Кыргызстан коррупцияланган өлкөлөрдүн арасында кайрадан 164- орунда

«Транспэренси Интернешнл» уюмунун рейтингинине караганда, Кыргызстан акыркы төрт жыл аралыгында коррупцияланган өлкөлөрдүн катарын толуктап келет. Өлкө быйылкы жылы деле өткөн жылдагыдай 164-орунда.

Башка жылдардан айырмаланып, былтыр бул рейтингде 176 мамлекет орун алса, ал эми быйыл 182 өлкө орун алган. Ошону менен бирге Кыргызстан абалына жараша бир азга орун бошоткон.

Былтыркы жылы Кыргызстандын коррупция боюнча деңгээлинин көрсөткүчү 2 баллга жетсе, быйылкы жылы 2,1 балл алган Кыргызстан-  Гвинея, Йемен жана Камбоджа өлкөлөрү менен бир тепкичте турат.

Борбордук Азиядагы коңушулаш мамлекеттердин арасында коррупциянын жогорку деңгээли менен айрымаланган Түркмөнстан жана Өзбекстан — 1,6 баллдан алышкан.

Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирген Казакстан коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарын толуктап, рейтинг боюнча 2,7 бал алган.

"Индекс восприятия коррупции» аталыштагы рейтинг «Транспэренси Интернешнл» уюму тарабынан даярдалып 1-декабрда Берлинге жиберилген. Уюм өзүнүн рейтингинде, бийлик өкүлдөрүнүн коррупциялык деңгээлине, каржы тарабынын көзөмөлдөөсүнө, коррупцияга каршы  күрөштүн натыйжалуулугуна  таянып жыйынтык чыгарган. Жыйынтыктын негизинде быйылкы жылы Жаңы Зеландия 9,5 балл менен коррупциянын деңгээли аз, ачык-айкын делген өлкөлөрдүн катарына кирген.

Жаңы Зеландиядан тышкары үч илтикти Дания жана Финляндия толуктаган. Ал эми эң төмөн көрсөткүчтө түндүк Корея жана Сомали турат.

Кыргызстандын абалы

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү коррупциянын бар экенин мойнуна алышат. Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүү мамлекеттин негизги иши экенин, өзүнүн инаугурацияда  сөзүндө белгилеп өттү.

«Коррупция — бизди ичибизден жеп жаткан эң чоң көйгөйүбүз. Бул нерсенин түп тамыры менен жок кылуу үчүн мен бардык күчүмдү жумшайм»,- деп сөз берди Атамбаев өз кызматына киришип жатып.

Коррупцияга каршы кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова, Кыргызстанда коррупциянын туруктуулугунун оптимистүүлүгүн көрүп жатып жана «Транспэренси» уюмунун рейтингтик багыты боюнча төмөндөшүн 2010-жылкы революциядан кийин Кыргызстандагы компаниялардын улутташтырылган көйгөйү менен түшүндүрдү.

«Жакшы дагы 164-орундабыз. Акыркы төрт жыл аралыгында 164-орунда болуп келүүдөбүз. Биз мындан да жаман болот деп коркон болчубуз»,-деп билдирди Муканова «Клоопко» берген интервьюсунда.

Анын ою боюнча, көптөгөн коррупциянын күч алышы бизге келчүү инвесторлорду чочутуп коюшу мүмкүн. Ошондой эле, 2003-жылдан бери Кыргызстанда кылмыш жаза кодексине ылайык «Коррупция» боюнча төрт гана иш козголгон, ал да болсо 2010-жылы Бакиевдин кетишинен кийин болгон.

Кыргызстандын өнүгүүсүн «Балтик Сервэйдин» изилдөөсү боюнча, акыркы беш жыл ичинде элди- коррупцияга караганда мамлекеттин өнүгүүсү жана жумушсуздук көбүүрөөк ойлонтуп калган.

«Форбс» экономикалык журналынын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан быйылкы жылдын июль айынан тартып, экономикасы эң начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктап калган.

Ошону менен бирге «Форбс» эң төмөн багыттагы экономиканын өнүгүшүн, өлкөдөгү коррупциянын жогорку деңгээлде экени менен түшүндүргөн.

Кыргызстандагы коррупция боюнча оюңуз кандай? Жашооңузда коррупцияга туш болдуңуз беле? Бул маселе сиз үчүн канчалык деңгээлде көйгөйлүү? Бул тууралуу биз менен ой бөлүшүңүз, комментарий жазыңыз.

Которгон жана редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев