Паспортторду берүүчү жайга жетүү шаардыктар үчүн кыйынчылыкты жаратууда

 

 5 -декабрь күнү борбор калаабызда коомчулукту тейлөө борбору (КТБ) ачылды. Жарандар паспортторун ушул тейлөө борборунун бирдиктүү терезесинен кыска убакыттын ичинде жана кыйынчылыксыз ала алышат, -деп билдирди бийлик өкүлдөрү. Бирок аталган борборго коомдук транспорт менен жетүү өтө кыйын экенин билдиришип шаардын жашоочулары арызданууда.

Борбор Лев Толстой 24 дарегинде Зыфар Эгембердиев жана Фатьянов көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан.

КТБнын менеджери Каныбек Калиевдин айтымында, бул борбор «бирдиктүү терезенин» негизинде жарандарга паспорттук кызматтарды кыска мөөнөттүн аралыгында алууга мүмкүндүк түзөт.

Бирок, Бишкектин тургундары калкты тейлөө борборуна жетүү үчүн бирдиктүү коомдук транспорттун жок экенине нааразы. Паспортторду берүү борборуна жетүү үчүн бир нече жолу транспорт алмаштырып анан гана жетүү мүмкүн.

12 -кичи районун тургуну пенсионер Алмагүл апанын «Клоопко» берген интервьюсунда, КТБга жетүү үчүн бир нече жолу транспорттко түшүп анан гана көздөгөн дарегине жеткенин билдирди.

«Жарым жыл өтүп кетти, паспортумду ала албай жүрөм, анын үстүнө бул кеңсе менин үйүмөн абдан алыс жерде жайгашкан. Бул жерге жетүү абдан ыңгайсыз. Бир дагы маршруттук транспорт бул жакка келбегендиктен, биринен экинчисине чыгып келүүгө туура келет»,-деп айтып берди Алмагүл апа.

Пенсионер айымдын сөздүнө Джал кичи районунда жашаган «Кыргызгипростройдун» кызматкери Сүйүн Калбаев да кошулат.

"Бул жерде баары ыңгайлуу, бардык иштер электрондук түрдө.Мурдагыдай паспорттук столдордогу чаржайыттык жокко эссе. Мындай борборду ачуу идеясы абдан жакшы, бирок ага жетүү бир топ кыйынчылыкты туудурат», - деп Калбаев мырза кошумчалап кетти.

ТЭЦ району тарапта жашаган Айгүл жана Айсулуу аттуу үй кожойкелери да Калбаев мырзанын пикирине кошулуп кетишти.

РТСУнун студенти Валерий Асанбай кичи районунда турат, үйдөн бул борборго жетүү үчүн такси менен келгендигин айтты.

«Такси менен келүүгө аргасыз болдум. Бул жака чейин эч бир коомдук транспорт журбөйт экен. Коомдук транспорт менен келейин десем аларды үч жолу алмаштырууга туура келет. Андай болсо мен сабактарга да жетишпей калам», -дейт студент жигит.

Бөкөнбаева көчөсүндө жашаган ЖОЖ мугалими Марина Иванова да КТБнун жайгашкан жерине нааразы.

«Мен кичи райондордо турбасам да, бул жакка келүү кыйынчылыктарды жаратууда, анткети ал жерге түз жүргөн коомдук транспорт жок»,- дейт Иванова.

Руслан аттуу студент жигит «Клоопко» берген интервьюсуда, жаңы борбордун жанында жашагандыктан, анын жайгашкан жерине эч кандай наарзычылыгы жок экендигин айтып өттү.

Русландын көз карашына пенсионер Федор мырза да кошулат, анткени менин жеке уунам болгондуктан КТБга келүү мен үчүн кыйын деле эмес, дейт.

Извините, в настоящее время нет доступных опросов.

КТБнын менеджери Каныбек Калиев, азыркы күндө транспорт маселеси чечилип жаткандыгын айттып өттү. Анын айтымында, жакынкы убакытта Лев Толстой көчөсүнүн эки тарабына тең каттаган транспорт жүргүүзү планда бар.

Шаардык мэрдин орун басары Төрөбек Имашевдин «Клоопка» берген интервьюсунда, Лев Толстой көчөсүндө коомдук транспорт каттабагандыгын тастыктап, жакынкы убакытта мэрия бул маселени чечээрин айтып өттү.

«Кыргызстанга жаңы траспорт алып келээри менен, дароо ушул марштрутка коёбуз»,- дейт Имашев.

Калкты тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы

5- декабрда мамлекеттик калкты каттоо кызматынын жетекчилигинин алдында коомчулукту тейлөө борбору ачылды.

Калиев мырзанын сөздөрү боюнча, бул борбор паспорттук столдордун милдетин аткарып келет. Акырындык менен авто ууналарды жана никелерди каттоо кызматтарын да көрсөтө баштайт. Эгер, мурун документтер колго толтурулуп келсе, жаңы борбордо бардык документтер компьютердик кызматтын жардамы менен толтурулуп, 40 мүнөттөн ашык убакытты албайт.

«Мурун мындай система болбогондуктан иш татаалдашып, бардык документтер колго толтурулчу. Ал эми, азыр биздин ишкерлерибиз тарабынан компьютердин жардамы аркылуу толтурулат. Алгачкы пландарыбызда документ толтуруу 40 мүнөт болот, бирок акырындык менен бул убакыт эки эсе кыскарат деп ишенем»,- дейт аталган борбордун менеджери.

КТБ заманбап маалымат технологиялары менен жабдылган. Мындан сырткары, борбордо кызмат алган ар бир Кыргызстандык жаран электрондук анкетадан төрт түрдүү «смайликтин» бирин тандап, көрсөтүлгөн кызматка баа бере алат.

«Биз чоң-чоң автоматташтырылган системалар менен иштеп келебиз. Электрондук катар, автоматтык түрдө толтуруу системалары, мындан сырткары өзүбүздүн сүрөтчүбүз да бар. Жогорудагылардын баары биригип КТБ  системасын түзөт»,- деп кошумчалады Калиев.

2011-жылдын октябрь айында Ош жана Жала-Абад аймактарында да коомчулукту тейлөө борборлору ачылган.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Авторлор: Любовь Шевченко жана Сейил Шералиева