Атаханов УККнин жетекчиси болуп дайындалды


Күч структураларын тескеп вице-премьерликте иштеп келген Шамил Атаханов УККнин жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Президент Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча УККнин жаңы башчысы «коррупция менен күрөшүүнү» жаңы нукка сала алат.

«УККнин башчысын алмаштыруу 1-декабрдагы инагурациядан кийинки  президент тарабынан коюлган жаңы талаптардын  бири болду. 5-декабрда  Атаханов жаңы кызматына киришти»,-дейт Атамбаевдин  басма-сөз катчысы Кадыр Токтогулов.

«Атаханов, УККнин ишмердүүлүгүн жаңы нукка салып, коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү аркылуу, улуттук коопсуздук маселелери  менен толук кандуу иштеши зарыл»,- дейт басма-сөз  катчы.

«Президенттин ою боюнча Атаханов мырза укук корогоо органдарын кандай  жол менен реформалоону  жакшы билет. Атаханов вице-пемьер-министр кызматында жүргөндө  бул багытта иштеп келген. Абийирдүү жана  туура  жүргөн адам, УККте иштөө үчүн бул көрсөткүчтөр өтө маанилүү »,- деп кошумчалап кетти Токтогулов.

Президенттин көз карашын «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова да колдойт.

«УККин жакынкы мөөнөттөрдүн ичинде реформалоо керек. Атаханов мурун УККде иштеген эмес, бирок өзүнүн мыкты реформатор экендигин вице-премьер кызматында  иштеп жүргөндө эле көрсөтө алган. Анын УККне келишине биз кубанычтабыз.»,- дейт укук коргоочу.

Бирок, Коопсуздук Кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов бул көз карашты колдобойт, анткени УККне профессионал адам келиши шарт дейт.

«Менин оюмча, өлкөнү өнүктүрүү үчүн УККне  иш билги адамдар келиши керек. УККне башчы болуп келгендердин көпчүлүгү өлкөнү көтөрө алабай турган жөн гана үйрөнчүктөр. Атаханов да алардан эч айырмаланбайт»,- дейт Мирослав Ниязов.

«Өз ишин билбеген адамдардын УККде иштөөсү - бул органдын аброюн түшүрүп, «чалакайымдык орган» кылып салды. УККти  аброюн акырындык менен  жоготуп жатат. Көпчүлүк кызматкерлер ИИМнен келип иштегендиктен коопсуздук комитет ИИМнен эч айырмаланбай калды»,-деп кошумчалап кетти Ниязов.

УККнин мурунку жетекчилигинин ишмердүүлүгү

2010-жылдын апрель окуяларынан кийин бул кызматка келген УККнин мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшебаевдин кызмат ордуна Атаханов келди.

Дүйшебаевдин башкаруу мезгилине, Кыргызстандагы эң оор мезгил туш келди десек жаңылышпайбыз. 2010-жылдын июнь айларындагы кыргыз жана өзбек  ортосундагы улут аралык этникалык кагылышуу болуп, анын негизинде  расмий маалыматтар боюнча 426 адам каза тапкан.

2010-жылы апрель окуяларында борбордогу майданда демонстранттарды аттырганы үчүн күнөөлөнүп жаткан УККнин мурунку башчысы Мурат Суталиновду өлкөдөн чыгарып жибергендиги үчүн,  2011-жылы Дүйшебаев айыпталган. Азыркы күндө Суталинов Башкы Прокуратура тарабынан издөөгө алынган.

Кийинчерээк, 2011-жылдын 11-апрелинде Дүйшебаев, 7 -прелде Мурат Суталиновду кетирип жибергендигин тастыктап, аны кармап калуу үчүн эч бир себеп жана мүмкүнчүлүк болбогондугун кошумчалап кетти.

Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, Дүйшебаевдин башкаруусу учурунда УККде эч  кандай өзгөрүү  болгон эмес.

Токтакуновдун пикиринде, УККнин ишмердүүлүгүнө ылайык азыркы кезде күч структураларынын каржылоосу коомчулукка дайынсыз бойдон калууда

«Мурун бюджеттик документтерде күч структураларынын каржылоолорун көрсө болот эле. Ал эми, азыр мындай  кылууга мүмкүн эмес. Мында УККнин «салымы» чоң десек жаңылышпайбыз»,-дейт юрист.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова да, күч структураларынын бюджетинин жабык болушу мамлекеттик башкаруунун принциптерин бузуу деп эсептейт.

«Дүйшебаев, күч структураларынын бюджетин жарыялагандыгы үчүн  каржы министрилигинин кызматкерлерине каршы сот ишин ачуу керек дегенде, УКК отчеттуулукту бузуп, бюджетти жашыргысы келип жатат, деп биздин уюм  так айткан»,- дейт Исмаилова.

Эки укук коргоочу тең УКК адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуп келген деген көз карашты колдоп келишет.

«УКК мыйзамсыз кармоолорду жүргүзүп, кыйноолорду колдонуп келгендиктен  жарандарда коркуу сезимин жараткан орган болуп калган»,- деп Исмаилова айым кошумчалап кетти.

«УКК дайыма мыйзам чегинен тышкары иштеп келген. Алар өздөрү эле бир коркунучтарды ойлоп таап, ошону менен күрөшүп келишкен»,-дейт Токтакунов.

УККнин басма сөз кызматы, Дүйшебаевдин башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, мурунку башчысынын мындай кийинки кадамдары жөнүнүдөн  маалыматты болбогондугун айтып өттү.

УККнин жаңы башчысы

УККке келүүдөн мурун Шамил Атаханов 2010-жылдын декабрь айынан баштап вице- премьер-министрлик кызматты аркалап келген.

Атаханов УКК органдарында  эмгектенген эмес, бирок 1986-жылдан 1987-жылга чейин  Кыргыз ССР ИИМнин уюштурулган кылмыш топтору менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, 1988- 1991-жылдары Фрунзе шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген.

Президент Атамбаев тарабынан негизделген Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын (КСДП) мүчөсү.

2011-жылдын август айында Атаханов криминалистиканы өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну сунуштаган.

«Укук коргоо органдар системасынын негизин криминалистика түзүп келет. Анткени, тастыктоочу фактылар болбосо адилет сот да болбойт»,- дейт Атаханов.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Айкөл Болотбекова