Милиционерлер тарабынан телефон аркылуу коркутуулар болгондугун айтып укук коргоочу даттанууда

«Голос свободы» фондусунун юристине милиционер чалып, укук коргоо органынын кыйнап- кыстоо иши  менен күрөшсөңөр «жапа чегип каласынар» деп айткан  — бул туурасында фонд өзү билдирүү жасаган. ИИМ болгон коркутуулар жалган деп, телефон чалуулардын болгонун жашырбайт.

Жузубалиевден сырткары Турусбековду кыйнап кыстагандыгы үчүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Мирлан Алиев жана Марлен Асанов, Свердлов райондук ички иштеринин  кылмыш иштерин изилдөө бөлүмүнүн башчысы Төлөбек Жунушахунов, ИИМнин уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү мекемесинин кызматкерлери Азамат Балыкбаев жана Эрмек Мамбетжанов айыпталууда.

Укук коргоочу уюм билдиргендей,  юрист Сардар Багишбековго карата коркутуу, Эркин Турусбековдун кыйнап кыстоо ишине карата соттолуп жаткан РИИБнин кызматкери Нурдин Джузубалиевдин атасы тарабынан болгон.

Турусбеков, белгилүү ырчы Мирлан Даутовдун өлүмүнө карата айыпталып жатат.

Джузубалиевдин атасы ИИМнин кызматкери болуп эсептелет.
«Эркиндик үнү» билдиргендей, телефондон коркутуулар Турусбековдун соттук жыйынынан кийин болгон.

Бегишбаев күнөөлүү делген Турусбековдун коргоочусу.

«Джузубалуев, анын баласы жана башка күнөө коюлуп жаткандар жетим эмес, алар үчүн туруп бере турган адамдар бар — тууган- урук жана кесиптештери  дегендей, ошондуктан активдуу болбой эле койгула, деп билдирди» - дейт  фонддун башчысы.

Аны сөзүнө караганда коркутуучу ички иштер министирлигинин номеринен чалган.

«Мен чалуунун убактысын белгилеп алдым жана телефон аркылуу сүйлөшүүнү кагазга чыгарып койдум, мен прокуратурага арыз даярдап жатам» - дейт укук коргоочу.

Милиция кызматкерлери тарабынан болгон коркутуулар, Турусбековдун иштери боюнча укук коргоочулар активдуу иш алып барып жаткандыктан болуп жатат деп божомолдойт коомдук фонд.

«Иш элдин көңүлүн өзүнө бурчу нерсе, коомдук фонд ММКтары менен тыгыз мамиледе, процесстин жүрүшү жана кийинки жыйындын күнү тууралуу журналисттерге маалымдап турат. Мындай активдуулук Нурдин Джузубалиевдин атасына жакпай калса керек», - деп ойлойт Багишбаев.

Ички иштер министирлигинин басма сөз- кызматы Багишбаевге телефон чалынгандын четке какпайт, бирок укук коргоочуга коркутуулар болгондугу тууралуу маалыматты жокко чыгарат.

« ИИМ кызматкерлери тараптан ага (Багишбаев) үстөмдүк болгон эмес. Ошол эле учурда Багишбаевге чалган милициянын кызматкери  Сардар — байке деп кайрылган, бирок ал милиционер жашы боюнча көп эле андан улуу»,-  деп айтат ИИМнин басма сөз  кызматы.

Турусбеков 2010-жылы 24-майда Мирлана Даутовдун өлүмүнө шектүү делип кармалган.

Багишбековдун сөзүнө караганда, Турусбековду милиция кызматкерлери кармагандан соң, 10 саат бою психологиялык кысым жасашып, ар кандай түрдө кыйноого салышкан жана башына жылтырак баштыкча кийгизип кыйнашкан.

«Турусбековду кыйнап-кыстап, ур-токмоко алгандан кийин, ал болгон окуяны милициялардын айтымы боюнча жазып берген»,-деп айтат укук коргоо уюму.

«Эркиндик үнү» уюмунун адвокаты 2010-жылы 2-июнда Свердлов райондук прокуратурага милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылуу жасаган.

2011-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы аталган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кылмыш жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүмүнө, 318-беренесинин 1- бөлүмүнө, 325-беренсине жана 326-беренеге ылайык  кылмыш ишин козгогон.

Укук коргоо уюмунун айтымында  алты кызматкерге карата козголгон соттук иш азыркы күнгө чейин каралбай, бешинчи жолу жылдырылып келет.

Бешинчи соттук жыйындын каралбай калышы соттолуучу милиционер Азат Балыкбаевдин авария болушуна байланыштуу  башка учурга жылдырылган, деп билдирет «Эркиндик үнү».

Андан кийинки сот иши 2011-жылдын 1-декабрына коюлган. Бирок, соттун чечиминен кабар жок.

Турусбеков cыртка чыгып кетүүгө укукгу жок деген чечимге ылайык бошотулган. Азыркы кезде ага карата козголгон сот иши токтотулган.

Которгон: Сейил Шералиева
Кыргыз редактору: Айгул Гуамидин кызы
Сүрөттө: Сардар Багишбеков
Сүрөт ээси: Бектур Искендер