Кыргыз тилдүү КВНге алдырган орус тилдүү КВН

Эки жылдан бери орус тилдүү КВН оюнчуларынын күйөрмандары күндөн-күнгө азайып баратат. Ошол эле учурда кыргыз тилдүү «Тамашоу» лигасы өлкө ичинде таанымалдыгын арттырып келет. КВН катышуучулары, тамашалардын сапаты төмөндөп, жарнамалоо да жакшы эмес болуп жатканын билдирди.

Мындан эки-үч жыл мурун,  күз-жаз мезгилинде, дем алыш күндөрү  борбор калаабызда жайгашкан Спорт сарайынын алдында топ-топ болуп чогулган улан-кыздарды көрүүгө мүмкүн эле. Алар  шайыр тапкычтар клубунун тамашаларын көрүп эс алып, өздөрүнүн  тайпаларын колдоого  келет болчу.

Спорт сарайына эки миңден ашык адам батат.  Эки-үч жыл мурун КВНдин билеттерин алдын ала сатып алып, оюн күнү олтураарга жер жок болсо, азыркы кезде төртөн бир бөлүгү гана толот.

Кыргызстандын КВН лигасынын 19-ноябрда болгон  кезектеги биринчи  оюнунунда  300дөй көрүүчү келген.

Акыркы кезде белгилүү топтордун ойнобой калышынанбы же башка жакка кыргыз тилдүү «Тамашоу» лигасына жана Ортоазиялык «Азия-микс» топторуна өтүп кетишиненби,  төмөн  көрсөткүч экинчи мезгилде  да кайталанууда.

1996-жылы Кыргыз КВН лигасы түзүлгөн. Анын жетекчиси жана уюштуруучусу Евгений Акопян спорт ордосунун төрттөн бир бөлүгү толсо да, келген көрүүчүлөр менен мурункудай ачык маанайда саламдашат. Анын айтымында, КВНдин  атактуулугунун төмөндөп баратканы уюштуруучулукта эмес, ойноп жаткан топтордун арасында жаштардын алмашуусунда.

«Жыл сайын биздин окуу жайлардын бардыгы эле  таланттуу балдарды чыгара бербейт. Мезгил мезгили менен болуп турат. Алар келет ойношот, утушат кайра  кетишет. Биз байкап жүрөбүз»,-деп түшүндүрдү КВНдин жетекчиси.

Акопян, ар бир оюнга канча адам келээрин так айта албайт. Анын билдирүүсүндө, мезгилдин аягындагы эсептөөлөр боюнча  70 миң билет сатылган. Ошондой экен оюнга ошончо көрүүчү  келген.

Жарнамалоо жакшы болбой жатканы тууралуу КВН катышуучуларынын айтканына, Акопян, «эч кандай көйгөй жок» болгону «КВНге көрүүчүлөрдү мажбурлап алып келе албашын» билдирди.

«Азия — микс» орус тилдүү лигасы 2009-жылы түзүлгөн. Анын курамын Акопяндык оюнчулар толуктайт. Алар биринчи мезгилдеги атактуулуктун негизинде спорт сарайында таймашуу өткөрүшкөн. Бирок, кийинчерээк алар  600 орундуу жаштар уюму  болгон «Сейтек»  борборуна өтүп кетишкен.

«Азия-микстин» жетекчиси Нурлан Анарбаев «Клоопко» берген интервьюсунда, оюндар «Сейтек» борборунда болуп жатканын билдирди. Себеби спорт сарайынан айырмаланып бир топ ыңгайлуу.

Анарбаевдин ою боюнча, КВНге келүүчүлөрдүн санынын кыскарып баратканы, оюндун электрондук жана телеберүүгө ылайыкташтырылган түрүнүн пайда болушу.

Кыргыз тилдүү КВНдин атактуулугу

Төрт жылдан бери  спорт сарайын  толтуруп келген  кыргыз тилдүү «Тамашоу» лигасы, бүгүнкү күндө  өлкө ичинде атактуулугун арттырып келет.

Лиганын уюштуруучусу жана президенти Эрмек Нурбаевдин «Клоопко» берген маегинде, кыргыз тилдүү КВНдин пайда болушу,  кыргыз тилин өркүндөтүү максатында болгон.

«Эгер сен кыргыз тилинде сүйлөсөң сени «мырк» деши мага жакпайт»,-деп айтты Нурбаев.

Ал  «Тамашоуну» атактуу болду деп эсептебейт.  Чыныгы атактуулукка жетишиш үчүн оюнчулар дагы көп иштерди кылыш керек деп айтат.
Эрмек Нурбаевдин айтымында, башка лигалар менен атандашуу «Тамашоунун»  максаты эмес.

КВН лигасынын «ЛСД» тобунун катышуучусу Бакыттын ою боюнча, кыргыз тилдүү жаштардын көп болгонуна байланыштуу «Тамашоуго» адам көп келет.

Евгений Акопяндын айтымында, кыргыз тилдүү лиганын атактуулугу, бул орус тилдүү көрүүчүлөрдүн өлкөдөн кетип калышына байланыштуу.

«Орус тилдүү көрүүчүлөрдүн ордуна айыл жергесинен орус тилин билбеген  кыргыз тилдүү жаштардын келиши болууда. Биз көп жолу байкадык, ал жакта да биз жакта да жаштар болгону менен биздин  жана «Тамашоудун»  көрүүчүлөрү таптакыр  эки башка»,-деп түшүндүрдү Акопян.

Көрүүчүлөр үч лигага  бөлүнүүдө

19-ноябрда Кыргызстан- КВН тамашасын көргөнү келгендердин айрымдары гана кол чаап  тайпаларды кубаттап турду. Айрым учурда  көрүүчүлөрдүн колдоосу музыканын жаңырыгынан угулбай жатты.

Бир-эки жыл мурун  командалардын колдоочулары көп болуп спорт сарай ичине батпай калышчу, бирок азыркы кезде алардын саны азайып 10-15 адамды гана түзөт.

Кыргызстан КВН лигасынын  мурунку күйөрманы Ниязбек Абазганов, лиганын жетекчилиги оюнчулар менен иштешпей эле акча табуу максатында болуп калды,- деп айтат.

Абазганов,  «акопяндык лиганы» көптөн бери көрбөгөндүгүн айтып,  «Азия-микс» лигасынын оюндары кызык жана тайпалардын даярдыктары жакшы экенин билдирди.

Студент Дангисхан Шаймерденов, Кыргызстан КВН лигасында ар түрдүү окуу жайлардын  топтору катышаарын билдирип алардын тамашалары  кызыктуу экенин айтты.

«Азия-микс» лигасынын күйөрманы Бакыт Кадыралиев, аталган топтун тамашалары жашоодон алынаарына ишенет.

Артем Галимовдун айтымында, КВНшиктердин жаңы толкунунун даярдыгы  күндөн күнгө жогорулап баратканын белгилеп, өзү «Азия- микс» лигасын көрөрүн айтты.

«Мен тамашага өзүмдүн тааныштарымды жана досторумду  колдоо үчүн барам.  Алар болбосо балким оюнга барбашым мүмкүн беле»,-деп айтат Галимов.

Айжаркын Аскарбек кызы, башка лигалардан айырмаланып «Тамашоу» эң сонун экенин айтат.

«Тамашоунун» дагы бир күйөрманы Айчүрөк Кубанычбек кызы, кыргыз тилдүү лиганын  тамашалары өзгөчө болуп, күндөн күнгө сонун жана күлкүлүү болуп жатканын билдирди.

«Алардын алдыга умтулуу аракети мага жагат, сахнада болгон катачылыктарына карабай алар аракет кылышат»,-деп айтты студент.

«КВН Кыргызстандын»  мурунку  мезгилиндеги оюнуна 2 миңден ашык   көрүүчү келген.

 Даярдануунун көйгөйлөрү

Мурунку КВН катышуучулары,  топтордун жакшы даярданбагандыгынан оюн өз атактуулугун жоготуп келет, деп билдирет.

Жогорку КВН-Кыргызстан лигасынын,   «ЛСД»  тобунун  жеңүүчүлөрү  Наги жана Бакыт, жаңы-топтордун тамашаларынын жана даярдыктарынын төмөн деңгээлде болуп жатканын белгилеп өттү.

«Аталган тайпалар тамашалар үстүнөн жана  көрүүчүлөр менен иштебей  жаман аткарып жатышат. Себеби, көрүүчү тайпаны жакшы көрүшү керек. Эгер тайпалар бир жолу жакшы, экинчи жолу жаман аткарса, көрүүчү дагы, ал тайпа ага жагабы жакпайбы түшүнбөй калат. Ошон үчүн алар оюн көрүүгө келишпейт»,-дейт Наги

КВНдин мурунку оюнчусу, мындан үч жыл мурун спорт сарайында болуп өткөн  премьер лига оюнунда адам көп болуп, атайын өтүүчү жайларда да көрүүчүлөр отурганын  айтат.

Атын айткысы келбеген «Сборная 312» тайпасынын уюштуруучусунун айтымында, КВН-Кыргызстан лигасынын көйгөйү- Москва тамашасына тең келүүнү каалаган түшүнүксүз редакторлордун бардыгында.

«Редакторлор аябагандай жапжаш. Тайпалар аларды угушпайт. Тамашалардын маани-маңызын түшүнбөйт да сценарийди оюнчуларга калтырып коюшат. Анан күлкүлүү тамаша болбой калат»,-деп айтты мурунку оюнчу.

Нурлан Анарбаевдин айтымында, «Азия-микс» лигасынын уюштуруучулары тайпаларга жардам бербейт жана алардан тамаша жазып аны алдын ала даярдашын талап кылышат.

«Бизде да  жаштардын алмашуусу боюнча көйгөйү бар. Мисалы «KG» тайпасы  бул мезгилде ойноп бүтөт. Биз мындан ары жаңы тайпаны аралаштырабызбы  белгисиз. Муну менен бизден жоопкерчиликти алып койбойт. Ошондуктан биз баары бир оюнчулар менен иштей  беребиз, тамашаларын оңдоп түзөп жардам бере беребиз»,-деди Анарбаев.

КВН Кыргызстан тайпасы өздөрү даярданышат, бирок аткаруу учурунда тамашаларды  редакторлор баалашат.

Эрмек Нурбаевдин айтымында, дайым алдыга умтулуп, өсүп келе жаткан«Тамашоу» лигасынын мурунку оюнчулары,  даярдануу учурунда тамашалардын сапатын карап  тайпаларга жардам беришет.

Учурунда тогуз жыл «акопян лигасында» иштеп келген, КВН Кыргызстан лигасынын редакторлорунун бири  Арслан Ибрагимов, 2009-жылдан тартып кыргыз лигасынын редактору болуп калган.

Жарнаманын жоктугу

«Детский сад «Ромашка» тайпасынын оюнчусу Сардар Аскеров, айрым бир учурда оюндун деңгээли төмөндөп, эч ким барбай калганын айтат. Бирок, Аскеровдун айтымында азыркы кезде оюндун деңгээли өсүп, тайпалар тажрыйба жагынан жетишкендиктерге жетишүүдө.

«ЛСД» тайпасынын оюнчусу Бакыт,  атаандаштарынын пайда болгонуна байланыштуу башка лигалардан айрымаланып өзгөчө бир нерсени ойлоп чыгуу керектигин айтат.

Жарнаманын жакшы болбой жатканын айтып келген Академия МВДнын «Очная ставка» тайпасынын капитаны Бакыттын сөзү  менен макул экенин билдирди.

Кыргызстандык КВН көрүүчүлөрү, боло турган тамаша тууралуу көчөдө илинген же болбосо интернет-веб сайттарда жазылган жарнамалардан окуп билишет.

Атактуулуктун бардыгына карабастан кыргыз тилдүү КВНдин  мурунку оюнчулары, баардык жерде абал төмөн бойдон калганын байкашкан.
«КВН өлкөдө жабыр тартып жок болууда»,-деп айтат «Сборной 312» тайпасынын түптөөчүсү.

Кыргыз редактору жана которгон: Айгул Гуламидин кызы
Авторлор: Анна Лелик жана Улукбек Акишев