Укук коргоочу Аскаровдун соттук иши 20-декабрга жылдырылды

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин адвокаттардын жок болгонуна байланыштуу 20-декабрга жылдырды. Адвокаттар, укук коргоочулардын өз убагында келе албай калышынын себебин, бүгүнкү отурум тууралуу маалымат жетпегендиги менен түшүндүрдү.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун катарында болгон 8 өзбек улуттундагы айыпталуучуларга карата жогорку сот- адвокаттардын арызын кароо керек эле. Бирок, үч адвокаттын сот жараянына келбей калгандыгынан сот иши 20-декабрга жылдырылды.

Жалал-Абад облусттук соту тарабынан айыпталуучуларга 2011-жылдын февраль айында, массалык баш аламандыкты уюштургандыгы жана 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышууда милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү делип өкүм чыгарылган.

Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов, сот иши тууралуу аябай кеч кабардалгандыгын айтып арызданган. Ошондой эле, анын айтуусунда кээ бир адвокаттар кеч кабардалгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунан өз учурунда келе алган эмес.

«Жогорку соттун кызматкерлери атайын кат аркылуу адвокаттарды бүгүнкү сот иши тууралуу кабардар кылышы шарт болчу. Андан сырткары судьяда адвокаттардын кабардар болгондугу тууралуу маалымат долушу керек эле. Балким, адвокаттар каттарын алышкан эмес. Ошол себептен Жалал-Абаддтан келе алышкан жок»,-деди юрист

Токтакуновдун айтымында, сот жараяны тууралуу кеч кабарлоо сот системасынын коррупцияланышынан кабар берет.

«Бул менен сотторго ашыкча катышуучуларысыз соттук ишти өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындайча айтканда тынч өткөрүүгө. Же сот башка нерсеге кызыктар болушу да мүмүкүн»,-деп ойлойт Токтакунов

Жогорку соттун басма-сөз катчысы Токтакуновдун айткандарын четке кагып, адвокаттардын баары өз убагында кабардар болушкан,- деп билдирди

«29-ноябрда, жогорку сотто аталган кылмыш иши тууралуу отурумдун боло тургандыгы боюнча каттар 17-ноябрда адвокаттарга жиберилген»,-деп айтылат жогорку соттун басма-сөз барагында.

Соттук процессти калтыруудан бир кун мурун 28-ноябрда, каза тапкан милиционер Сулаймановдун жүзгө жакын туугандары жана жакындары Джалал-Абаддагы Базар-Коргон көпүрөсүн тосуп алуу менен каршылык акциясын өткөрүшкөн.

Сулаймановдун туугандары өткөзүп жаткан каршылык акциясы, Аскаровдун үстүнөн сот процессин кайра карала тургандыгына байланыштуу - деп билдирет Жала-Абад облусунун укук корогоочусу Бактыхан Жапарова «Клоопко» берген маегинде.

Жапарованын сөзүнө караганда, митингге чыккандар Сулаймановдун өлүмү туурасындагы ишти тез аранын ичинде кароосун талап кылышкан.

«Митинге чыккандардын колунда «Ушул ишке тиешеси бар башка адамдарга, Сулаймановду өлтүргөн Азимжан Аскаровко өлүм»,-деген жазуу болгон» - деп билдирет укук коргоочу.

«Нааразычылар Сулаймановду өлтүргөндөр «өмүр боюу эркинен ажыратылсын» деп өкмөттөн талап кылышкан. Соттук процессте каза болгон милиционердин тууганы жыйынга келбеген адвокаттары жок эле өтө берүүсүн сунуштаган»,-деп билдирет Жапарова.

Каза тапкан милиционердин туугандары адилет сотту талап кылганга толук укуктары бар - деп ойлойт «Эркиндик үнү» коомдук фондусунун укук коргоочусу Эльмира Эсенаманова.

«Алар (каза болгон милиционердин туугандары) жабыр тартышты, кимдир бирөө бул нерсени жасады , ошол жоопкерчиликке тартылыш керек. Бирок кыйнап — кыстоонун аркасынан коюлган күнөө үчүн кимдир бирөөнү жоопко тартуунун кереги жок » - дейт ал.

Аскаровдун адвокатынын апелляциясы

Аскаровдун соттук иши биринчи жолу жылдырып жаткан жок.

2010-жылы сентябрь айында Базар -Коргон райондук соту Аскаровго өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов Жогорку сотко апелляция жөнөткөн жана айыпталуучу милиция тарабынан кыйнап-кыстоолорго алынгандыгын айтып чыккан.

Токтакуновдун арызынан кийин, 8- февралдагы сот отуруму белгисиз убакка жылдырылган.

Аскаров Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси боюнча «Массалык тартипсиздиктер», 241- « Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү» жана 299 -« Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш иштерин жана Сулаймановдун өлүмүн уюштургандыгы үчүн соттолгон.

Укук коргоочуларды коргоо боюнча уюмдар 28-ноябрда арыздары менен кайрылган. Ал жерде Аскаровду улут аралык кагылышуу учурунда кармаган соң, милиция кызматкерлери тарабынан өтө жаман мамиле болгону айтылган.

Уюмдун арызында Аскаровдун үстүнөн козголгон сот ишин, «адилетсиз жана саясатташтырылган» - деп айтылат.

Аскаровдун ишин адилеттүү карап чыгуусун Кыргызстан ичинде гана эмес, чет элдик уюмдар анын ичинде АКШ өкмөтү жана америкалык актер Мартин Шин сыяктуу көптөгөн активисттер колдоп чыгышкан.
Которгондор: Айбек Жумабеков, Сейил Шералиева
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Диана Рахманова