Интернеттен жүктөө боюнча Кыргызстан Борбор Азияда экинчи орунда турат


«Пандо Нэтворкс» уюму 22-сентябрда өз изилдөөлөрүн жыйынтыктап, ага ылайык Кыргызстанда жүктөөнүн ылдамдыгы секундасына 165 килобайтка барабар. Бул Борбор Азияда экинчи орундагы жыйынтыкка тең келет.

Дүйнөнүн 224 өлкөсүндөгу 20 миллиондогон компьютердеги жүктөө ылдамдыгын анализдеп чыгып, «Пандо Нэтворкс» уюму дүйнө жүзү боюнча жүктөөнүн орточо ылдамдыгы секундасына 580 килобайтты түзөөрүн аныктаган.

Борбор Азия регионундагы коңшу мамлекеттер арасында Кыргызстан экинчи орунду ээлеп, муну менен секундасына 111 килобайт жүктөөнү түзгөн Тажикистан, 73 килобайттык Өзбекстан жана 72 килобайттык жүктөөнү жүргүзүп турган Туркменистанды артка калтырган.

Борбор Азиядагы жүктөөнүн орточо эсеп менен көрсөткүчү секундасына 126 килобайтка барабар.

Бирок, Кыргызстан коңшу Казакстанга өзүнүн ордун бошотуп берген. Алардын жүктөө боюнча килобайттык көрсөткүчү секундасына 212 килобайтты көрсөткөн.

Жүктөө ылдамдыгы

Кыргызстанды интернет менен камсыз кылып туруучулардын интернет-технологиялар адиси болгон «Элкат» жана «Кыргызтелеком» компанияларынын өкүлдөрү жүктөөнүн ылдамдыгы эмнеден көз каранды болоорун айтып берди.

«Элкат» компаниясынын сервистик бөлүмүнүн инженери Михаил Сурков, жүктөө ылдамдыгы өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды болуп, кабель боюнча белгилүү убакыттын ичинде маалыматтарды берүү менен байланыштуу деди.

«Каналдын туурасын Советский көчөсү менен салыштыруу мүмкүн. Ал эми жүктөө ылдамдыгын кым куут болуп жаткан учурда ошол эле Советский көчөсүнөн унаанын көптүгүнөн өтө жай өтүп жаткан машинелер менен салыштырууга болот. Албетте, эгер каналдын көлөмү чоң болбосо, колдонуучулар дагы ошончо көп болуп жатса, анда канал кеңейет», — деп «Хомлайндын» адистеринин бири Владлен Кох билдирди.

«Кыргызтелекомдун» техникалык колдоо адиси Айнура Батабаева, жүктөөнүн ылдамдыгын күчтүү жабдыктарды сатып алып, аларды орноштуруу менен жогорулатса болот деп, күчтүү жабдыктар өтө катуу ылдамдыкты берет деди.

Бирок, ошол эле учурда адистин айтымында, колдонуучулар үчүн коюла турган күчтүү жабдыктар кымбат турат. Андан тышкары аларды койгондун кажети деле жок. Себеби, Кыргызстандын баардык өрөөндөрүндө интернетти активдүү колдонбойт.

Азыр интернет-трафик Кыргызстанга коңшу Казакстандан транзит катары эмес, эң бир чоң провайдер «Казахтелекомдон» сатып алынат.

Дүйнөлүк статистика

Түштүк Корея жүктөөнүн ылдамдыгы боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда туруп, аталган аймакта жүктөөнүн ылдамдыгы секундасына 2202 килобайтты түзгөн. Ал эми, Румынияда 1909 килобайт, Болгарияда 1611 килобайтты көрсөткөн.

«Пандо Нетворкстун» изилдөөлөрүнө ылайык, африкалык Конго (секундамына13 килобайт), Борбор Африкалык республика (14 килобайт) жана Комор аралы (секундасына 23 килобайт) жүктөө ылдамдыгы боюнча өтө жай өлкөлөр болуп эсептелинген.

Автор: Фируза Фынчина
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы