«Эң жакымтай депутат» аттуу сынакта, алты жеңүүчү ат салышат

Сынактын жеңүүчүлөрү Limon.kg интернет баракчасын колдонуучулардын добушу берүүсүнүн натыйжасында аныкталган. Алты парламент өкүлү «эң жакымтай депутат» наамы үчүн финалдык сынакта атсалышат.

Limon.kg интернет сайтынын редактору Бермет Иманалиеванын сөзүнө караганда, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо эркин тартипте өтткөн. Ар бир фракциядан тогуз киши тандалып, үч топко бөлүнгөн. Андан кийин, ар бир үчилтиктин лидерлери өз ара жарышышкан.

Иманалиеванын айтымында, сынактын азыркы этабында «Ата-Мекен» фракциясынан Жоомарт Сапарбаев жана Өмурбек Текебаев, «Ата-Журт» фракциясынан Улан Чолпонбаев жана «Республика» фракциясынан Бакыт Торобаев акыркы жетинчи финалист болуп аныкталды.

Алты финалисттин аттары белгилүү болгон; СДПК фракциясынан үч депутат — Данияр Тербишалиев, Олег Домшенко жана Чыныбай Турсунбеков, Ата-Журт» фракциясынан — Мыктыбек Абдылдаев, «Ата Мекен» фракциясынан Равшан Жээнбеков, жана «Республика» фракциясынан Канатбек Исаев.

Жарым финалга 28 депутат гана катышкан.

«Сынактын жеңүүчүсүнүн аты эки жумадан кийин 9-декабрда билинет» - дейт Иманалиева.

Редактордун сөзүндө, башында өтүп жаткан сынакка депутаттардын кыжырлары келген, бирок кийинчерээк тамаша ирээтинде кабыл алышып, сынактын уюштуруучуларына сурөттөрүн жибере башташкан.

Иманалиеванын билдириминде, интернет сайтын редакциясы жеңүүчүгө кандай белек кылаарын аныкташа элек -деп билдирет.

«Балким, сертификат же диплом болот» - деп болжолдойт редактор.

Иманалиеванын сөзүндө, сынактын максаты - колдонуучуларды көңүлүн ачуу.

«Идея жайында пайда болгон. Сынактын башында ырчылар арасында өткөрөлү дегенбиз, себеби депутаттарды кандай баалашат- акылына же анын иш алып баруусуна карайт. Ал эми биз башка жагынан баалап көрөлү деп чечтик»-деп айтат Иманалиева.

Депутаттарды башка тарабынан баалап көрүү керек

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири Олег Домшенко өткөрүлгөн иш-чарага терс мамиледе болгон.

«Мындай сынактардын бизге кереги жок. Мен бул нерсеге жийиркенүү менен карайм »,-деп айтты депутат «Клоопко» берген интервьюсунда.

«Республика» фракциясынын депутаты Асыл Закиров, кесиптеши Домшенко менен макул экенин билдирди. Анын айтымында, парламент өкүлдөрүн башка тарабынан баалоо керек

«Бул жакшы эмес, депутаттарды эмнеге мынтип баалоо зарыл. Интеллектуалдык жактан же ишмердиги жактан баалоо керек да»,-деп айтты Закиров.

Финалисттердин бири Данияр Тербишалиев, сынактын өткөрүлүшүнө туура карайт.

Тербишалиевдин жардамчысы Эрландын айтымында, парламент өкүлү Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берилүүчү сынактардын көбүрөөк болуусун каалоор эле.

«Ал элдин оюн билүүчү бардык сынактарды жакшы кабыл алат. Бирок, мыйзамдарды жана депутаттардын өздөрүнүн иштерин баалоочу сынактардын көбүрөөк болуусун каалайт эле»,-деп айтат жардамчысы.

Ушундай эле ойду, «Республика» фракциясынын депутаттары Назаралы Арипов жана Абдыжапар Бекматов дагы колдоорун билдиришти.

«Мен, кандай гана сынак болбосун баарына жакшы мамиледе болом»,-деп кошумчалады Бекматов.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутатты Нурлан Төрөбеков, мындай таймаштар менен этият болуш керек,-деп айтат «Клоопко»берген интервьюсунда.

«Биздин Кыргызстанда-демократия бар. Ушул учурда этият болуш керек, себеби жаштар муну жакшы кабыл албашы мүмүкүн»,-деди депутат.

Калган катышуучулар макала жазып жаткан учурда комментарий алууда жеткиликсиз болуп жатты.

Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Сейил Шералиева
Автор: Диана Рахманова