Бишкек-Ош жолу 27- ноябрда ачылат

25 метр бийиктиктеги кар көчкүдөн улам Бишкек-Ош жолу үч күнгө жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө аба-ырайы жакшы болсо, Бишкек-Ош жолу 27-ноябрда ачылат.

ӨКМнин басма-сөз катчысы Эльмира Шарипованын «Клоопко» берген интервьюсунда, жолдогу карды тазалоо иштери бүтөрү менен 27-ноябрда  жолдун ачылуусу күтүлүүдө. ӨКМнин болжолдуу маалыматына караганда, кар көчкүсүнөн жабыр тарткандар жок.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, кар көчкүсүнөн улам, Казарман–Жалал-Абад авто жолундагы «Сары-Кыр» ашуусу, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка жолунун «Чапчыма» ашуусу, Атбашы-Кында-Торугарт жолундагы «Кында» ашуусу жабылган.

«Жолдорду кардан тазалоо иштери атайын техниканын жардамы менен жүргүзүлүп, жол коопсуздугун сактоо бөлүмүнүн кызматкелери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат» - дейт Шарипова.

Басма-сөз катчынын айтымында, жолдун ачылышы аба-ырайынан көз каранды.

«Кар көчкүсү болбошу үчүн, аба-ырайы жакшы болуш керек,» - деп айтты ӨКМнин басма-сөз катчысы.

Кыргызгидрометтин «Клоопко» берген билдирүүсүндө, жакынкы күндөрдө өлкөдө катуу суук болушу күтүлбөйт.

Кыргызгидрометдин интернет баракчасынын маалыматында, ноябрь айында Чуй өрөөнүндө абанын температурасы өзгөрүп турат, тункусун -6дан -11 градусга чейин, күндүзү +5тен +13 градус цельсияга чейин.

«Аба ырайынын кескин төмөндөлүшү күтүлбөйт» - дейт Кыргызгидрометинин кызматкери.

Транспорт жана коммуникациялар министринин басма сөз -катчысы Курманбек Абдымамбетовдун «Клоопко» берген маегинде, жолдун убактылуу жабылгандыгына байланыштуу кыргызстандыктар Бишкекке же Ошко аба жолу аркылуу бара алышат.

«Азырынча эки жак учак аркылуу гана бара алышат. Ошондой эле, автоунаа аркылуу бара турган болсо, анда көчкү түшкөн жерге чейин барып, андан ары жөө басып, анан башка унаага түшүп каалаган дарегине жетиши мүмкүн»-деди Абдымамбетов.

Жолдун жабылганына байланыштуу, Манас аэропортунун кызматкерлери Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош аба каттамдарындагы жүргүнчүлөрдүн санын так айтуудан баш тартышты.

Бийиктиги 25 метр болгон кар көчкүдөн улам, Бишкек-Ош жолу 24 -ноябрда бийлик тарабынан жабылган.

Клооптун кабарчысы билдиргендей, ОШ-Бишкек унаа токтоочу жайда 20га жакын оштук айдоочулар жолдун жабылышына нааразы болушууда.

«Бизге жолдун жабылышы тууралуу эскерткен эмес,мына эми биз кардарларыбыз жок жөн эле турабыз. Ал эми башка айдоочулар жол жабык экендигин билбей эртең менен Бишкекке жолго чыгышкан, алар тигил жакта турушат» - деп нааразы болушту айдоочулар.

Которгон: Сейил Шералиева
Кыргыз редактору : Айгүл Гуламидин кызы

Сүрөттүн автору: Oleg1975, flickr.com