Мавродинин каржылоо пирамидасы Кыргызстанда да пайда болду

Орусиялык ишкер жана «МММ» акционердик коомдун негиздөөчүсү Сергей Мавродинин «пирамидага кошулуу» жарнамасы Бишкектин көчөлөрүндө пайда болгон. 2003- жылы Мавроди камакка алынган. 2007 -жылы «аябай чон суммадагы алдамчылык» кылгандыгы үчүн соттолгон.

Шаар тургундарын «МММ-2011» жаңы каржы пирамидасына кошулуусун сунуштаган, Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  баннер Орусиялык ишкер Сергей Мавродиге таандык.

Жарнамалык тактачада аталган пирамидага Бишкектен катышып жаткандардын байланыш телефондору, Мавродинин интернет бакчасы шилтеме катары көрсөтүлгөн.

«МММ — 2011» Кыргызстанда гана эмес, ушуга окшогон система - бул жылы Беларусияда пайда болгон.

Өзүн Мавроди деп тааныштырган адам,  sergey-mavrodi.com интернет баракчасын көрүүлөргө эскертет «менин атымды жамынып алдап жаткан алдамчыларга ишенбегиле»,- дейт

«Азыр интернет тармагында менин атымдын атынан иш алып бараткан алдамчылар көбөйүп кетти. Бул менин сайтым — www.sergey-mavrodi.com, башка эч кандай сайт жок, ал эми калган менин атымдан чыгып жаткан башка сайттар — алар алдамчылар», - деп айтат Мавроди.

Өзүн Мавроди деп тааныштырган адам, баардык каалоочуларды «каржылоо пирамидасы» МММ-2011ге кошулуусуна чакырат.

«Өз ара жардам берүү, бул абдан жакшы система. Элдердин мамлекеттен үмүтү жок болгондуктан, биздин адамдар бири-бирине жардам берет», - дейт ал.

Мавроди өзүнүн схемасын « каржы пирамидасы» деген аталышта атап, ал «пирамида акча чыгарат» деп ырастайт.

«Клооптун» кабарчысы, «МММ-2011» каржы пирамидасынын Бишкектеги бөлүм башчысы Алмаз менен болгон маегинде, Кыргызстанда «каржы пирамидасына» 500дөй жаран кызыгып жатканы айтылды.

Анын сөзүндө, бардык финансылык бизнес тышкы дүйнөдөн тургузулат. Банкта бирдиктүү эсеби жок, эч кандай уюмга катталбаган.

«Мавро — доллар» деген аталыштагы «МММ-2011» билдиргендей, «ар бир айда 20-пайыз киреше» алып келет. Баардык система сатып алуудан жана кайра сатуудан курулат.

Мавродинин 2011-жылдын март айында айткан сөзүндө, акча койгондордун кирешеси айына 60 пайызды түзөт.

Бирок Алмаз, бул система каалаган учурда жок болуп кетиши мүмкүн экендигин жашырбайт.

«Мавродинин сайтында алдын ала эскертүүлөр жазылган, каржылык пирамида каалаган учурда жок болуп кетиши мүмкүн. Ал жакта катышуучулардын саны миллиондогон жана алар үчүн эч ким жооп бербейт» - деп билдирет Бишкектик бөлүм башчысы.

Мавроди, 1994 -жылы «МММ» акциясын сатып алгандарга ушуга окшогон кирешени сөз берген. «Орусия тарыхындагы бирден — бир чоң каржылык пирамиданы» кийинчерээк орусиялык журналисттер  компанияны жокко чыгарышкан.

«МММ» акциясына ошол кезде 10дон 15 миллионго чейинки адамдар каражат салган. 1995- жылы компания банкрот болгондо көпчүлүк адамдар акчаларын кайра кайтарып ала алышкан эмес.

Мавроди ошол кезде Орусиянын өкмөтүндө депутат болууга жетишкен. Ошол себептен, депутаттык кол тийбестигинин айынан жоопко тартылган эмес.

1995-жылы октябрда аны депутаттык кол тийбестигинен ажыратышкан, бирок Мавроди укук коргоочулардан 2003 -жылыга чейин качып жүргөн.

Ал 2003 -жылы Москвада камакка алынган. 2007- жылы алдамчылык кылгандыгы үчүн 4,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, ал өзүнүн мөөнөтүн убактылуу кармалуучу жайда өткөргөн.

Мавроди Кыргызстандын эсебинен жашагысы келет

«Кыргыз концепт» туристтик иш канасынын башчысы Эмиль Ументалиев «МММ»дин Кыргызстанда болушуна каршы.

«Мавроди эмнени гана айтпай, ММКлардын жардамы аркылуу элдердин көңүлүн буруусун кааласа, эгерде анын башка жаңы ойлору болсо, ал жыйынтык чыкмай сайын шашпайт, » - дейт ал.

Уметалиев, Мавродинин каржы пирамидасын «коркунучтуу»,- деп атайт.

«Элге акча каражатын карызга бербешин эскертиш керек. Мындай учурда сөзсүз түрдө ишеничтүү адам табыла калат. Ал бул нерсеге кошулуу үчүн кайдан да болбосун акча тапканы аракет кылат», - деп кошумчалады Уметалиев.

Экономика жана бизнес боюнча серепчи Айылчы Сарыбаев, Уметалиевдин оюн колдойт.

«МММ»дин Кыргызстанда иш алып баруусуна уруксат берген тараптын - бул нерсе жөнүндө маалыматы жок же «МММ» ге шериктеш — деп эсептейт эксперт.

Сарыбаевдин сөзүнө караганда, Мавроди «Кыргызстандыктардын эсебинен жашагысы келип жатат».

«Алар пирамиданын катышуучулары, Кыргызстандын алсыз ордун таап алгансыйт. Кыргызстандын калкы базар экономикасынын механизими жаатында сабатсыз экендигинен пайдаланып, ошонун эсебинен жашагысы келип жатат» - дейт ал.

«Кыргызстандагы «МММ — 2011» системасы менен финполиция иш алып барыш керек»,-деп кошумчалады Сарыбаев.

Бирок, финполициясынын басма-сөз кызматынын «Клоопко» берген маегинде, «МММ — 2011» системасына Кыргызстанда тыю салынган эмес жана кыргызстандыктардын ага катышуусу ар кимдин өзүнүн иши,-деп билдирген.

«Ал нерсеге кошулууну ар кайсы жаран өзү билет, бирок бизге эч кандай даттануулар түшө элек», - деп билдирет финполициянын басма-сөз- кызматы.

«Мавродинин пирамидасы — толугу менен алдамчылык»

Экономика факультетинин студенти Чолпондун «Клоопко» берген маегинде, баардык каржы пирамидасына кирген адамдар алданып калышы мүмкүн эмес.

«Каржы пирамидасында баары түшүнүктүү, себеби пирамиданын үстүндө олтурган адамдар гана акча таба алышат. Кандайдыр бир пирамиданын катышуучусу болуу- жакын тааныштарын чон акча табууга үмүттөндүргөн адамдардын жоопкерчилиги, кийинчерээк алар акчасын алабы же жокбу дегендей»,- дейт студент кыз.

ЖОЖдын окутуучусу Хичеза, Бишкетиктер орусиялык бизнесмендин пирамидасына ишенбеши керек,- деп айтат

«Мавродиге окшогон алдамчыларга үмүттөнбөй, иштеш керек жана акчаны маңдай тер менен табышын керек,» - деп эсептейт Хичеза.

Бишкектик Антонина, Мавроди пирамидасын «болбогон бир нерсе»,- деп атады.

«Бул пирамида лотереядан да жаман. Жеңил акча табууну көздөгөн сабатсыз адамдарга боорум ооруйт. Мен каржы пирамидасына эч качан акчаларымды салбайм » - деп айтты чоң кыз.

Бишкектин дагы бир жашоочусу Жылдыз, Антонинанын оюн колдоду.

«Жеңил акча табууга кызыккан адамдарга боорум оорубайт. Анткени кийин жабыр тартса өздөрү гана күнөөлүү болушат» - деп кошумчалады ал.

Пенсионер Эркин «Клоопко» берген маегинде, Мавродинин каржы пирамидасы Кыргызстанда Орусияда кандай жок болсо ошондой жок болот,-деп билдирди .

«Мавроди абакта олтуруп чыккан, ал алдамчылык кылгандан башка эч нерсе жасай албайт. Бул пирамида Орусияда болгон, эми Кыргызстанга жеттиби. Мунун баардыгы алдамчылык» - деп эсептейт пенсионер.

Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Сейил Шералиева
Автор:Любовь Шевченко