Бишкек-Ош жолу жабылгандыктан түштүк региондорунда күйүүчү май «жетишсиз»

Түштүктөгү жашоочулардын айтымында, 25 ноябрдан бери бензиндин тартыштыгы байкалган. Андан улам күйүүчү майдын баасы 2 сомдон 4 сомго чейин көтөрүүлүдө. Бул көрүнүштү Транспорт жана коммуникациянын пресс-кызматы Бишкек-Ош жолунун кар көчкү жүрүү коркунучуна байланыштуу чоң унаалар жолго өткөзүлбөгөнү менен түшүндүрөт.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин пресс-катчысы Курманбек Рыспаевдин маалыматында, азыркы учурда Бишкек-Ош жолунун абалы «тайгак болнодуктан», бензин ташуучу чоң унааларга жолго чыгууга уруксат берилбей жатат.

«Жол ачык азыр. Жол тайгак, улам кар жаап жатат. Прицеби бар машиналарга тыю салып жатабыз. Прицеби жокторго жүк ташыган машинарга уруксат берип жатабыз»,—деди пресс-катчы.

Ош шаарынын Кара-Кулжа май куючу жайынын жетекчиси Жумабек Сатыбалдиевдин айтуусунда, Бишкек-Ош жолунун жабыктыгына байланыштуу бензин жок болуп жатат. Анын 90 пайызы Бишкектен келет. Ошондой эле бензиндин баасы үч сомго көтөрүлгөндүгүн белгиледи.

«Эки күн бензин кезеке туруп [айдоочулар] менин бензокалонкам жабылып калды. Бензин камыбыз ашып барса үч күнгө жетет. Бирок жолдор ачылып жатат, 28-чи ноябрда биринчи партиясы келди»,— деп кейиди Сатыбалдыев.

Ош шаарындагы такси-айдоочусу Сардар Абдыразаковдун айтуусунда, 25-ноябрдан бери бензин "кымбаттап", 93, 95 маркасындагы күйүүчү майдын жок экендигин жана ошого жараша жол акы да 10-20 сомго көтөрүлгөндүгүн айтты. Кеч киргенде май куючу жайлар «аз маз» баасын жогорулатышканын кошумчалады.

Ал эми такси айдоочусу Иманбектин айтымында, 93 «таза» маркасындагы бензиндин жоктугунан 80 маркасындагы колдонуп жаткандыгынан унаасы «жакшы жүрбөй калды».

«Бензиндин баасы 2, 3 сомго көтөрүлдү, жолкире кымбаттады»,— деп айтты Иманбек.

«Бензин ченелип берүүлүдө»

Жалал-Абадтагы айдоочу Нияздын сөзү боюнча, май куюучу жайларда бензин ченелип сатуулуда.

«Бензин жок болуп жатат, кезекте туруу керек. 300 сомдон ашык куйбай жатышат экен»,— деди айдоочу.

Ушул эле аймактын жашоочусу Хожиакбар Ахмедов да бул маалыматты тастыктайт. Ар бир айдоочуга 100 сомдон ашык бензин сатылган эместигин айтты.

«Мен окуу жайга барайын десем такси жок, 2,3 километрдей жолду жөө басып жатам. Кээ бир адамдар бензин тартыштыгына байланыштуу көчөгө чыгып, литирин 100 сомдон сатканын көрдүм. Бензин алыш үчүн кезеке турган да учур болду»,- деди Ахмедов.

Баткен облусуна караштуу Үч-Коргон айлынын тургуну Бахром Масадиров бензин таңкыс болуп элдер кезекте турушаарын жана 92,93 маркасындагы бензиндердин жоктугун маалымдады.

«Бензин 43 сом 80 тыйынга көтөрүлдү мурда 38-39 сом эле»,— дейт Масадиров.

"Газпром" Ачык акционердик коому макала жазуу учурунда жеткилиликтүү эмес болду.

25 метр бийиктиктеги кар көчкүдөн улам Бишкек-Ош жолу 25 ноябрда үч күнгө жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө аба-ырайы ашууларда 18:00 дон 8:00 ге чейин жолдор тосулууда. Бирок күндүзү карды жардыруулар болгон учурда жолдор жабылат, бүткөн соң дароо ачылып жатат.

Редактор: Айзат Шакиева