Пакистандан жана Индиядан келген көпчүлүк студенттердин айтуусунда, ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери, алардын документтерин текшерип, ар кандай шылтоо айтып "акча талап кылышат". Бул тууралуу кабарды ИИМ четке какты.
Студент Махмуд Пакистандан келип, алты жылдан бери Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде окуйт. Анын билдирүүсүндө, милиция кызматкерлери кээде токтотуп, документтерин текшерет.
"Университет баардык документтерди берген. Алар [милициялар]кээде паспортту сурайт, паспорт бар болсо студенттик билетти сурашат, сураганда экөөнү тең көрсөтөбүз,—деп айтты Махмуд.
Ошондой эле ал, милиция кызматкерлерин, айрым учурларда ачык эле "чайга" сурашат деп кошумчалады.
"Көп жолу ИИМге арыз жаздык, жазганыбызда милициялар убактылуу эле жакшы болуп калат»,—деп арызданды Махмуд.
Анын сөзүнө Индиядан келген Зеро да кошулду.
«Себепсиз бизди токтотуп алып, бизден документ талап кылат. Алар укуктуу, бирок алар бизди жөн эле,эгер кааласа [чөнтөктүрдү] антарышат. Кантип айтсам, алар бизден көп акча сурайт. Айласыздан акча берип кутулабыз»,—деди студент.
Ал эми Ош Мамлекттик Университетинин Медициналык факультетининде окуп, өзүн тааныштыргысы келбеген чет өлкөлүк студент, бул жердин эли "жакшы", бирок милициясы "жаман", деп кошумчалады.
"Алар ар дайым акча сурашат, эгер мен баардык документтеримди (виза, студенттик билет) көрсөтсөм, алар канаттанбайт. Анан эле биз менен жүр дейт, эмнеге деп сурасак, болбосо акча бер да кете бер дейт",—деп билдирди студент.
Ош областтык ИИМдин башчысынын орун басары Кылычбек Жолдошовдун билдирүүсүндө, милиция кызматкерлери пакистандык жана индиялык студенттерден акча талап кылгандыгы боюнча фактылар катталган эмес.
"Эгер ошондой кызматкерлер болсо биз аларды иштен айдайбыз. Паспорттун алып, урду,акча сурады, деген фактылар болгон эмес",—деп айтты Жолдошов.
"Бир гана милиция эмес"
Пакистандык Сенди аттуу студенттин айтымында, жергиликтүү балдар, кечинде анын досунун уюлдук телефонун алып коюшкан. ИИМге кайрылышкан, бирок алардан жардам болгон эмес.
Ушул эле көрүнүш Ахмадта да болгон.
"Баасы 200 АКШ долларына барабар болгон уюлдук телефонумду жергиликтүү адамдар алып койду, милицияга кайрылганда, алар жардам берген жок",—деп кейиди пакистандык жаран.
Ал эми Хазрат Алини кечинде белгисиз адамдар "уруп, акчасын алып, качып кетишкен".
«Менде мындай көйгөй бир ай мурун болгон. Досум ооруп калды, дүкөнгө чыгып даары алып келишим керек эле. Алар менин телефонумду, акчамды алышты. Дагы эки, үч муштум жедим», — деп капаланды Хазрат Али.
Бирок студент Жавид Ахмадтын оюнда, бул көйгөйлөр бир гана жергиликтүү балдардан көз каранды эмес.
«Биздин жигиттер өздөрү күнөлүү, кеч саат 8-9дан кийин көчөгө чыгышат. Дүкөндөргө, ары-бери басышат. Мисалы менде мындай көйгөй болгон эмес»,— деп айтты Жавид Ахмад.
Укук коргоочулардын ою
"Адам укугу жана демократия" коомдук фондунун маалыматында, чет өлкөдөн келген студенттерден кайрылуулар болгон жок.
"Менин оюмча ИИМге кайрылгандан коркуп,чет өлкөдөн келген студенттер бул маселени ачыкка чыгарбай жүрүшөт",— деп билдирди фонддун төрагасы Идирисбек Кубатбеков.
Эгерде студенттер кайрылышса, укук коргоочулар мыйзам чегинде иш алып барышаарын кошумчалап өттү төрага.
"Мээрбан" Кризистик борборунун укук коргоочусу Лилия Исманова да кесиптешинин сөзүнө кошулду.
"Студенттер бизге бир да арыз менен кайрылган эмес, бул жөнүндө эч нерсе айта албайм",—деди Исманова.