Мурунку коалициянын ордуна жаңысы пайда болууда

Социал-демократтар партиясы жаңы түзүм пайда кылуу үчүн коалициянын катарынан чыкты. Эми алдыда төрт партия бар жана депутаттар кайсы партиялар коалиция түзүмүнө киришин кабыл алуусу кана калды.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматына киришкен күндүн эртеси, 2-декабрь күнү эрте менен социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков, партиянын коалициядан чыгышы тууралуу маалымдады.

«Клооптун» кабарчылары айрым депуттатар менен байланышып көрүштү жана алардын ою боюнча, «Эми жаңы коалицияны түзүү керек. Бул социал-демократтардын тапшыруусунан кийин болот го»,-деп ойлошот бир нече фракциялардын депутаттары.

Жаңы статуска байланыштуу Алмазбек Атамбаев партиянын мүчөсү болууну токтотот. Эми жаңы коалицияны кайсы фракция түзөөрүн жаңы президент Алмазбек Атамбаев аныктайт.

КСДПнын коалициядан чыгышын Турсунбеков, сот сисемасы  жана экономикалык маселелер боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыга алган жокпуз. Ошон үчүн бул коалицияны жаңыртуу керек,-деп түшүндүрдү.

Мурдагы коалицияга КСДП, «Республика» жана «Ата-Журт» партиясы кирген. Ал 2010-жылыдын декабрь айында түзүлгөн. «Ата-Журт» жана башка партиялар ортосунда «Мегакомду» улутташтыруу боюнча маселе көтөрүлгөндөн кийин коалициянын түзүмү таркап кетүү кокунучунда болгон.

«Ата-Журт» калуу максатында

Коалицияны таркатуу боюнча айтылган соң, «Ата-Журт» партиясынын лидери Ахматбек Келдибеков заматта маалымат жыйынын өткөздү. Жыйында партия жаңы коалициянын составына кирүү максатында экени билинди.

Кыргызстандын түштүк жергесинде атактуу болгон «Ата-Журт» партиясыз коалиция түзүү мүмкүн экендигин «Ата-Мекен» партиясынын депутатты Равшан Жээнбеков билдирди.

«Ата-Мекен» партиясынын депутаттары тарабынан төрага Келдибековко ишенбөөчүлүк пайда болгонуна байланыштуу, «Ата-Мекен» жана «Ата-Журт» партиясынын ортосунда тирелүү пайда болгон.

Азыркы кезде депутаттардын айтымында, коалиция төрт партиядан түзүлөт. Бирок, эч ким кайсы партиялардын курамында түзүлөөрүн билишпейт.

Жаңы коалицияны «Республика» партиясы өздөрү түзөрүнө ишенишет. Себеби «Республика» парламентте КСДПнын эң жакын шериктеши болуп эсептелет.

«Республика» фракциясынын лидери Канат Исаев, өзүнүн партиясын жаңы коалициянын катарында болооруна ишенгендиги тууралуу кабарды «К-Ньюс» маалымат агенттигинин журналистерине тастыктаган.

Калган үч партия этиятык менен мамиле кылууда. Ошону менен бирге Келдибековдун жетекчилиги асытнда болгон «Ата-Журт» партиясы «чоң коалиция» түзүп, анын катарында болуу максатын көздөп КСДПнын чыгышын колдоду.

Ал эми, «Ар-Намыс» партиясы азырынча комментарий берүүдөн карманууда.

Биримдиктин жоктугунан «Ата-Журт» партиясы жаңы коалициянын катарына кирбей тургандыгын «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов «Клоопко» берген интервьюсунда билдирди.

Беш партияны камтыган коалицияны түзүү идеясына Маматов каршы экенин билдирген. Анын айтымында парламентте мындай болушу мүмкүн эмес. Мындай учурда «Ата-Мекен» автоматтык түрдө оппозиция болуп кетишине сөз берди.

Азырынча Атамбаев коалиция түзүүнү кайсы партияга тапшыраары белгисиз. Бирок, «Республиканын» лидери Исаев бул маселе жакынкы күндөрдө чечилээрине ишенет.

Которгон жана редактор Айгул Гуламидин кызы

Автор: Эльдияр Арыкбаев