Токтогул районунун соту опузалыгы үчүн кармалды

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун соту Жунусмамат Эгембердиев 15 миң сом менен кармалган. Бул акчаны ага, Гүлүмкан Айтиева соттолгон баласын бошотуу максатында  сунуштаган. Бирок, райондук сот бул нерсени комментирлөөдөн баш тартты.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынын билдирүүсүндө, Эгембердиев алган акчасы  менен кармалган.

"Эгембердиев өзүнүн кызмат  ордунда кармалды",- деп түшүндүрдү коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматы.

Башкы прокуратура сотту  кармоо үчүн 11-ноябрда  кылмыш жана жаза кодексинин 313- беренесинин экинчи бөлүмүнө ылайык   кылмыш-ишин козгоп, андан аркы изилдөөнү УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берген.

Токтогул райондук сотунда жана  Жалал-Абад облусунун сотунда, кармалган кесиптеши боюнча комментарий берүүгө макул болушкан жок.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Эдилбек Чаканов  кармалган кызматкери боюнча маалыматты жок болгонун айтып, ошондой эле  мыйзам  сотторго алдын ала комментарий берүүгө тыюу саларын кошумчалады.

Соттун кармалышынын башка жолу

Токтогулдук укук коргоочу Тулан Атакеев "Клоопко" берген маегинде, Эгембердиевдин кармалышынын башка вариантын айткан. Анын айтымында, Гүлүмкан Айтиева баласынын мөөнөтүнөн эрте бошотуу максатында эмес,  анын туугандарынын бирин  сүзүп өлтүргөн айдоочуну жазалоосу үчүн сунуштаган.

Атакеевдин айтуусунда, айдоочу бардык  чыгымдарды жана каза болгон адамдын баласын каржылоого  сөз берген. Бирок, айткан сөзүндө турган эмес.

"Ал соттко кайрылып, айдоочуну абака отургузуусун талап кылган. Бирок сот  макул болгон эмес. Андан кийин, ал соттун үстөлүнүн үстүнө акча коюп чыгып кеткен. Сот акчаны кайтарып берүүнү каалаган, бирок ал ошол жерден кармалган",-деп айтты укук коргоочу.

Гүлүмкан Айтиева "Клооптун" кабарчысы менен болгон маегинде, сотко акча бергенин мойнуна алган  жок,   аны жокко чыгарган да  жок.

"Бул силердин ишиңер эмес. Бул тийиштүү органдардын иши. Мен комментарий бербейм",- деп билдирди Айтиева.

УКМК билдиргендей, ушул жылдын  23-сентябрында, бир миң АКШ доллары өлчөмүндөгү  пара алуу учурунда Бишкек шаарынын Октябрдык ройондук соту кармалган.

Алардын маалыматтында,  иш каралбаганына байланыштуу азыркыга чейин кармалган адам жоопко тартылган эмес.

Автор: Асель Талантбекова

Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Редактор: Айгуль Гуламидин кызы