"Клооп Медиа" радио-журналистика мектебине кабыл алууну жарыялайт!

"Клооп Медиа" радио-журналистика мектебине кабыл алууну жарыялайт!
Радио жаатында өзүңүздөрдү сынап, радио эфирди мыкты материалдарыңыз менен багынткыңыз келеби?

"Клооп Медиа" мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берет. Радио-журналистика мектебинде текст жазуу, редакциялоо, аудиомонтаж, радио материал даярдоо боюнча уникалдуу сабактар өткөрүлөт. Студенттердин өзгөчөлөнгөн мыкты иштери Мекенибиздин 6 радиостанциясынан чыгып турат.

Радио-журналистика мектеби 2012-жылдын 10-январынан 10-февралына чейин болот жана акысыз өткөрүлөт.

Орундар чектелген (15 студент). Андыктан шашылыңыздар!

Каттоо 5 - январьга чейин жүргүзүлөт.

Көңүл буруңуздар: төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга гана жооп берген документтер каралып кабыл алынат:

    Аты жөнүңүз (сөзсүз толтурулат)

    Электрондук адрегиңиз (сөзсүз толтурулат)

    Жашаган жериңиз(сөзсүз толтурулат)

    Телефон номуруңуз

    Окуган жайыңыз (университет, факультет, курс)

    Туулган жыл, айыңыз:

    Радио журналистка окуусу сизге эмне бере алат жана кандай пайдасы бар?

    Мурда жарыяланган макалаларынызга шилтемелерди бериниз (эгер болсо)

    Радиодо иштөө тажыйырбаныз (эгер болсо)

    Биздин курстар жөнүндө кайдан билдиңиз?

    Макалаларды кайсы тилде жазасыз

    Резюменизди тиркениз