Келдибеков Текебаевди төрагалык орунду талашып жатат,- деп күнөөлөдү

 

5- декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев анын ордун талашып жаткандыгын айтып чыкты. Ал эми оппозициялык партиянын мүчөлөрү мурун эле Келдибековду кызмат абалынан ашыкча колдонуп жатат деп күнөөлөшкөн.

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тарабынан айтылган күнөөлөрдүн баары,  жөн гана менин төрагалык ордум үчүн саясий күрөш»,- дейт Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы кайрылуусунда.

Парламент төрагасы, «Ата-Мекен» фракциясынын жыйынында ага карата айтылгандын баарын «жөнү жок айыптоо» деп түшүндүрдү.

Мындан мурун "Ата-Мекен" фракциясы өкүлдөрү "өкмөттөгү иши канааттандырарык эмес»,- деп добуш берүү аркылуу парламенттин төрагасына ишенбестиктерин көрсөтүшүп, аны төрагалык орундан чететүү маселесин көтөрүп чыгышкан.

Оппозициялык фракция тарабынан айтылган айыптоолордун катарында, Келдибековду кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынын бири болгон Камчыбек Кольбаев менен байланышы болгондугу, Жогорку Кеңештин бюджетин чегинен ашырып жибергендиги, чет мамлекттерге болгон бир нече жолку сапарлары жана KG номерлерин таркатып бергендиги болгон.

«Ата-Журт» партиясынын депутаттары «Ата-Мекен» тарабынан айтылган айыптоолорду четке кагып, «тастыктоочу далилдерди көрсөтүп, андан кийин күнөөлөсө болот »,- деп айтышты.

«Булардын кызыкчылыгы төрагалык орунда гана эмес, коалицияга кирүү жана башка нерселер да болушу мүмкүн»,- дейт «Ата-Журт» партиясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев.

Бирок, «Ата-Мекен» партиясынын депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун айтымына караганда, Текебаев төрагалык орун үчүн күрөшкөн жок.

«Сиздин ордуңузга умтулбай элемин, өзүнө жол тазалап жатат деп ойлобонуз», - деп парламенттик отрумда айткан Текебаевдин сөзүн депутат Абдрахманов белгилеп өттү.

Эгер парламенттин 80 депутаты каршы добушун берсе Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагалык ордунан  кетээрин айткан.

Жашыруун  кабар

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ички иштер министрлигинин белгиси менен кайрылган кат, бүгүн 5- декабрда бир нече маалымат агенттиктерине  келип түштү. Каттын автору катары өзүн тааныштырган Бек Казанов болду.

Катта Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынын бири болгон Камчы Көлбаев менен «Каракол» базасындагы «Каприз» мейманканасында болгон жолугушуусу жөнүндө маалыматтар айтылат.

«КР ЖКнин төрагасы Ахматбек Келдибеков  уюштурулган криминалдык топтун лидери Камчы Көлбаев менен мейманкананын ресторанында эки жолу жолукандыгы аныкталды. Жолугуушунун себеби жана айтылган сөздөрдү аныктоо мүмкүн болбоду» - деп жазылат Зарылбек Рысалиев тарабынан кол коюлган катта.

Министирликтин кызматкерлери кат боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, эртең кайрылуубузду өтүнүштү.

«КСДП», «Республика» жана «Ата-Журт» фракцияларынын коалициялык макулдашуусунун 13-пункту боюнча, парламенттин көпчүлүгүнүн таркашы менен Жогорку Кеңештин төрагасы үч күндүн ичинде кызмат ордун тапшырышы керек.

«Жогорку Кеңештин төрагасы коалициялык көпчүлүктүн таракашы менен 3 күндүн ичинде милдеттерин өткөрүп бериши керек» дейт макулдашуунун текстинде.

2- декбрда КСДПсы парламенттик көпчүлүктөн чыгышы менен коалиция таркаган.  Келишимде көрсөтүлгөндөй, коалиция тарагандан тартып 3 күндөн кийин төраганын милдеттери мыйзамдуу түрдө токтотулат.

Ошого карабастан, Келдибековдун басма сөз катчысы Асель Алиеванын айтымында, коалициялык макулдашуу күчүн жоготкон, себеби социал-демократтар макулдашууну бузуп, белгиленген убакыттан эрте коалициядан чыгып кеткен.

«2 жыл аралыгында коалициядан чыгууга эч кимдин укугу жок болчу. Коалициондук макулдашууда белгилүү мөөнөттөр көрстүлгөн. Эгер кайсы бир партия бул кадамга барса — макулдашуу бузулат. Коалиция таркаса, макулдушуу өз күчүн жоготуп Конституция күчкө кирет. Ошондой эле Келдибековду кызмат ордунан алуу макулдашуу тарабынан эмес, параментте чечиле турган маселе » - дейт Алиева.

Саясат таануучу Марс Сариев, коалициялык келишимдеги төрагалык милдеттин мөөнөттөрү боюнча маселени - «укуктук карама-каршы кырдаал» деп атап өттү.

«Бул карама-каршылыкта тең салмактуулук бар, бир жагынан коалиция эки жыл сакталат деген жана экинчи жагынан коалиция таркаса төрага ордунан кетет»,- дейт серепчи.

Серепчинин айтымында, төрага өз милдеттерин тапшырышы зарыл, себеби жаңы коалиция түзүлгөнү турат жана  төраганы өздөрү шайлап алышы керек.

Конституциондук мыйзам боюнча серепчи Данияр Нарынбаевдин «Клоопко» берген интервьюсунда, коалициялык макулдашуунун шарттары сакталышы керек дейт.

«Менин оюмча, Келдибеков мырза өз ордунан кетсе юридикалык жактан туура кадам болот. Башка жактан алып караганда Конституцияга, коалициондук макулдашууга жана бийлик бөлүштүрүү принциптерине каршы болуп, өз ордун сактап калуу максатында ар кандай себептерди издеп жаткандай болуп калат»,-деп айтты Нарынбаев.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Диана Рахманова

Болуп жаткан саясаттка көз карашыңыз кандай ? Келдибеков жана Текебаевди саясатчы катары канчалык деңгээлде баалайсыз? ой -пикирлериңиз болсо жазып калтырыңыз.