Жогорку сот кыйнап кыстоо иштери боюнча соттолгондорду актады

 

Жалал-Абад облусунун тургуну Жанышбек Халмаматовго кыйнап кыстоолорду колдонгондугу үчүн күнөөлүү деп табылган Сузак РИИБнин төрт кызматкерин, Жогорку сот толук кандуу актады. Укук коргоочулар болсо соттун чечимине макул эместигин билдирди.

Милициянын лейтенанты Сеитбек Нурдинов, капитан Маратбек Исманов, ага лейтенант Каныбек Эрмеков жана капитан Калыкбай Турдахуновдун тергөө иштери боюнча биринчи жана экинчи инстанциядагы соттук чечимин Жогорку Сот өзгөрткөн жок.

Кыйнап кыстоолорду колдонгондугунан сырткары милиция кызматкерлерине «ден-соолукка  зыян келтирүү», «кызмат абалынан ашыкча колдонуу» жана «мыйзамсыз кармоо жүргүзүү» деген айыптар коюлган.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымына караганда, милиционерлердин күнөөсү далилденген эмес, ошондуктан сот инстанциялары жогоруда айтылып жаткан айыпталуучуларды «күнөөсүз» деп тапкан.

«Милиция кызматкерлери тарабынан кармалуучуга каратта кыйнап кыстоолор болгону тууралуу далилдер тастыкталган жок. Ошого карата сот актоочу өкүмүн чыгарды»,- дейт басма сөз катчы.

Рысалиевдин сөздөрү боюнча, Жогорку Сот тергөө иши боюнча бардык материалдарды карап чыккан соң, Халмаматов баарын өзү уюштурган жана кыйнап кыстоолор боюнча күнөөнү милиционерлерге өңөрүп жаткандыгын аныктаган.

«Сот бардык материалдарды кылдаттык менен карап чыккандан кийин, Халмаматов кылган кылмышын жашыруу максатында бул ишти уюштурганы айкын болду»,- дейт Рысалиев.

«Адилеттүлүк» уюмунун Жалал-Абаддык укук коргоочусу Абдумалик Шарипов соттун өкүмүн «соттор корпусунун уятсыздыгы» деп айткан.

Шарипов соттун чечими менен макул эместигин айтып, милиция кызматкерлери тарабынан Халмаматовго каршы кыйноолордун болгондугун тастыктоочу фактылардын бар экенин кошумчалап кетти.

«Биз нааразыбыз. Халмаматовдун тергөө ишин башынан бери тескеп келе жатабыз, биздин уюм адвокат да жалдап берген. Иштин материалында бардык далилдөөчү фактылар көрсөтүлгөн. Халмаматовдун денесиндеги кыйноолордун издери тартылган сүрөттөр жана медициналык экспертизанын чечими тиркелген. Бирок, сот бул фактыларды көңүлгө да алган жок»-, деп укук коргоочу жинденип жатты.

Шариповдун сөздөрү боюнча, Жалал-Абад укук коргоо органдары тарабынан кармалгандарга каршы кыйноолор мурун да колдонулуп келген, бирок мындай иш сотто биринчи жолу каралып жатат.

«Буга чейин деле мындай көрүнүштөр болгон, бирок аларды сотко жеткире албай жүргөнбүз. Анткени, прокуратура менен соттор биз берген материалдарга эч бир олуттуу маани  беришчү эмес»,-деп айтты «Адилетүүлүк» уюмунун кызматкери.

«Биздин уюм соттун өкүмү менен макул эмес, ошондуктан биз адам укуктары комитетине кайрылууну пландап жатабыз»,- деп кошумчалап кетти.

«Эркиндик үнү» коомдук фондунун укук коргоочуларынын пикири боюнча, соттун мындай чечими «милиция кызматкерлеринин мындан ары кыйноолорду колдонушуна өбөлгө түзөт».

Халмаматовдун кармалуусу

2009-жылдын 16-майында Жалал-Абад облусунун тургуну Жанышбек Халмаматов кошунасынын өлүмү боюнча күнөөлүү деп кармалган.

Бирок «Эркиндик үнү» уюуму каза болгондун туугандарынын сөздөрүнө таянып, машина сүзүп кеткен кошунасын өлгөн соң Жанышбек  көрүп калган. Халмаматов кошунасы Кочкордун өлүмүнө күнөөлүү эмес-деп билдирет.

Туугандарынын сөздөрү боюнча «сүзүп кеткен машинанын артынан Жанышбек өзүнүн машинасы менен кууп жөнөгөн, бирок тилекке каршы жете алган эмес. Кайра кайтып келсе, милиция кызматкерлери кошунасын ооруканага алып кетишиптир. Бир аз өтпөй, ал кошунасынын өлүмүнө күнөөлүү деп кармалган», - дейт укук коргоочу уюм.

«Эркиндик үнү» уюмунун өкүлдөрүнүн айтымында, милиция кызматкерлери күнөөнү моюнга алдыруу үчүн Халмаматовду кыйнап кыстоого алышкан.

«Көкүрөгүнө, башына жана башка дене мүчөлөрүн тепкилешип, союл менен сабашып күнөөнү моюнга алууну талап кылышкан», - дейт укук коргоочу.

2011-жылы 4-майда төрт милиционердин иши Сузак райондук сотуна өткөрүлгөндөн кийин, сот РИИБнин кызматкерлерине күнөөсүз деп өкүм чыгарган.

Соттун өкүмү облустук сотто кайра каралып чыккан, бирок өкүм өзгөрүлгөн эмес.

Жалал-Абал облусунун прокуратура кызматкерлери Халмаматовдун ишин кайра карап чыгуу арызы менен Жогорку Сотко кайрылышкан. Бирок 8-декабрда Жогорку Сот мурунку өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырган.

Тергөө жана сот иштери жүргүзүлүп жаткан учурда, төрт милиционер тең кызматтык абалынан чететилбестен мурунку калыбында иштей беришкен.

Башка РИИБ кызматкерлеринин үстүнөн козголгон соттук иштер

Өлкөбүздүн ММКларында милиция кызматкерлеринин кыйнап кыстоолору жана сот иштери жөнүндөгү макалалары биринчи жолу жарыяланып жаткан жок.

2011-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын прокуратурасы Свердлов РИИБнин алты кызматкерине каршы кылмыш ишин козгогон. «Эркиндик үнү» уюмунун маалыматтары боюнча, милиция кызматкерлери бир нече саат бою Турусбековдон, Микаэль лакап аты менен таанымал болгон ырчы Мирлан Даутовдун өлүмүн мойнуна алышын талап кылышкан.

2011-жылдын сентябрь айында алты милиционерге карата Бишкек прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 305- «Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», 305-1- «Кыйноо», 318-1 «Коргоочулардын кесиптик ишине тоскоолдук кылуу», 325- «көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурлоо» жана 326- «Далилдерди жасалмалоо» боюнча беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон.

Бирок азыркы күнгө чейин алты кызматкерге козголгон кылмыш иши ар сапар сайын жылдырылып келет.

«Эркиндик үнү» уюмунун маалыматына караганда 2009-жылдын август айынан 2011-жылдын апрель айына чейин Кыргызстанда кыйнап кыстоолор боюнча 243 окуя катталган.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Диана Рахманова