Аялдар укугун коргогон «Равенство сейчас» [Equality Now]» эл аралык уюм, Кыргызстандын бийлигин кыздарды ала качуу боюнча изилдөө өткөрүүсүнө жана алып качкандарды жоопко тартылышын көзөмөлдөөсүнө чакырып кетээр эле. Эл аралык уюмдун баамында, Кыргызстанда жыл сайын 16500 ала качуу болуп турат.
«Равенство сейчас» уюмунун баамында, Кыргызстанда жыл сайын 11500дөн 16500гө чейин ала качуулар болот. Өз кайрылуусунда аталган уюм бир канча аялдарга болгон укук бузууларды мисал келтиреген.
«2010 жылы Ысык-Көл облусунда эки кайгылуу окуя каталган. Алып качуунун айынан жапа чеккен эки жаш кыз өз өмүрлөрүн кыйган»,- деп жазылган кайрылууда.
«Открытая линия» коомдук фондуна 15000дей алып качуу боюнча окуялар изилдөөгө берилген. Бул изилдөө 2011- жыл үчүн Евробиримдигине даярдалган, аялдар уюмдары боюнча аналитикалык мазмунду өзүнө камтыйт.
«Открытой линия» коомдук фондунун изилдөөcүнүн жыйынтыгы боюнча, 286 аялдын ичинен 50%ы изилдөөгө катышканы айымдар жолдоштору алып качканга чейин алар менен тааныш болгон эмес. 81% алып качуулар турмуш куруу менен бүткөн.
Катышкан айымдардын 74,2 пайызы алып качкан тараптан кыйнап кыстоосунун жана мажбурлоонун негизинде калышкан. Ал эми, 23 пайызы никеге чейин жыныстык жактан зордуктоого дуушар болгон.
Аялдарды зордоп кыйноо боюнча программанын жана «Равенство сейчас» уюмунун жетекчиси Анбер Раздын айтымында, аялдарды мажбурлоо аларды келечекте билим жана башка мүмкүнчүлүктөрдөн чектөө болуп саналат.
«Келиндерди ала качуу-бул аял затына болгон эң бир таш боордук мамиле. Ошондой эле, жыныстык жактан зордуктоо, никеге мажбурлоо адам укугун бузуу болуп эсептелинет»,-деп айтты Анбер Раз.
Өкмөттүн басма-сөз катчысы Кадыр Токтогулов «Клоопко» берген интервьюсунда, кыздарды алып качууга каршы экенин билдирип, бирок кыздар өздөрүнүн укугун коргоого аракет кылышы керектигин айтып өттү.
«Менин оюмча, бул иштер менен кыздар жана алардын үй-бүлөлөрү, укук коргоо органдары иштеши керек»,-деп ой бөлүштү басма-сөз катчы.
Адам укугу боюнча парламенттик комитеттин жетекчиси Дастан Бекешов, аталган эл аралык уюмду ыңгайсыз абалга калтырды.
«Мен мынчалык (16500 ала качуу) көп ала качуу болот деп ойлобойм. Бул туура эмес. Алар расмий түрдө канча нике каталаарын билип алышсын»,-деп айтты комитет жетекчиси.
Бирок, анын сөзү боюнча, милиция кызматты ала качууну кайдан-жайдан таап алышпайт, арыздар аркылуу гана карашат.
«Эгер арыз болсо сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Бул кылмыш иши- арыздын негизинде тергөө иштери жүрөт»,-деп кошумчалады Бекешов.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, «Равенство сейчас» уюмунун айтканына таң калды.
«Эгер, эл аралык уюм жылына 15000 миң болгон окуяны айтып жатса балким аймактар арасынан алган маалыматтар бардыр. Мындай чоң санды кайдан алгандыгын билгим келип турат»,-деди Ирина Карамушкина.
Парламент өкүлү, ала качуулар көбүн эсе алыскы аймактарда болушуна ишенет.
«Азыркы учурда совет мезгилине чейинки патриархалдык мезгилге кайра кайтып баруу керек деген көрүнүчтөр бар. Совет доорунда кыз ала качууга бөгөт коюлган”,-дейт Карамушкина.
Кылмыш жазасы
Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 123- беренесине ылайык - “Адам уурдоо”- “Адамдын дайымкы же убактылуу жашоо жайынан анын өз эркине каршы уурдо” 3 жылдан 5 жылка чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 155- беренесине ылайык “Аялды нике жолуна барууга аргасыз кылуу же үй- бүлөө курууга тоскоолдук кылуу” дагы аялдардын укуктарын коргоого багытталган. Аталган берене боюнча 10000 сомдон 20000 сомго чейинки айып төлөнүп же үч жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Кыргызстандын улуттук жана эл аралык мыйзамдарына таянып “Равенство сейчас” эл аралык уюму мыйзамсыз кыз ала качуу фактыларына жол бербөөгө чакырат.
Конституцияга ылайык Кыргызстан бардык жарандарга мыйзам алдында тең укуктуулукту камсыз кылат.
Бирок, уюмдун баамында, кылмыш иши боюнча өкүлдөр: милиция, прокуратура, соттор көпчүлүк учурларда кыз уурдоону “Түптөлүп калган салт” катары карап, “Мыйзамдын аткарылышын” камсыз кылбайт. Бул боюнча ички иштер министрлиги жана Өкмөттөн комментарий алуу учурунда жеткиликсиз болду.
“Кыргызстандын маданий көз караштары төмөнкүчө, эгер кыз ала качкан жерде бир түнөп калса (жыныстык катнашуу болбогон күндө деле) алардын ата-энелери нике кыйылышына макулдугун берүүгө мажбур болушат”,-деп кайрылууда берилген.
“Равенство сейчас” уюму 2010-жылы болгон окуяны мисал катары келтирген. Анда уурдалган кыздын энеси кызды ошол үйдө келин болуп калуусуна көндүрүп, ал үй- бүлөөсүн жана өзүн уятка калтырбашын айткан.
Уюмдун билдирүүсүндө, кээ бир ата-энелер кызын алып качып кеткен адамдардан белек жана акчаларды алып, милицияга кайрылбоого убадасын берет.
“Открытая линия” коомдук фондунун кыздарды алып качуу боюнча изилдөөсү биринчи жолу эмес.
“Индепент” Британдык гезити этникалык кыргыз кыздарынын төрттөн үч бөлүгү өз эркине каршы бирөө менен турмуш курууга мажбур болушса, кээ бир алыскы аймактарда бул көрсөткүч 80 пайызды түзөт деген маалыматты таркаткан.
Басма сөздүн берүүлөрүнө караганда, Кыргызстандыктардын көбу муну кылмыш иши эмес, салт катары көрөөрүн билдирет. 2011-жылдын башталышынан тартып, Кыргызстанда эң аз дегенде уурдалган кыздардын экөө өз өмүрүн кыйышкан.
Кыз ала качуу фактыларынын катарын жакында эле “Таатан” соода борборунун жанындагы аялдаманын алдында болгон окуя толуктаган. Укук коргоо органдары бул окуя тууралуу эч кандай арыз келип түшпөгөнүн билдирген.
Дагы бир белгилүү кыз ала качуу окуяларынын бири Караколдук Кымбат Баракан кызын, кыз ала качууга каршы багытталган кино тасмасын көрүүгө бара жаткан кезинде ала качып кеткен.
Автор: Любовь Шевченко, Айбек Жумабеков, Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы