Бийлик өкүлдөрү тарабынан Оштун телеканалдарынын жетекчилерине карата айыптар топтолгон

Журналисттерди коргоо комитети октябрь айында «Ош-ТВ» жана «Мезон-ТВ» телеканалдарынын мурдагы башкаруучуларына каршы коюлган айыптар менен макул эмеситигин билдирип чыгышкан. «Улуттар аралык чагымчылдык» жасагандыгы үчүн алар 20 жана 14 жылга эркинен ажыратылган.

Нью-Йоркто түзүлгөн комитет, «Ош-ТВнын» мурдагы мүдүрү Халил Худайбердиев жана «Мезон-ТВнын» экс-башкаруучусу Джавлон Мирзаходжаевдерге коюлган айыптар негизсиз жана атайын жасалганын айткан.

«Бул эки телеканалдын күнөөсү, 2010-жылдын жаз айларында экс-президент Курманбек Бакиевдин кетишин талап кылган элдин нааразычылыгын түз эфирде көрсөткөндүгүндө болду. Бул митингде өзбек улутунун аксакалдары коомчулукту тынчтыкка чакырып өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеваны колдоого чакырганы көрсөтүлгөн», —дейт журналисттерди колдоо комитети.

Кыргызстандын бийлигинде болгон окуя тууралуу өзүнчө көз карашы бар болгон. Соттун чечими боюнча, түз эфирде сүйлөгөн өзбек диаспорасынын өкүлү Кадыржан Батыровдун сөздөрүндө сепаратизмге жана улуттар аралык чагымчылдыкка чакырган сөздөр айтылган. Бийликтин айтымында, мына ушул сөздөр кыргыз менен өзбектердин ортосунда 2010-жылдагы улуттар аралык конфликтин келип чыгышына түрткү болгон.

Жалал-Абад шаардык соту 28-октябрь күнү Худайбердиев жана Мирзаходжаевди, массалык башаламандыкты уюштургандыгы, сепаратизм, улуттар аралык кагылышуу жана мыйзамсыз ок-дарыларды уюштурганы үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Журналисттерди коргоо комитетинин билдириминде, Кыргызстан бийлиги аларды атайын журналисттик кызматы менен байланыштырып коюшкан.

«Ушул жылдын май айында Нью-Йоркто болгон жолугушууда Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө комитеттин мүчөлөрү, ММКда митингдерди, нааразычылык акцияларын чагылдырып көрсөтсөтүлгөн материалдар ал өлкөдө кылмыш иши катары каралабы деп сураган. Президенттин аппаратынын кызматкери Мира Карыбаева терс жообун берген. Ошого карабастан Карыбаева, эмне үчүн Худайбердиев жана Мирзаходжаевдер кылмыш ишине тартылгандыгынын себебин түшүндүрүп бере алган жок», — деп комитет өзүнүн интернет баракчасына жазган.

Худайбердиев жана Мирзаходжаев — этникалык өзбектер — жазаларын өткөн жылы болгон башаламандыкка тиешеси бар деген төрт өзбек менен биргеликте бир күндө алышкан.

Айыпталуучу Джавлон Мирзаходжаев 2011-жылыдын апрель айына чейин ага каршы кылмыш иши козголгонудугу тууралуу билбегендигин айткан. Тергөөчү жана Худайбердиев экөө бул иш боюнча жөн гана күбөө катары өтүп жатканын айтып билдирген.

Мирзаходжаев Худайбердиев сыяктуу эле Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Кийин өзүнө карата кылмыш иши үчүн үстүртөн айып алгандыгын, комитетке бул улуттар аралык чыр-чатакатын негизинде журналистерге каршы өкүм болуп эсептелет деп билдирди.

«Ушул жылдын апрель айында өкмөттүн карамагында турган ММКда, өзбек лидерлеринин жана журналисттердин үстүнөн сыртан сот иши башталгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Маалыматта сот иши кылмыш жана жаза кодексинин кайсы беренелери боюнча болуп жатканы так берилген», — дейт Мирзаходжаев.

Мирзаходжаев, 2011-жылы «Мезон-ТВ» телеканалында Батыровдун айткандары эч кандай конституцияга туура келбеген сөздөрдү өз ичине камтыган эмес,- деп билдирет.

Жалал-Абад облустук администрациясын муруңку президенттин колдоочулары басып алган соң, убактылуу өкмөттүн жактоочулар аларды чыгарып салышкан. Бул окуя президент Курмнбек Бакиевди кетиргенден бир ай өткөндөн кийин болгон.

«Июнь окуясына чейин эле, ар күн сайын биз жергиликтүү өкмөт башчыларынын айткандарын берип турганбыз. Алар убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаеваны колдоого чкырып, бакиевчилердин чагымчылдыгына берилбөөгө чакырган», — деди Мирзаходжаев.

«Тергөө боюнча "Мезон -ТВ" сепаратизм кылгандыгы үчүн күнөөлөнсө, анда өкмөт журналисттерге эмес өздөрүнө өздөрү айып коюшу керек. Биз бир гана алардын айткандарын көрсөткөнбүз», — деп  кошумчалады.

«Мезон-ТВ» улуттар аралык кагылышуу болгондон кийин иштебей калган, ал 2010-жылы жеке кишилердин колуна өтүп кеткен. Алардын аты жөнүн билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. «Башат-ТВ» деп аталып,  өзбек тилдүү берүүлөрдүн баары кыргыз тилине өткөрүлгөн. Ош шаарынын 40 пайыз тургундарын өзбек улутунун өкүлдөрү түзгөндүгүнө карабастан, шаар эли өзбек тилдүү телеканалсыз калды.

Кыргызстандын саясат жаатында «Ош-ТВ» жана «Мезон-ТВнын» муруңку башчыларына мамиле бирдей эмес.

Ош шаардык мэриясынын билдиришине караганда, аталган телеканалдардын эфиринде чыгып турган материалдар өлкөдөгү курдаалды курчутуп жиберген.

«Июнь окуясына чейин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов, бир нече жолу бул каналдардан эфирге чагымчылдыкка чакырган берүүлөрдү чыгарбай туруусун өтүнгөн», — деп шаардык мэриянын басма -сөз катчысы Гүлжан Ажыматова билдирди.

«Июнь окуясын иликтөө менен атайын органдар алектенген. Алардын көзөмөлүнө коомдун арасында негизги ролду ойноп турган ММК да кирген. Себеби, ММКнын ролу коомдо чоң. Ош шаардык мэриясынын ою боюнча ММК коомго каршы эмес, тескерисинче анын өсүп өнүгүүсү үчүн иш алып барышы керек», — деди катчы.

Ажыматова, улуттар аралык кагылышуудан кийин, Ош шаардык бийлик өкүлдөрү тарабынан өзбек тилдүү ММКына басмырлоо болгон деген айыпка макул эместигин билдирди.

«Азыркы күндө облустук деңгээлдеги үч тилдүү гезит жарык көрүп жатат [кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде]. Ошондой эле, «Ош шамы» гезитинин ар бир чыгарылышынын эки бетти атайын өзбек тилдүү басылмаларга арналган», — деди ал.

Ошто бир дагы өзбек тилдүү телеканалдар жок калгандыгын моюнуна алган Ажыматова, жакында кырдаал өзгөрөөрүн билдирди.

«Ош-ТВ» телеканалы жакында өзбек тилдүү материалдарды чыгарууну максат кылууда», — деди басма -сөз катчы.

Худайбердиев жана Мирзаходжаевке карата чыгарылган өкүм менен «Ата-Журт» партиясынын депутаты Жаныш Кудайбергенов макул экендигин билдирди.

«Кадыржан Батыровдун айткандарын көзөмөлгө алыш керек эле. Мирзаходжаевдин журналистика жаатындагы тажрыйбасы жетиштүү, бирок ага карабастан мындай материалды көрсөтүп жатат. Бул маалыматтан кийин эл эмне деген ойдо калаарын ойлонуш керек болчу», — деди депутат.

Кудайбергенов, Кыргызстанга кыргыз жана орус тилдүү ММКы жетишээрлик кылат деген оюн баса белгиледи.

«Биз кыргыз жана орус тилдерин түшүнө билүүбүз шарт. Эмне үчүн өзбек тилдүү ММК болушу керек? Анткени бизде уйгур, дунган жана тажик улутундагы өкүлдөр да бар эмеспи», — дейт Кудайбергенов.

Кесиптеши менен социал-демократтар партиясынан жогорку кеңештеги депутаты Ирина Карамушкина макул эместигин айтып, телекөрсөтүү кызматкерлерине карата чыгарылган сот чечими туура эмес деди.

«Менин оюм боюнча чечим өтө эле катуу. Мирзаходжаевди болгон нерсеге күнөөлөп, анын баардыгына тиешеси бар экениндигине күмөн санайм», — деди Карамушкина.

Медиа-серепчи Акмат Алагушев, митингдерди трансляциялоо кылмыш болушу мүмкүн эмес деп, телеканалдардын экс-башчыларын сыртан соттоп салганына таң калгандыгын билдирди.

Жалал-Абадтык укук коргоочу Эгамберди Кабулов, сот чечим чыгарууда «улуттук көңүлгө берилген» деди.

«Сот тарабынан коюлган айыптар эч нерсе менен далилденген эмес. Ал тыянакты улуттук көз караш менен чыгарып койду. Бардык өзбектерди жана алар менен кошо  белгилүү адамдарды  болгон күнөөлөр үчүн айыптап коюш керек болчу», — деди Кабулов.

Кыргызстандын укук коргоо органдары расмий түрдө сот тууралуу бир дагы арыздарын жарыялаган жок. Азыркы кезде комментарийлөөгө жеткиликтүү эмес бойдон калууда.

2010-жылдын май айында Кадыржан Батыров элди өз сөзүндө сепаратизимге чакырганбы деген маеселе, тууралуу талаштар азыркы күнгө чейин тынчыбай келет.

Өкмөт Батыровдун айткан сөздөрү чагымчылдык мааниде болгон деп айтканы менен эл аралык серепчилер, алардын катарындагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяны иликтөө менен алектенген комиссия башчысы Киммо Кильюнен, бул ой менен макул эмес. Серепчилердин отчетуна ылайык, Батыровдун айткандары түштүктөгү этникалык кыргыздар тарабынан бурмаланган деп берилген.

«Батыровдун сөздөрү өзбек телеканалдары аркылуу берилиши, кыргыздардын каарын келтирген. Элдин көпчүлүгү окуянын тигиндей же мындай болгонун көргөн эместигине карабастан, ушак айыңдар өз ишин жасап койду. Батыровдун сөздөрүндө эч качан автономияга чакыруу болгон эмес», — деп Кильюнендин комиссиясы отчетко жазган.

Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы
Редактор жана сүрөттүн автору: Бектур Искендер
Авторлор: Диана Рахманова, Айкөл Болотбекова жана Бектур Искендер