Жубайын өлтүргөн айыпталуучунун жазасы жеңилдетилди

Аялын өрттөп өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылуунун ордуна Самат Райымбеков, 20 жылга эркинен ажыратылган. Каза болгон келиндин байкеси, жазанын жеңилдетилишин адилетүүлүктөн эмес деп, соттун чечимине арызданаарын билдирди.

Райымбековдун үстүнөн арыздануу болгон соң, Ысык-Көл облусттук сотту, Түп райондук соттунун чечимин карап чыгып, жаза катары 20 жылга эркинен ажыратылып, каттуу тартиптеги колонияга жиберилсин, -деп белгиледи облустук сот.

Түп райондук сотту, Саматты кылмыш-жаза кодексинин "Өлтүрүү" жана "Ден-соолукка оор жаракат келтирүү" беренеси боюнча өмүр бою эркинен ажыратылсын,-деген чечим чыгарган.

Каза болгон адамдын адвокатты Роман Догазиев, Райымбековдун кылган иши оор кылмыш ишине барабар экенин билдирди.

"Ал өз аялына бензин куюп өртөп жиберген, ошол себепке байланыштуу анын арыздары негизсиз жана каралууга мүмкүн эмес",-деп айтты жабыр тарткан тараптын адвокаты.

Бирок Райымбековдун адвокатты Бакыт Өмүровдун айтымында, Түп райондук сот соттолуучуга жазанын ченемин жогорулатып жана чечим чыгарууда жеңил көңүлдүүлүккө алдырып жиберген.

"Менин билишимче, Түп райондук сотту жеңил көңүлдүүлүккө алдырып жиберген. Эгер көнүлдүн баарын алып койсок, өмүр бою эркинен ажыраттуу жазасын берээр алдында, ал баланын бенизин куюп жиберээрде, ага өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бербегендиги тууралуу далилдөөсү керек эле",-деп ой бөлүштү Өмүров.

Баары ушундай кылышы мүмкүн эле

Соттолуучунун досу Урмат Мамыевдин айтымында, Түп райондук соттуна жабырлануучулар тараптан басым болгон жана өмүр бою эркинен ажыратуунун ордуна прокурор 17 жылдык жазаны берген эле.

"Ал аялын өртөп жибергенинин себеби, жубайы жолдошунун көзүнө чөп салаган болчу. Баары эле ушундай кылышы мүмкүн эле. Самат мурун соттолбогон жакшы бала",- деп айтып берди Урмат.

Каза болгон келиндин байкеси, Түп райондук соттун чечими туура эле болду,-деп билдирет.

"Эгер анын жазасын жеңилдетсе, мен арызданам. Ага өмүр бою эркинен ажыратуу же атуу жазасын бериш керек",-деп айтты Султанов.

Ала качуунун жыйынтыгындагы өлүм

"Айкын багыт" коомдук уюмунун директору Мунара Бекназарованын сөзүндө, ар төрт жыл ичинде, Кыргызстан аялдарга басым жасоо боюнча иш жыйнагын берип турат. Бул тууралуу кабар ООНдук  комитеттин карамагына жетиши мүмкүн.

"Окуя бизди кызыктырып калды. Себеби бул  ала качуунун негизи жана каардуу өлүм",-деп айтат Бекназарова.

"Айкын багыт" уюмунун жетекчисинин билдириминде, үй-бүлө башынан баштап эле кыздын укугун бузуу менен башталган. Себеби Райымбеков, өз жубайын кыйнап кыстап эле ала качкан.

Анын айтымында, соттолуучу чоң атасынын сөзүн уккан да, биринчи туш болгон кызды ала качкан.

"Көйгөйдүн негизги маселеси, бул кызды ала качканда алардын оюу боюнча кыз калыш керек да кеткенге акысы жок",-деп айтты уюмдун жетекчиси.

Бул каргашалуу окуя 2011-жылы 1-июнда Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында болгон. Самат Райымбеков жубайы Мария Султанованы өртөп жиберген. Азыркы кезде алардын үч баласы жетим калууда жана алардын мындан кийинки келечеги белгисиз.

Кыргыз редактор жана которгон Айгул Гуламидин кызы.
Сүрөт steakpinball колдонуучусунуку жана flickr.com сайтынын Creative Commons лицензиясынын негизинде колдонулду.
Автор: Азат Рузиев