«Сүрөтчү — Коом» аттуу жыйын кыска метраждарды көрсөтүүдөн башталды

Эки жылдык долбоордо сүрөтчү менен коомдун өз ара иштешинин жыйынтыгы катары, 24-ноябрда расмий эмес ачылышта уюштуруучулар тарабынан тогуз иш көрсөтүлдү. Алардын арасына кошулган төрт сүрөт Кыргызстандык сүртчүлөр тарабынан жасалган.

«Сүрөтчү-коом»,  «Бактрия» тажикстандык маданий борборунун эки жылдык долбоору болуп эсептелет.

Георгий Мамедовдун айтымында, долбоордун максаты; сүрөтчүнүн ролун өзгөртүү жана «искусство коомду өзгөртөбү же ал менен бирге иштеше алабы» жана искусство коомдо,- деген суроого жооп издөө болуп саналат.

Долбоор болгону үч этаптан турат. Биринчиси-Душанбеде башталгыч сүрөтчүлөргө жайкы мектебин өтүү. Экинчиси- Кыргызстан жана Тажикстандын кичинекей шаарларында жолугуушуларды өткөрүү. Ал эми акыркы бөлүмү болуп, сүрөтчүнүн коомдо өз ара аракеттениши тууралуу жаралган иштер жөнүндө «Сүрөтчү-коом» аттуу жыйналышта пикир алышуу болуп эсептелет.

Кыргызстандык сүрөтчү Бермет Борубаева, өзүнүн идеяларын сүрөттө чагылдыруу үчүн Тажикстандагы эн чоң аймактын административдик борбору болгон Мургаб шаарын тандап алган. Муграб шаарынын калкы көчүп-конуп жашаган жашоонун элесин сактап калган кыргыздар болуп эсептелинет.

Берметтин «Клоопко» берген маалыматында, « Баардыгы же эч нерсе» деген аталыштагы ишинде, ал этникалык кыргыздардын жашоосун көрсөткөнүн жана Памирдегилер сыяктуу өзүнүн этникалык теги тууралуу айтып берген.

«Архивдик тасмада 1927-жылдан 2011-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин айыл-чарбасындагы айрым нерселердин өзөрбөгөнүн көрсөткөн »- деп айтты сүрөтчү.

Борубаева өзүнүн чыгармасы үчүн, « искусство — коом» түркүмүн тандап алган. Чогулган түркүмдө иштин негизги максаты катары коомдогу көйгөйлүү маселелер каралган.

Кыргызстандык дагы бир сүрөтчү Марат Райымкулов, чыгармачылыктын башка түрүн тандап алган - «искусство — каршылык көрсөтүү» башкача айтканда, «каршы туруу». Бул жанр коомдогу бир нерсеге каршы туруу же күрөшүүнү чагылдырат.

25-ноябрда Орус драмтеатрында Марат Райымкулов дагы «Король Крыс» аттуу спектаклын берет.

Сүрөтчү «Осторожно Вэлком» сүрөтүн камсыз кылуу үчүн Хорог шаарындагы «саясаттык каршылык» идеясын тандаган.

«Хорог шаарын тандоо кокусунан тандалган өзгөчө сапат, бирок биз аз-аздан өзүбүз издеген нерсени таптык. Бул бийликтин саясатка көргөзгөн өтө күчтүү каршылык мейкиндиги. Алыста турган Памирде жайгашкан шаардай болуп көрүнөт. Ошол эле учурда, ал жерде ар бир мейкиндик каршылык менен коштолот»,-деп айтты Райымкулов.

Борбордук Азиядагы венециандын биенналдык павильонунун жетекчиси Оксана Шаталованын айтымында, анын«Трудности взаимодействия» ишинин бөлүгү  «Романтикада» советтик доорунан бери Казакстандын Рудный шаарынын пафосунун сакталып калышын көргөзөт.

«Советтик учурдагы шаардын ошол бойдон сакталып калышы эң таңкалычтуу. Шаарда «Эмгекке даңк» жана «Ишкерлерге даңк» деген желектер илинип турат»,-деп айтат Шаталова өз иши боюнча.

Жыйындын мазмуну

«Сүрөтчү — Коом» жыйынынын расмий бөлүгү 25-ноябрдан 26-ноябрга чейин өтөт. Ал негизги төрт бөлүккө бөлүнөт - « Өз ара аракеттенүүнүн лабораториясы», «Өз ара аркеттенүүнүн кыйынчылыктары», «Башка долбоорлор» жана «Фо фан энд профит» болуп.

«Өз ара аракеттенүү лабораториясы» бөлүмүндө, «искусство — коом» жана «искусство — каршылык көрсөтүү» түркүмүндө сүрөтчүлөр 12 иш көргөзөт, ал эми «Өз ара аракеттенүүнүн кыйынчылыктары» бөлүмүндө «Сүрөтчү — Коом» долбоорунда келип чыккан көйгөйлүү маселелерди чагылдырган үч иш тартууланат.

«Сүрөтчү — Коом » сыяктуу эле, башка өлкөдө жүргөн, ошол эле көйгөй менен иш алып барган долбоорлор «Башка долбоорлор» бөлүмүндө көрсөтүлөт, ал эми «Фо фан энд профит» бөлүмүндө ар бир чогулуштун аягында башка өлкөдөн келген катышуучуларды Бишкектин жашоосу жана маданияты менен тааныштырат.

Кыргыз редактору жана которгон: Айгүл Гуламидин кызы

Которгон:Сейил Шералиева
Авторлор: Акжибек Бейшебаева, Адинай Касымбекова, Фируза Фынчина, Диана Рахманова