«Клооп» кечирим сурайт: Депутаттар чет өлкөлүктөргө турмушка чыгууга тыюу салбайт

 

«Клооп» редакциясы  «Кыргыз кыздарынын башка улуттун жаранына турмушка чыгуусуна тыюу салууда» атуу макаланы жарыялагандыгы үчүн   «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунан кечирим сурайт. Чындыгында  токтомдун негизинде  Жогорку Кеңеш никенин өзүнө эмес, чет өлкөлүктөргө турмушка чыгуу жөнүндө жарнамаларды ММКларда жарыялоого тыюу салган.

18-ноябрь күнү «Клооптун» кабарчысы Любовь Шевченко, «Ар-Намыс» партиясынын депутуты Турсунбай Бакир уулуна «Парламент кыргыз кыздарын башка улуттун жаранына турмушка чыгууусуна тыюу салууга аракетенүүдөбү?» деген суроо берген. Парламент өкүлү ооба деп жооп узаткан.

«Мен Малазияда элчиликте иштеп жүргөндө орус улуттундагы кызды күйөсү сабап салган. Анын артка кайтып келгенге акчасы жок, үйлөр аралап тентип калган. Бул нерсе бир эле кыргыз кыздарына эмес, орус, өзбек улуттундагы кыздарга да тиешелүү. Интернетти жаап кое албайбыз, жок дегенде гезит жана ТВдан берилбесе. Биз ак боз атчан ханзаданын баары эле чет өлкөдө күтүп жатканы тууралуу жарнамаларды бербешин суранаар элек »,- деп айтты Бакир уулу.

Бирок, кийинчерээк журналист менен депутатын ортосунда түшүнбөстүк болгону айкын болду. Себеби, Жогорку Кеңеште каралган токтомдо никенин өзүнө эмес, массалык маалымат каражаттары аркылуу чет өлкөлүктөргө турмушка чыгуу боюнча жарнамалардын чыгарылышына тыюу салынган.

Бакир уулунун экинчи жолу «Клоопко» берген интервьюсунда, парламент кыргызстандык кыздардын чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгуусуна тыюу сала турган оюу жок, деп билдирген.

«Мен улуттар аралык никенин жактоочусумун. Андай никелерди колдойм. Бир гана каршы болгонум чет өлкөлүк ак боз атчан ханзада бар экенине сөз берип никелер алдоо жолу менен болбосо. Эгер, гезиттен, ТВдан берилген жарнаманын негизинде никенин бузулушу же өлүмү мисал болсо, анда мындай нерсенин алдын алып токтотуу керек»,-деп түшүндүрдү парламент өкүлү.

Депутаттын айтымында, жаңы мыйзам долбоордун маанисин «Республика» фракциясынын депутаты да түшүнгөн эмес.

17- ноябрда «Азаттык» маалымат агентствосунда «Чет өлкөлүктөр менен турмуш курууга тыюу салса болобу» аттуу макала жарыкка чыккан. Ал жерде Аманбаева, парламент кыргызстандык кыздарга чет өлкөлүккө турмушка чыгуусуна каршы боло албайт деген.

«Кесиптештеримдин бул мыйзам долбоорун алып чыкканга кошулбайт элем. Себеби биздин кыз-келиндердин чет жакка чыгуусуна тыюу сала албайбыз. Эгер тыюу салсак, мыйзамсыз чыгып кете беришет. Ошондуктан бул коомчулуктун талкуусу менен чыкса жакшы болмок. Бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй албайбыз»,- деп айтты Аманбаева «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда.

Бакир уулунун айтымында, массалык маалымат каражаттары тарабынан никелер жөнүндө жарнамалардын жарыяланашына тыюу салынуучу долбоор чакан праламент мүчөлөрүн катышуусунда талкууланган.

Бакир уулунан тышкары, «Чет элдиктерге турмушка чыгуу тууралуу жарнамаларды ММКда жарыялоого тыюу салуу керек» токтом долбоордун жетекчиси катары «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Камила Талиева жана Чолпон Султанбекова сүйлөдү.

Кыргыз редактору жана которгон: Айгуль Гуламидин кызы

Автор: Диана Рахманова