Атамбаев Кыргызстандын президенти болду

Президенттик шайлоодо жеңип чыккан Алмазбек Атамбаев, 1-декабрда расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Инаугурациялык сөзүндө Орусияны башкы шериктеши катары белгилеп өттү.

Инаугурациялык сөзүндө Атамбаев, алты жылдык мөөнөттүк кызматында коррупция менен күрөшүү анын эң негизги тапшырмаларынын бири экендигин белгилеп өттү.

"Бизди ичибизден жеп жаткан эң чоң койгой бул — Коррупция. Ал нерсени туп тамырынан жок кылууга баардык күчүмдү жумшайм» - дейт ал, мамлекеттик филармониянын чоң залында сүйлөп жатып.

Кыргызстандын калкын тынчтыкта жана ынтымакта жашоого чакырып, уюшулуган кылмыш иштери менен күрөшүүгө Атамбаев сөз берди.

«Биз Кыргызстанда гана бактылуу боло алабыз. Ага баардыгыбыз аракет кылышыбыз керек. Бизди улутка бөлүп жаткандар - мамлекеттин душманы, аларга карата мыйзамдын негизинде кымыш жаза кодексин колдонуш керек» - дейт Атамбаев.

Өлкө башчысы, паспорттогу «улуту» деген графиктен арылышыбыз керек деген сунуш киргизди.

Роза Отунбаева кетип жатып, Кыргызстандын жаркын келечеги мындан ары мыкты болушуна ишенем,-деп билдирди.

« Мен Кыргызстанда мындан ары демократия өнүгүп өсөт жана жаңы президент адилетүүлүк менен иш жүргүзөт деп ойлойм», -деди Роза Отунбаева.

Кыргызстандын тарыхынада Конституцияга ылайык биринчи жолу алты жылдык башкаруу менен Атамбаев төртүнчү президент болуп калды.

2010-жылы апрель окуясында Курманбек Бакиевди алып салгандан кийин бийликке Роза Отунбаева келген.

Кыргызстандын тарыхында Отунбаева бир жарым жылга созулган эң кыска башкарууну жетектеди.

Чет элдик коноктор

Атамбаевдин инаугурациясына эки президент катышты — Турция башчысы Абдулла Гюль жана грузин президенти Михаил Саакашвили.

Көптөн күтүлгөн орусиялык конок, Медведевдин президенттик администрациясынын башчысы Сергей Нарышкин салтанаттын акыркы мүнөттөрүндө келе албай калды.

Орусиядан келчүү коноктун келбегендигине карабай, Атамбаев Орусияны Кыргызстандын стратегялык шериктеши экендигин айтты.

Ошондой эле шериктештердин катарында Казахстанды, Өзбекстанды жана Турцияны белгилеп өттү.

Шаардагы тыгындар

Жаңы президенттин инаугурациясына байланыштуу Манас жана Чуй борбордук көчөлөрүнүн жабылуусу көптөгөн тыгындарды жаратты.

«Тыгында тургандар Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясын сөгүнүү менен тосуп алышты» - деп жазган «Твиттердин» колдонуучусу @Makenov.

«Фейсбуктун» колдонуучусу Мурат Калмырзаевдин иштеген жери инаугурация өтүп жаткан жерде филармония имаратынын карама- каршысында жайгашкандыктан анын офисине укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип кеткен.

«Офиске Мамлекеттик Улуттук коопсуздукту сактоо комитетинин кызматкери чуркап келип терезени жабууну суранды. Филармониянын үстүндө снайперчилер олтурат деди, 7-апрелди элестетип жаман болот экенсин,  терезеден алыс турууну туура көрдүм», - деп жазган ал.

Атамбаевдин шайлоодогу негизги каршылаштары — Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров жаңы башчыга каалоо тилек айтууну каалашкан жок.

Атамбаев кудай алдында ант берген Кыргызстандын биринчи президентти болду. Кудай алдында ант берүү инаугурациялык сөзү 2011- жылы 18- ноябрда шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү мезгилинде каралган.

Кээ бир укук коргоочулар бул ант берүүгө каршы экенин билдиришти.

Которгон: Сейил Шералиева
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер