусия бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулгандан кийин, алар бажы нарктарын уюмдун шарттарына жараша азайтышы керек болот. Анткени Орусиянын бажы салыгы өтө эле кымбат. Ошондуктан эгер алар салык өлчөмдөрүн азайтса, анда бажы кызматташтыгында дагы салыктар азайып, Туркия жана Кытайдан товарларды алып келүүдө биз анча өзгөрүүлөрдү деле байкабай калабыз», — деди Панкратов.
«Дордойдун» келечегин айтуу кыйын
Борбор Азиялык Эркин базар институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Мирсулжан Намазалиев аталган базардын келечегин айтуу кыйын дейт.
Анын айтымында, Кыргызстан бажы кызматташтыгына киргенден кийин коңшу мамлекеттердин соодагерлери Кыргызстанга келип туруусунун кереги деле болбой калат. Себеби, бажы наркы биримдиктин мүчөлөрүнүн баардыгына бирдиктүү болуп саналат.
«Импортерлор үчүн бажы салыгы арзан болгондуктан улам алар Кыргызстандан товар ташып турган. Ал эми, бажы кызматташтыгына киргенден кийин «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары эмне үчүн иштемек эле? Анткени, 70%дан ашууну чет өлкөлөргө кетип жаткан, мындан кийин базар ошончо пайыз төмөндөөлөргө дуушар болот», – деп эсептейт Намазалиев.
Серепчинин оюнда, Кыргызстан чет өлкөдөн буюм-тайымдарды жасоого аталган товарларды арзан алып келип турса жакшы болмок. Себеби, даяр товарды Казакстан жана Орусияга ийгиктүү сатууга болот.
«Керектелүүчү товарлар арзан болушу мүмкүн эмес, маселе мына ушунда туруп атат, анткени алар дагы импорттолуп келет. Буга ылайык биздин тикмечилердин Орусия жана Казакстан менен атаандаштыгы тең болуп, керектөөлөр азаят», – деп кооптонуу менен айтты Намазалиев.
Кыргызстандагы базар ассоциациясы, ишкерлер жана кызмат көрсөтүү тармагынынын президенти Сергей Пономаревдун сөзүндө, «Дордой» базарындагы сатуучулардын иши ансыз деле басаңдаган. Бирок, алар өлкөдөгү товар айлантмасынын жарымын кармап турат.
Анын айтымында, базарды сактап калуу максатында азыркы тапта мамлекеттик программа түзүлгөн. Укук коргоо органдары менен келишимдин негизинде инфраструктураны өркүндөтүү — жолдорду оңдоо, видеокамераларды орнотуу эске алынган.
Эксперттин айтымында Кыргызстан товарларды реэкспорттоодон ички өндүрүшкө өтүшү керек. Пономаревдун белгилөөсүндө Кыргызстандан чыгып жактан продукцияны КМШ өлкөлөрүнүн ичинде таркатуу керек.
«Биринчи кадамдар бар. Биздин тикмечилер өзүлөрүнүн товарларын Батыш Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнө жиберип жатышат. Эгер ушунун баарын жасасак, албектте бажы кызматташтыгына кирүүгө болот», – деди серепчи.
Кыргызстандын бажы кызматташтыгына кирүүсү
Республиканын аталган кызматташтыктын курамына кирүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөрү 2010-жылдын кыш айларында башталган. 2011-жылдын жаз айларында Кыргызстан расмий түрдө бажы союзуна чакырылган. Казакстан чек арасы 2011-жылдын 1-июлунан баштап иштей баштаган.
1998-жылдан бери Кыргызстан Кытай сыяктуу эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун курамында туруп келет. Ушул уюмдун мүчөлөрүнө БДСУ өлкөнүн аймагына Кытайдын товарларын арзан баада алып кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алып келинген товардын өлчөмүнө ылайык, орточо бажы салыгы товар наркынын 4,7%ын түзөт.
Бажы кызматташтыгынын тышкы чек араларынын бири кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөндүктөн улам, эрежелерге ылайык Кыргызстандан товар алып киргендер өзү менен 50 килограмм товар ала алат. Эгер норма бузулса сатуучулар ар бир ашык кеткен килограммга төрт евро төлөп калат.
Күнүнө кыргыз-казак чек арасынан ондогон ортомчулдарды көрүүгө болот. Сатып алуучулар ашыкча акча төлөп калбоосу үчүн, алар «Дордойдон» келген товарларды белгилүү өлчөмдөгү төлөмдө алып өтүп берет.
Экономика боюнча серепчилер, Кыргызстан бажы кызматташтыгына кириши менен Республика үчүн бажы салыгы анын курамында турган өлкөлөрдөгүдөй эле жогорулап, 3-4 эсе кымбаттайт дешет.
Экономикалык изилдөө фондунун мүдүрү Аскар Бешимовдун сөзүндө, бажы кызматташтыгындагы салыктын жогору болушу Орусиянын базарларын сапатсыз товарлардан сактап калуу деди. Бул учурда Кыргызстан Орусия товарлары үчүн сатуучу базар болуп калышы да толук ыктымал.
«Кыргызстандын экономикасы Кытай товарларын реэкспорттоонун негизинде түзүлүп, ишкерлердин көбү жумушун тикмечилик жана айыл-чарба, мал чарбачылыкка багыттаган. Биз эч кимди коргоого тырышпайбыз. Негизги максат элди сапаттуу жана арзан импорттук өндүрүштөр менен камсыз кылуу болуп эсептелет», – деди Бешимов, 2011-жылы май айында «Мосты» маалымат бюллетенине берген интервьюсунда.
Эл аралык маанидеги базар
2009-жылы Бүткүл Дүйнөлүк банк өткөргөн изилдөөлөр боюнча «Дордой» эл аралык маанидеги базарлардын катарына кирип, Борбор Азиядагы эң чоң соода түйүнү болуп саналат.
1990-жылдан бери «Дордой» беш гектардан 100 гектар жерге чейинки орунду ээлеп, ал эми тамак-аш, түрдүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана соодагерлердин саны 50 миң кишиге жеткен.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, базардагы соода-сатыктын бир айлык айлампасы 300 миллион долларды түзөт. Бишкектин четинен орун алган бул базар Борбордук Азия базарларынан салык режиминин жеңилдиги менен айырмаланат.
Масштабынын чоңдугунан улам базарды «шаардын ичиндеги шаар» жана «Дордой Республикасы» деп калышат. Ал өз ичине 40 миң контейнерди камтып – «эки кабаттуу» комплекстин биринчи кабаты соода-сатык дүкөнү болсо, экинчи кабаты кампа болуп эсептелет.
Айбектин негизги сатып алуучулары Орусия жана Казакстандан келген соодагерлер. «Клооптун» кабарчысы Казакстандан келген соодагер Айбекке бир нече түрлүү кол баштыктарын алып келүүсүнө буйуртма берип жатканына күбөө болду.
Кыргызстандын түндүк тараптагы кошунасы Казакстан бажы кызматташтыгына кире элек учурда бир жумада ондогон кардар келип турган. Ал эми азыр алардын саны абдан кыскарып, бир жумада бир-эки кардар гана келет.
Айбекти жана башка соодагерлерди түйшөлткөн суроо азыр — Кыргызстан бажы кызматташтыгына киргенден кийин бул көрсөткүч такыр нөлгө түшүп калабы, же муруңку калыбына келеби?
Сүрөттүн автору: Эльдияр Арыкбаев, Диана Рахманова.
Аскар Салымбекодун сүрөтү: Dordoi.kg
Авторлор: Улукбек Акишев, Анна Лелик жана Айгуль Гуламидин кызы
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы