Президенттик сайт эми Атамбаевдин карамагында болот

Алмазбек Атамбаев жаңы кызмат ишине киришкенден тартып, президенттик веб-сайтта өлкө башчысы тууралуу маалыматтар жазыла баштады. Ошого карабастан Кыргыз Республикасынын президенттик интернет баракчасынын негизги беттинде Роза Отунбаеванын аты cакталып турат.

Рresident.kg веб-сайтын «Юник Текнолоджис» компаниясы иштеп чыккан. Алар, Отунбаеванын негизги бетте сакталып турушун, азырынча Атамбаевдин басма сөз кызматынан сайтты толтуруу тууралуу эч кандай кабар келе элек,-деп түшүндүрдү.

Аталган компаниянын менеджери, жакынкы арада веб-сайт толук түрдө жаңы президенттке ылайыкташтырылып жасалаарын «Клооптун» кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Азыркы кезде президенттик сайтты иштеп чыгып жаткан топтун өкүлү, жакынкы арада- 5-декабрга сайт толук түрдө Атамбаевдик болот,- деп билдирди.

Жаңы президенттин басма сөз кызматты веб-сайт тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ошого карабастан сайтта Атамбаев тууралуу биринчи кабарлар пайда болду. Бул маалымат Атамбаевдин жаңы даражасы жана жолугушуулары боюнча.

Ошо менен бирге сайттын негизги жеринде «Кыргыз Республикасынын Президентти — Отунбаева Роза Исаковна» деген жазылуу сакталып турат.

Учурунда өкмөттө премьер-министрлик кызматты аркалап келген Алмазбек Атамбаевди көрсөтүп туруучу веб-сайттын «премьер-министр» деген бөлүгүн ачууда «катат 404» деген жазуу чыгууда.

Президенттик сайттын тарыхы

President.kg сайтты биринчи президент Аскар Акаевдин мезгилинде пайда болгон. Анадан кийин 2001-жылы каттоодон өткөн.

Андан сырткары веб-сайт ак-көк түстө болуп, Акаевдин урааны менен ачылчуу. Азыркы күндө «веб архив» долбоору боюнча сакталып турган веб-сайттын түрү эң эски деп айтылып , 2001-жыл 18-февраль деген дата көрсөтүлүп турат.

2001-жылы сайт толугу менен өзгөртүлүп, күрөң түскө алмашкан.

2004-жылы ар дайым өзгөрүп туруучу президенттик жаңылык баракчасы пайда болгон.

2005-жылкы төңкөрүштөн кийин, Курманбек Бакиевдин башкаруу системасы келген соң, веб-сайтта эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Ал 2010-жылдагы апрелдик окуяга чейин ошол бойдон калган.

Бакиевдин акыркы башкаруу мезгилинде, «Клооптун» бүтүрүүчүсү Тимур Токтаналиев тарабынан сын пикир айтылган соң сайттын түзүлүшү өзгөргөн.

President.kg домени 2010-жылдын декабрь айына чейин каралбай калган. Кийин Kyrgyz-el.kg дареги боюнча президент Отунбаева сайты иштеп баштаган.

2010-жылдын декабрь айынан тартып cайт өз калыбына келген.

Которгон жана редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Адинай Касымбекова