Каракол аэропорту биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамды кабыл алды


Ысык-Көл облусунун борборуна Алматы-Каракол эл аралык каттамы боюнча биринчи жүргүнчүлөр келип түштү. Бул аэропорт 1991-жылдан бери үзгүлтүксүз дайыма авия каттамдарды кабыл алган эмес. Бийлик өкүлдөрүнүн ою боюнча, бул жолдун ачылышы туристтердин көп болушуна шарт түзүп, шаардын экономикасын көтөрөт.

Казакстандын «СКАТ» авиакомпаниясынын самалеттору жумасына эки жолу, дүйшөнбү жана жума күндөрү, 2012-жылдын март айына чейин каттап турушат. Каракол шаарындагы аэропорттун тарыхында эл аралык каттам биринчи жолу болуп жатат.

Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов жаңы каттамдын пайда болушу менен куттуктап, шаарда конокторду кабыл алуу үчүн баардык шарттар бар экенин билдирди. Ошону менен бирге жаңы аэропорттун ачылышына жардам бергендери үчүн Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө, Бишкектеги «Манас» аэропортунун жетекчилигине жана АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча (ЮСАИД) агенттигине ыраазычылыгын билдирди.

ЮСАИДтин жер-жерлерди өнүктүрүү боюнча программасынын жетекчиси Кен Накбар, аэропортун ачылышы шаардын экономикалык абалын жана туристик жаатын өнүктүрөт деп билдирди. Ал өзүнүн тоолу жерлеринде лыжа тебүү жайлары бар экени менен таанымал.

«Каракол кышкы эс алуу жайларына баруу канчалык кыйын жана узак экендиги боюнча казакстандыктар тарабынан көп арыздануулар болгон»,- деп айтат Накбар

Казакстан мамлекеттинин чоң шаарларынан алыс жайгашкан Каракол шаары Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабынан орун алган. Ал жакка барыш үчүн Алматалыктар Бишкек шаары аркылуу барышы керек болчу.

Казак-кыргыз чек арасындагы убакытты эске албаганда, Алматыдан Караколго чейин жетүү 9 саат убакытты талап кылат. Ал эми самалет аркылуу жарым саатын аралыгында жетүү мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Валерий Ситчихин, мындан сырткары башка эл аралык каттамдардын ачылары тууралуу «Клоопко» берген интервьюсунда билдирди.

«Азыр Новосибирск жана Омск авиакомпаниялары менен ушундай эле каттамдардын ачылышы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деп билдирди губернатордун орун басары

Караколдогу билет, Алматыга караганда арзан

«Муза» туристик агенттигнин жетекчиси Мирали Мухамедиев, негизги кардарлар казакстандык туристер болуп, баардык чыгымдарды жаап турат,-деп билдирди.

Казакстандын «Компас» туристикалык агенттигинин кызматкери Инна Дорога, жаңы ачылган авиакаттам тууралуу кабарды жакшы кабыл алып, мурда жолго жана чек арага көп убакыт кетчүү,-деп айтат.

«СКАТ» авиакомпаниясы АН-24 самалеттуна 48 адам батат,-деп билдирет

Анын айтуусу боюнча, аларда төрт тариф болот. Бирок, негизги тарифтин баасы 225 АКШ долларын түзүп, эң жогорку тариф майрам күндөрү 300 АКШ долларын түзөт,-деп билдирди.

«Караколдо билеттер арзан турат. Эки жакка барып келүү 130-150 АКШ долларын түзөт», -деп айтты Дорога.

Кышында туристерди кышкы лыжа тебүү жайлары кызыктырса, жайында Ысык-Көлдүн көл жээгинде эс алуусу кызыктырат.

Эл аралык «Манас» аэропортунун Караколдогу филиалынын мүдүрү Бакир Салиевдин айтымында, азыркы кезде жаңы ачылган аэропортто 16 адам иштейт.

Бирок, кийинчерээк каттамдар көбүрөөк болгондон кийин кызматкерлердин саны да көбөйөт,-деп билдирди ал.

Анын айтымында, акыркы жыйырма жыл ичинде Каракол аэропорту атайын каттамдарды же самалетторду гана кабыл алчуу, алар да көрсөтүлгөн жерге коно алчуу эмес.

Ысык-Көл ички иштер мекемесинин башчысы Жалил Илипаев, мындан ары Каракол аэропортунун коопсуздугун сактоо үчүн атайын бөлүм ачылаарын билдирди.

«Милиция кызматкерлеринин санын 60 ка жеткирүү боюнча, ИИМне кошумча сунуш киргизилди»,-деп айтты Илипаев.

Каракол аэропорту 1979-жылы курулган. Акыркы жолу таккай каттам 1991-жылы болгон.

Аэропортун оңдоп түзөө иштери «Манас» аэропортунун каржылоосунун негизинде 2011-жылдын сентябрь айынан баштап ноябрь айына чейин болгон. Каржылоого толугу менен 5 млн сом акча коротулган.

Которгон жана редактор: Айгул Гуламидин кызы

Автор: Азат Рузиев