Опузалап акча алгандыгы үчүн кармалган бажы кызматкери дале «эркиндикте»


Кыргызстандын бажы кызматынын билдирүүсүнө караганда, 26-ноябрь күнү Ош шаарында укук коргоо органдары тарабынан опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалган бажы кызматкери эркиндикте жүрөт. Бирок, Ички иштер министрлиги бажы кызматынын бул маалыматын четке какты.

Кыргызстандын Бажы кызматынын басма-сөз катчысы Абдылда Малдыбаевдин «Клоопко» берген кабарында, азыркы кезде коркутуп акча талап кылгандыгы үчүн шектелип жаткан бажы кызматкери эркиндикте жүрөт.

Ага байланыштуу бажы кызамты өз ара болгон иш тууралуу иликтөө жүргүзөөрүн билдирди.

«Каралган иш качан гана расмий түрдө жокко чыгарылса, мен өзүм аны ММКга берем»,-деп айтты Малдыбаев.

Ички иштер министрлиги бажы кызматынын маалыматын четке кагып, шектелүүчү Ош шаарында 26-ноябрь күнү темир жол станциясынын айланасынан пара алып жаткан жеринен кармалган,-деп билидирди.

ИИМ кармалуучунун аты жөнүн, кызматтык абалын иликтөө максатында айтпайт.

«Опузалап акча алуу туурасында ИИМ ыкчам топ кызматтына кабар келип түшкөн. Текшерүү мезгилинде айтылган кабар туура болуп чыкты. Түштүк жергесиндеги бажы кызматкери Ош шаарына алынып өткөн товарлар үчүн жеке ишкерлерден 2000 сом өлчөмүндө акча талап кылаары билинген»,-деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, ИИМдин иликтөө бөлүмү бул иш боюнча кылмыш жаза кодексинин 313-беренесине ылайык кылмыш ишин козгогон.

«Азыркы кезде иликтөө бөлүмү текшерүү, изилдөө иштерин алып барып жатат»,-деп айтты ИИМдин басма сөз кызматты.

Ош шаардык темир жол станциясынын кызматкерлери «Клооптун» кабарчысына бажы кызматкеринин кармалганы тууралуу маалыматты тастыкташты.

Алардын айтымында, бажы кызматкери мурун эле Түштүк Кореядан алынып келинген товарлар үчүн пара сурап опузалаган.

«Ал жакта автоунаа, төшөнчүлөр бар болчу. Биздин товарлар алып келинип салык төлөмдөрү төлөнгөн болчу, ошого карабастан пара сураган»,- деп айтышты Ош шаардык темир жол станциясынан.

Редактор жана которгон Айгул Гуламидин кызы

Автор: Асель Талантбекова
Сүрөт ээси: Александр Ким