Ош шаарындагы үйлөр кышкыга акча жетишпестигинен улам бүтпөй калды

Мамдирекция кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү департаментинин пресс-катчысынын маалыматында, 1600 жер үй калыбына келтирилип, 1-ноябрга үйлөрдүн 30 пайызы гана бүтүрүлбөй калды. Бирок көпчүлүк жабыр тарткандардын айтымында, «айрымдардын гана үйлөрү бүтүрүлдү».

Мамдирекциянын пресс-катчысы Мелисбек Эржигитов «Клоопко» берген интервьюсунда кыш мезгилине чейин бүтпөй калган үйлөрдүн себептери бирөө гана эмес. Демөөрчүлөрдүн негизги милдеттендирмеси салынып жаткан үйлөрдүн ээлери өздөрү да активдүү салымын кошуусу зарыл.

«Былтыркы жылы абал курч болчу. Ошол мезгилде демөөрчүлөр жабыр тарткан адамдарга өзүнүн үйүн кургандыгы үчүн акы төлөп берген. Быйыл болсо андай айлык акы жок деп чечилген. Болгону устага гана 30 % акы төлөп берет»,—деп түшүндүрдү Эржигитов.

Ошондой эле ал курулуш материалдардын жетишпестигин кошумчалап, жабыр тарткан жарандар уста акысынын аздыгына «таарынышкандарын» айтты.

«Жабыр тарткандар усталардын акысын бербей койдунар, биз иштебейбиз, деп үйүн курбай, эл аралык донорлорго таарынып отурду]»,—деп билдирди басма сөз катчысы.

Ал эми Абдыраим Бобеков мамдирекциянын көзөмөлдөөчүсү, бул курулуштар өз убагында бүтпөгөндүгүн Ош шаарындагы кирпич өндүрүүчү заводу жетишпегендиги менен түшүндүрөт.

«Биринчиден, азыркы учурда усталар жок. Экинчиден, Ош шаарындагы кирпич завод жетишпегендиктен Жалал-Абад облусунан , Ноокат районунан, Базар-Коргондон да ташыганга туура келди»,— деди Бобеков.

Кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иштери боюнча мамдирекциясын көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүчү «Интербилим» Коомдук фондунун башчысы Гүлгаакы Мамасалиеванын айтуусунда, бул курулуштардын бүтпөй калгандыгын себеби — мэрия уруксатын бербей жаткан. Анткени генералдык пландын түзүлө электиги болду.

«Жолдорду чоңойтуу боюнча Оштун негизги планы даяр боло элек, генералдык план даяр болуп, Жогорку Кеңештен бекиткенден кийин гана шаарларды кайра курсак болот. Экинчиден өкмөт акыркы жолу өз ордуна курула берсин деген чечим чыгарган. Аны [чечимди] жаз айында чечкенге мүмкүнчүлүк жок эле»,— деп оюн билдирди Мамасалиева.

Ош шаарындагы мэрияга караштуу архитектура жана курулуш башкармалыгы комментарийлерден баш тартты.

Үйдүн ээси Ибрагим Осмонов калыбына келтирилүүчү курулуштар өз убагында бүтпөгөндүгүнө мэрияны күнөлөйт.

«Жайдын акырында августарда уруксат берди [мэрия]. Бул жер бузулат, жол чоңоёт деп уруксат бербей туруп алды. Аябай эле кыйналып жатабыз»,— деп нараазы болду Осмонов.

Дагы бир жашоочу Патидин Мамазулиновдун сөзүндө, былтыркы жылы эки бөлмөлүү үй куруп, аны дагы «өз убагында бүтүргөн эмес».

«Эми усталар кыйналып суукта иштеп жатышат. үйлөр бүтпөй калды. Бардыгы [жабыр тарткан жарандар] бирден экиден үй бүтүрүп жатышат,—деди жашоочу.

Рустам Ибрагимов мамдирекциядан уста акысына акча каражаты аз бөлүнгөндүгүн, куруучулар кызмат акысын кымбат алаарын айтууда.

«Уста жетишсиз болуп жатат. Нааразы болгон жокпуз нааразы болуп кайсыл жакка барабыз. Материал бергенине карап иштеп жатабыз»,—деди Ибрагимов.

Мамдирекциянын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү депертаментинин басма сөз катчысынын маалыматында, 2010-жылкы этникалык кагылуушудагы жабыр тарткандардын 1600 үйүн кайра калыбына келтирүү үчүн 28 миллион АКШ доллары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн.

Редактор: Айзат Шакиева