Хроника: Атамбаев президенттик кызматка киришүүдө (12:00дө жаңыланды)

Кыргыз Республикасынын тарыхындагы биринчи жолу тынчтыктын негизинде бийлик өткөрүп берүү салтанаты болот. Жаңы президенттин -Алмазбек Атамбаев- инаугурациясы жакынкы сааттарда Бишкек шаарында өтмөкчү.

Кыргызстандын жаңы президенттигинин инаугурациясы азыркы мүнөттөрдө Бишкекте отуп жатат.

11:49  7- кабаттагы президенттик кабинетти Роза Отунбаева Атамбаевге өткөзүп берет. Атамбаев, Ак үйдөгү өзүнүн жаңы иш ордуна келди.

11:45 Ак үйдүн жанынан улуттук гвардиянын антын кабыл алып, алардын алдында сөз сүйлөдү.

11:41 Улуттук гвардиянын парадын кабыл алуу үчүн Атамбаев, филармониядан авто унаага олтуруп ак уйду көздөй бет алды.

11:39 Аксакалдар Атамбаевге ак батасын бергенден кийин сахнадан чыгып кетти.

Эми экс-президент болуп калган Роза Отунбаева филармония имаратынан чыгып кызыл килем үстүндө өзүнүн авто унаасын көздөй келе жатат.

11:31 Алмазбек Атамбаев айтат:

« Мамлекеттик тил кыргыз тилин биринчи класстан окуп үйрөнүш керек»

Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттардын бааардыгынын маданиятын өнүктүрүүгө шарт түзүп берилиш керек.

Биздин паспорттордогу улуту деген жерге «Кыргызстандын жараны» деп жазышыбыз керек .

11:28 Атамбаев орус тилинде сүйлөөгө өттү.

Сөзүн Кыргызстанды сагынып жаткан эмигранттардан баштады.

«Биз Кыргызстанда гана бактылуу боло алабыз. Ага баардыгыбыз аракет кылганда жете алабыз. Бизди улутка болуп жаткандар - ал мамлекеттин душманы жана алрга карата мыйзамдын негизинде кылмыш жаза кодесинин беренесин колдонуш керек» - дейт Атамбаев.

11:27 Атамбаев экономикалык пландар тууралуу билдирүү жасап, Кытайдын Кыргызстан аркылуу батышка болгон темир жолдун маанилүүлүгүнө токтолду.

Атамбаевдин максаты - Кыргызстанды бизнесмендер жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү

11:25 Алмазбек Атамбаев Орусияны башкы өнөктөш шериктеши экенин билдирди.

Башкалардын ичинен - Казахстан, Өзбекстан жана Турцияны белгилеп өттү.

11:24 Алмазбек Атамбаев улантууда:

«Көпчүлүк кылмышкерлер кармалды. Эртели кеч баардыгы жазасын алышат».

« Бизди ичибизден жеп жаткан эң чоң койгой бул — Коррупция. Ал нерсени туп тамырынан бери жок кылууга баардык күчүмдү жумшайм»

11:21 Алмазбек Атамбаев сүйлөп жатат:

« Биз бүгүн жаңы тарых жазып жатабыз. Бул президенттин тарыхы эмес, бул биздин мамлекеттин тарыхы».

«Биз, баардыгы сыймыктануу менен айтчуу жолдо баратабыз. «Мен-Кыргызмын. Кыргыздын жери-алтын, эли кымбат, биздин өлкөдө эч ким жакыр жашабашы керек»

11:18 Атамбаев өзүнүн биринчи сөзүн Кыргыз Республикасынын президентти катары сүйлөп баштады.

Ал чет өлкөдөн келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, андан кийин Отунбаевага анын «мыкты башкаруусуна» ыраазычылыгын билдирди.

11:14 Филармонияда гимн ойнолуп жатат.  Атамбаев президенттик кызматка киришти.

11:13 Атамбаевге Борбордук шайлоо коммисиясынын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов, президенттин төш белгисин тагып жана штандартын тапшырды.

11:12 Ант бергенден кийин,Атамбаевге Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн желекти алып келди. Ал аны өптү. Эми ага президенттин күбөлүгүн тапшырат.

11:11 Атанбаев ант берип жатат. Ал кудай алдында да ант берди.

11:08 Абдраимов шайлоонун жыйынтыгын жана жеңүүчүсүн жарыялап жатат.

11:06 Сахнага БШКнын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов чакырылды.

11:05 Роза Отунбаева сүйлөп жатат:

«Биз демократия жолунда шайлоо өткөрдүк. Саясатка жаңы жол ачтык. Биз өз жолубузду тандап алдык. Биз баарын далилдедик. Мен эркиндик мындан ары да болушуна ишененм. Мен Алмазбек Атамбаевдин адилеттик менен иштешине ишенем »

11:03 Сөз кезеги Роза Отунбаевага берилди.

11:02 Атамбаев филармония залына катышуучулардын дүркүрөгөн кол чабууларынын алдында кирип келди.

11:00 Отунбаева филармония тарапка бет алууда. Ошол учурда имараттын алдына жаңы президенттин автоунаасы келип токтоду жана жаңы президент Алмазбек Атамбаев кызыл килемченин үстүндө басып келе жатат.

10:59 Саханага БШКнын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов чыгып, Отунбаеваны чакырышы күтүлүүдө.

10:57 Отунбаеванын автооунаасы филармония имаратынын алдына келип токтоду. Ал кызыл килемчеде имаратты көздөй бет алды. Айланада толгон эл карап турууда.

10:56 Саханага конституциянын бирин жана калган мамлекеттик сиволдорду чыгарууда.

10:55 Улуттук гвардия солдаттары сахнага Кыргы Республикасынын желегин, штандартын чыгарууда. Атамбаев жана Отунбаеванын келүсүү күтүлүүдө.

10:53 Ушул эле учурда, Ак үйдөн КР Президенти Роза Отунбаева чыгып, Улуттук гвардиянын командачысынын рапортун укту. Президент жоокерлерге ыраазычылыгын билдирип, кортежи менен Улуттук филармонияга бет алды

10:50 Роза Отунбаева өкмөт үйүнүн алдына чыгып, улуттук гвардияга мамлекет алдында кызмат кылып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

10:46 Атамбаевдин президенттик шайлоодогу атаандаштарынын бири Турсунбай Бакир уулу дагы жаңы президенттке каалоо тилек айтуудан баш тартты.

«Мен салтанаттуу кечелерди жактырбайм жанан жасалма каалоолрду да айта албайм»,-деди Бакир уулу «Клоопко» берген интервьюсунда.

10:42 Мурат Калмырзаев өзүнүн «Фейсбугунда» төмөндөгүдөй деп жазган.

Биз баарын байкап турабыз. Элдерди имараттардын ичине киргизип салышты, көчөлөргө укук коргоо кызматкерлерин тургузуп коюшту. Бул мамлекетте эч нерсе өзгөрбөйт окшойт)).

10:40 Атамбаевдин инаугурациясына Турция жана Грузиянын президенттери Абдулла Гюль менен Михаил Саакашвили, ошондой эле Казакстандын, Таджикстандын жана Азербажандын премьер-министрлери келишкен.

Андан сырткары, Орусиянын өкмөт үйүнүн жетекчиси Сергей Нарышкин, Америка Кошмо Штатынын мамлекеттик катчысы Роберт Блэйк катышууда.

10:36 КТРК Бишкек шаарынын филармониясынан түз алып берүүнү баштады. Ага карабастан шаар ичинде автоунаалар арасында тыгын башталды. Жаңы президенттин инаугурациясынын болушуна байланыштуу Манас проспектиси жабылган.

10:24 Кыргызстандын айрым укук коргоо уюмдары президенттин кудай алдында ант берүүсүнө таң калышууда. Мындай чечим 18-ноябрда парламент депутаттары тарабынан шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алып жаткан кезде кабыл алынган.

«Президент- мамлекеттик кызматтагы инсан, мыйзам- юридикалык документ. Бул жерде кудай алдында мамлекеттик кызматтагы адамдын кандай тиешеси бар?»,-деп айтылат социалдык технология агентствосу тарабынан.

«Президентти эл тандап алды. Ошондой экен эл алдында ант берилиши керек»,-деп айтылат кайрылууда.

Отунбаеванын басма-сөз катчысы Султан Каназаров «Клооптун» журналисттерине жаңы ант берүүнүн мааниси боюнча комментарий берүүдөн баш тарты.

Атамбаевдин ант берүүсү төмөндөгүчө:

«Мен Алмазбек Атамбаев, кудай алдында жана эл алдында мамлекеттик кызматты туура чагылдырып, инсандардын укугун коргоого, Кыргыз Конституциясын негизинде иш алып барып, мамлекеттин баалуулугун, коопсуздугун жана эркиндигин сактоого ант берем.

10:11 Алмазбек Атамбаевдин инаугурация күнү жөнүндө сын пикирлер да жок эмес. Анын президенттик шайлоодогу атаандаштарынын бири башкы прокуратуранын мурунку жетекчиси Кубатбек Байболовдун «Клоопко» берген интервьюсунда, жаңы президенттен «репрессия» башкаруусун күтөт.

«Эч кандай жакшы нерсе болбойт»,-деп айтты Байболов.

Өзү жеңилип калган шайлоо боюнча «уурданып алынган» шайлоо деп, жаңы бийликке каалоо тилек айтуудан баш тартты.

10:00 Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК) инаугурацияны түз эфирде алып барат. Алып баруу 10:30 да башталат.

Инаугурациянын салтына байланыштуу Атамбаев резиденциядан чыгып, өкмөт үйүнөн келет. Ал жерде өткөн бийликтин президентти Роза Отунбаева күтүп алат.

КТРКнын дикторунун айтымында, Атамбаев эртеңки күндөн тартып кызмат ишине киришет.

9:42 Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы Бишкек шаарында, Кыргыз Улуттук филармониясында саат 10:00 дө башталат.

Кыргызстан тарыхында Алмазбек Атамбаев төртүнчү президент болуп шайланат. Конститутциянын негизинде президент алты жылга шайланат.

Роза Отунбаева бул башкарууну эң кыска мөөнөттөгү башкаруу деп атады. Себеби ал, Курманбек Бакиевдин апрелдик окуясынан кийин, бир жарым жыл гана бийлик башында болгон.

Кыргызстанда бул акыркы үч жыл ичиндеги үчүнчү инаугурация.

Инаугурацияга эки мамлекеттин башчылары катышууда алар, Турциянын президентти Абдулла Гюль жана Грузиянын президентти Михаил Саакашвили.

Атамбаедин бийлик башына келиши боюнча ой пикириңиз кандай? Жаңы президенттке каалоо тилектериңиз, комментарийлериңиз болсо +996 779 896685 номерине өз пикириңизди жибериңиз.