24- март жоогазын төңкөрүш күнүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жумуш күнү кылууну сунуштады. Бирок, «Март элдик төңкөрүшү» коомдук уюму бийлик өкүлүнүн демилгесине каршы чыгууда.
Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, 24-март 2008-жылы 13-мартта “Ак Жол” партиясы тарабынан “элдик төңкөрүш күнү”- деп кабыл алынган. Бирок, 2010-жылдагы апрелдик окуядан соң «майрам өз актуалдуулугун жоготкон».
Анын ою боюнча, 24-март “майрам катары эч кандай баалуулугу жок”
«Ким үйүндө шампан ичип бул күндү майрамдайт? 7- апрелде авторитардык режим кулагандан кийин 24- март актуалдуулугун жоготкон. Биз иштешибиз керек, анын ордуна дем алуу жөнүндө көөбүрөк ойлойбуз»,-деп билдирди Дастан Бекешев.
Бекешов “Фейсбук” социалдык тармагындагы баракчасына, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары - бул сунушту колдоого алгандыгын жазган.
КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева, бул мыйзам долбоорун коомдун талкуусуна сунуштоо керек деп эсептейт.
«Бул маселе коомдун кызыкчылыгын сактоого тиешелүү. Ощондуктан парламенттик талкуудан өткөрү керек. Элдин оюн угуу зарыл. Бул мыйзам долбоорун эл канчалык деңгээлде туура же туура эмес кабыл алат. Ошонун негизинде чечим кабыл алынат»,-деп түшүндүрдү депутат «Клоопко» берген интервьюсунда.
"Ата Журт» фракциясынын депутаты Азамат Арапбаевдин айтуусунда, 24- мартты гана эмес, 7 –апрелди да жумушчу күнү кылуу зарыл.
«Дем алыш күнүн алып салуусун мен колдойм»,-деди Арапбаев.
Ал менен «Республика» фракциясынын депутаты Абдыжапар Бегматов да макул.
«Менин оюм боюнча, жумуш күнү бойдон калыш керек, ансыз деле майрамдар көп»,-деп билдирди депутат.
Эмне учун эми элдин кыжырын келтириш шарт
«Март элдик төңкөрүшү» коомдук фондунун Алай району боюнча координатору Абдылда Кутпидиновдун оюнда, Бекешовдун жоогазын төңкөрүшүн майрамдоо күнүн алып салуусу, элдин нааразычылыгын келтириши мүмкүн.
«Мисалы, Орусияда Октябрь төңкөрүшүн азыркыга чейин майрамдайт. Элди козгобой эле, бул майрамды калтырышын талап кылабыз. 24-мартты иш күнү кылса дагы, түштүк жергеси майрамдап, эс алат»,-деди Кутпидинов.
Ушул эле фонддун Ноокат районундагы координатору Эрмекбай Сегизбаевдин сөзүндө, 24-март майрам күнү катары төңкөрүштө катшыкан, ошол эле бийлик өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган
“Эмне үчүн элдин кыжырын келтирет”,-деп сурайт Сегизбаев.
Ош Мамлекеттик университетинин Кыргызстан тарыхы кафедрасынын окутуучусу Рустам Ураимов билдиргендей, 2005-жылдагы төңкөрүш Кыргызстанга эч кандай өзгөрүү алып келген эмес.
«Туура, бийлик алмашты, режим алмашты, бирок мамлекетте өнүгүү болгон жок. Кайрадан эле үй-бүлөлүк башкаруу келди. Ал күндү майрам катарынан чыгарып койсо деле болот»,- деп ойлойт тарыхчы.
Башка тарыхчы Барпы Төлөбаев, 24-марттагы төңкөрүш эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы биринчи болгон окуя. Ошон үчүн бул күндү майрамдар катарында калтырыш керек деп эсептейт.
Ош шаарынын тургуну Гүлнара Пазылованын айтымында, 2005-жылы төңкөрүштөн соң бийлик алмаштырылса да «чоң бурулуш болгон жок».
“Мен бул сунушту колдойм. Андан сырткары бул терс көрүнүш, мындайды эстебей эле койгонубуз жакшы»,-деди Гүлнара.
Үй кожойкеси Гүлназ Маматкул кызы да бул сунушту колдоорун айтты.
2006-жылдын 6- марттагы президенттин буйругу боюнча 24- март “Элдик революция күнү”,- деп белгиленген.
Жоогазын төңкөрүшү 2005- жылдын 24 -мартында болуп өткөн.
Аскар Акаевдин бийлиги 2005- жылы мажбурлоонун натыйжасында «Жоогазын төңкөрүшү» менен кулатылган жана батыш тараптары болгон Курманбек Бакиев бийлиги башкарууга келген. Бирок ал да кийинчерээк 2010-жылы апрель айында элдик төңкөрүштүн негизинде тактан кулатылган.
Которгон жана кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы