Жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин мамлекеттик кызматтар кыскарышы мүмкүн

Жаңы коалиция түзүүнү президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына тапшырды. «Бюджетти үнөмдөө» максатында кээ бир комитеттер жана министрликтер кыскарышы мүмкүндүгүн эскертип өттү.

1-декабрда жаңы кызматына киришкен Алмазбек Атамбаев, КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбековко жаңы коалиция түзүүнү тапшырды. Конституция боюнча парламенттик көпчүлүк 15 күндүн ичинде түзүлүшү шарт.

Президенттикке чейин Алмазбек Атамбаев социал-демократтар партиясынын лидери болуп, премьер-министрлик кызматты аркалап келген.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун «Клоопко» берген интервьюсунда, жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин, Атамбаев «бюджетти үнөмдөө» максатында Жогорку Кеңештин кээ бир комитеттерин жана министирликтерин кыскартууну пландап жаткандыгын билдирди.

Токтогулов, кайсы комитеттер жана министрликттер кыскарарын так айткан жок. Бирок, бул чечимди келечектеги коалициянын мүчөлөрү кабыл ала турганын белгилеп өттү.

«Клооптун» кабарчылары алардын кызматтарды кыскартуусуна  кандай көз карашта экенин билүү масатында министрликтер арасында сурамжылоо жүргүзүп чыгышты.

Жаштар министиринин орун басары Марат Нуралиев, алардын ведомствосу Кыргызстан үчүн эң керектүүлөрдүн бири экенин баса белгиледи.

«Советтер Союзунун таркашы менен жаштар арасында идеологиялык вакуум пайда болгон. Биздин министрлик так ушул вакуумду толтуруу үчүн иштейт»,- деди Нуралиев.

Коргоо министрлиги бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Маданият министринин орунбасары Мукталы Бектеналиев, эгер биздин министрликти кыскартуу чечимин кабыл алса, биздин кызматкерлер өкмөткө каршы чыга албайт. Бирок, биздин министрлик кыскарат деген ойдон алысмын,-деп баса белгиледи.

«Алгач биздин министрлик  кыскартып салуунун алдында болгон, бирок ар бир мамлекетке маданият министрлиги керек экендигин түшүнүштү», -дейт Бектеналиев.

Социалдык коргоо министрлиги да комментарий берүүдөн баш тартты.

Саясат таануучулар жана бийлик өкүлдөрү жаңы коалиция төрт фракциядан түзүлүшү мүмкүндүгүн айтып жатышат. КСДП, «Республика» жана «Ар-Намыс» партиялары парламенттик көпчүлүктө болоору шексиз.

«Ата-Журт» жана «Ата-Мекен» фракцияларынын коалицияга кирүү маселеси азыркы кезде чечиле элек бойдон калууда.

Фракциянын лидер Чыныбай Турсунбеков КСДПнын коалициядан чыгышын «Сот системасын реформалоо жана экономикалык саясаттагы келишпестиктерден»,-деп түшүндүрдү.

КСДП, «Республика» жана «Ата-Журт» партияларынан турган мурунку коалиция 2010-жылдын 10-декабрында түзүлгөн. Бирок, «Мегаком» уюлдук операторун улутташтыруу маселелериндеги келишпестиктерден улам коалиция таркап кетүү коркунучунда болгон.

Азыркы күндө жаңы коалициянын курамында кайсы партиялардын болушу белгисиз.

2011-жылдын 28-декабрына чейин КСДП фракциясы чечим кабыл алышы керек. Болбосо, Атамбаев коалиция түзүү мандатын Жогорку Кеңештин башка фракцияларына бериши шарт болот.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактор: Айгул Гуламидин кызы
Авторлор: Диана Рахманова жана Эльдиар Арыкбаев.