Хроника: Орусиянын шаарларында «Таза шайлоо үчүн» деген аталыштагы митингдер аягына чыкты

«Таза шайлоо үчүн» деген аталыштагы митинг Орусиянын жүздөгөн шаарларында болуп өттү. Митинге катышкан 70 миңге жакын адам, болуп өткөн шайлоо туралуу нааразычылык пикирлерин билдиришти. Шайлоонун негизинде «Единая Россия»партиясы башка партияларга салыштырмалуу көп добушка ээ болгон эле.

20.04. Би-би-синин орус тилдүү кызматынын маалыматына караганда, Болотная аянтындагы митингчилер акырындык менен тарап жатышат.  Уюштуруучулар,  24-декабрда кайра митинг болоорун жана   кийинки акцияда митингчилердин саны беш эсеге көп болушу мүмкүн,- деп билдирди.

Ар кайсы маалымат булактардын кабарына карата митингге 60 миңден ашуун адам катышты жана митинг тынч өттү,- деп билдирет Би-би-си.

20:04 Би-би-синин маалыматы боюнча, оппозициянын лидерлери өздөрүнүн жактоочуларын 24-декабрда дагы бир жолу митинге чыгууга чакырды.

«Яблоко» партиясынын лидери Митрохин, 17-декабрда дагы митинг болоорун айтып өттү.

 20:02 Би-би-синин маалыматтары боюнча, Санкт-Петербургдун Пионерная аянтында митинг бүттү.

«Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынбаса, митингдин катышуучулары бир жумадан кийин кайра митинге чыгуусун билдиришти» - дейт Би-би-си.

Блоггер Илья Варламов өзүнүн твиттердеги блогуна, митингчилердин саны 20 миңден 200 миңге чейин болушу мүмкүн,-деп жазган.

«Коммерсанттын» маалыматы боюнча митингчилер акциянын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, тарай башташты.

20:00 Орусияда окуган кыргызстандык студент Нурсултандын «Клоопка» берген интервьюсуда, бардык студенттерди «сөзсүз түрдө» катышуу керек деп наркоманияга каршы акцияга алып кеткен. Ал акция жаңы эле бүттү, азыр Болотный аянтка бара жатам»,- деди.

19:55 «Эхо Москванын" маалыматы боюнча, «Справедливая Россия» партиясынын лидери Сергей Миронов: «Биздин партия өз мандаттарын бербейт жана шайлоонун жыйынтыктарына каршы митингге чыкпайт»,- деп билдирди.

«Бизге эл  ишенимин билдирди, ошондуктан өкмөт үйүн «Единая Россияга» калтырбайбыз»,- деп Миронов түшүндүрдү.

19:45 Би-би-синин маалыматы боюнча Санкт-Петербургдагы митингге 10 миңге жакын адам катышты.

«Эхо Москвы»,  Москвадагы митингчилердин саны көбөйүшү мүмкүн дейт. Анткени, Революция аянтында митингчилер Эдуард Лиминовдун жетекчилигинде Болотный майданын көздөй бет алды.

Бишкектеги Орусиянын элчилиги алдында да активисттер жолугууну пландап жаткан, бирок бир гана митингчи элчиликтин алдына ак хризантемаларды таштап кетти.

19:34 «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Феликс Кулов, Дмитрий Медведевдин пикирине кошулаарын айтып кетти.

«Президент айтып кетпедиби, электораттын кайсы бир бөлүгү дайыма шайлоонун жыйынтыктары менен нааразы болот. Мындай митингдер демократиянын жышааны»- дейт Кулов.

Депутаттын билдириминде, бул митинг Орусиядагы кыргыз мигранттарына эч таасирин тийгизбейт.

«Биринчиден, бул митингдер Орусиянын жеке иши, экинчиден бул митингдер шайлоонун жыйынтыгы менен гана байланыштуу, ошндуктан биздин мигранттарга мунун эч кандай тиешеси жок», - деп Кулов мырза кошумчалап кетти.

2010-жылы күз айларындагы шайлоо компаниялары,  Феликс Кулов орусиялык партиялар тарабынан колдооого ээ экенин айтып келген. Үгүттөө плакттарында Феликс мырза менен президент Медведевдин кол кармашып тартылган сүрөттөрү илинген эле.

19:16 Би-би-синин маалыматтары боюнча, "Яблоко" партиясынын лидери Сергей Митрохин, 17-декабрда баардык жакындарын митингге чыгууга чакырып кетти. Митрохин, митинг Пушкин аянтында өтөөрүн белгилеп өттү.

"Чуровдун отставкага кетүүсүн талап кылууга укугубуз бар. Ал саясий жоопкерчилик бар экендигин унутпашы керек" - дейт Митрохин.

"Эхо Москванын" кабары боюнча, Болотная аятынан акырындык менен элдер кете баштады.

"Орусиянын президенти Дмитрий Медведев аянтка чыгып чогулгандардын алдында сүйлөөрүн Кремлдик твиттердеги официалдуу блогунда жарыялады.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун "Клоопка" берген интервьюсунда, "Өкмөт азырынча Орусияда болуп жаткан митингдерге комментарийлерди бере албайт",-деди.

"Орусияда болуп жаткан окуялар, Орусиянын жеке иши. Кыргызстандын өзүнүн көйгөйлөрү толтура, президент так ушул маселелерди чечүү менен алек."- дейт Ниязов.

18.37 «Клооптун» корреспонденттери Болотная аянтында жүргөн орусиялык Алексей аттуу студент менен кабарлашты.

Алексейдин айтымында аянтка 60 миңге жакын адам чогулган.

«Адамдар улам-улам чогулуп жатат. Чогулгандардын алдында саястчылар сүйлөп жатышат. Аянтка жаңы эле улутчулдар келишти, ошондуктан ар түрдүү нерселер да болушу мүмкүн» дейт Алексей.

«Республика» партиясынын депутаты Мирлан Бакировдун ою боюнча, Орусиядагы митингедер кыска мөөнөттө эле токтойт.

«Митингчилерге каршы Орусия баардык чараларды колдонушу мүмкүн»,- дейт депутат.

«Бирок митингдер көпкө созулуп кетсе Орусияда жүргөн биздин мигранттарга терс таасирин тийгиши мүмкүн, анткени алар да ошол митингдерге катышып кетиши ыктымал»,- деп кошумчалап кетти депутат мырза .

18:35 Би-би-синин кабарчысы Ричард Галпин, Санкт-Петербургда полиция жана митингчилер ортосудна биринчи кагылышуу болгондугун кабарлап кетти.

«Пионер аянтына бара жаткан жолдо 10го жакын адам кармалды. Административдик мыйзам бузгандыгы жөнүндө протоколу түзүлдү» - деп кабарлады Би-би-си.

18:35 КСДП партиясынын депутаты Ирина Карамушкинанын пикиринде, Орусиядагы митингдер оппозициянын күчөгөндүгүнүн көрсөткүчү болуп эсептелет.

"Биз өзүбүз оппозицияда 18 жыл болгонбуз. Ошондуктан добуштардын фальсификацияланышы деген эмне экенин билебиз. Элдер деле добуштарын уурдап жатса жини келет да. Албетте, "Единая Россия" партиясы башкаларга салыштырмалуу кубатту жана күчтүү болгондугу шексиз. Ошого карабастан "Справедливая Россия" партиясы да менин көңүлүмдү буруп келет. Менин оюмча, мындай партиялар өлкөдө болушу керек, анткени бийликти ошол нерсе кармап турат",-деди депутат.

"Кыргызстандын ТИМи жана Орусядагы Кыргызстандын элчилиги Орусияда жүргөн биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, митингге катышпоосун караштырыш керек",- деп Ирина Карамушкина кошумчалап кетти.

Макала жазуу учурунда ТИМ жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен комментарий алууда жеткиликсиз болду.

18.25. Василий Есманов Твиттердеги блогунда: "Биз бул акмактар эмес, башка акмактар үчүн добушубузду бергенбиз. Добуштарды кайра санап чыккыла!" деп жазган.

Коммерсант.fmдин кабарчысы майданда абал тынч деп кабарлады.

"Бул жактан мага жакшы көрүнбүгөнү менен, майданга 30 миңден ашуун, 50-60 миңге жакын адам келди." дейт Эггерт.

Кыргызтандык журналист Аида Касымалиева азыр Болотная аянтында жүрөт. Анын пикири боюнча, митингчилер Өкмөт менен сүйлөшүүгө барбай, өз талаптарын катуу коюш керек дейт.

"Албетте лидерлер жаңылышып калды десек болот. Тримфальный аянтында болгон митингден таасир көбүрөөк болчу", -деп билдирди ал.

17.50 Би-би-синин маалыматын боюнча Болотная аянтында 60 миң адам чогулду. Чогулгандардын алдында катталбаган ПАРНАС партиясынын мүчөсү Борис Немцов, "БШКнын башчысы Владимир Чуров отставкага кетсин" деди.

Коммунистер партиясынын мүчөсү Андрей Клычков "Единая Россия" партиясы уурдап алган добуштарды кайра бергиле",- деп айтты.

"Дождь" телеканалынын маалыматы боюнча каалоочулардын саны көп болгонуна карабастан, милиция кызматкерлери аянтка кишилерди киргизбей  жатты.

Ошого карабастан, Империянын тууларын көтөргөн улуттчулдарды акыркылардан кылып киргизишти.

17:26 «Коммерсант» гезитинин Олег Кашин атту кабарчысы аянта «сансыз адама чогулду» деп кабарлап жатты.

«Мындай көрүнүш мурун болгон эмес. Каналдын экинчи жээгинде да толтура адамдар. Милиция кызматкерлери да канча адам келгенин айта албай жатат. «Москванын жарымы» деп жатышат. 10 миңден ашуун адам экени шексиз»

17:12 «Ридус» айтымында, майданда уюлдук байланыш жаман иштеп жатат. «Өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкүл тандагыла»,- деп чогулгандардын алдында Борис Акунин чыгып сүйлөп жатты.

Орусиялык укук коргоочу Олег Козловский өзүнүн Твиттердеги блогунда: «Көпүрөдө сансыз адамдардан толгон пробка болуп жатат» деп жазып чыкты.

Олег мырза, Болотная аятны менен Кадашев жээгин бириктирген Лужков көпүрөсү жөнүндө айтып жатты.

Орусиянын ички иштер министрлигинин, көпүрө мынча көп адамга ылайыкташтырылган эмес,- деген пикирин Би-би-си билдирди.

16.49. «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун айтымында, Орусияда болуп жаткан митингдерге оң көз крашта.

Депутаттын ою боюнча, Орусиядагы митинг шайлоонун таза болбогондугун билдирип жатат.

«Демократия бар жерде, адамдар өз пикирин айта алышат» деп кошумчалап кетти депутат мырза.

Мадылбекоа мырзанын ойу боюнча, Орусияда кыргыз мигрантарынын көп болгонуна карабастан бул митингдер Кыргызстанга эч таасирин тийгизбейт.

«Баары митинге чыккан жок да. Орусияда жүргөн биздин жарандар митингге катышуу үчүн эмес иштөөгө кетишкен»,- деп кошумчалап кетти.

«Ридустун» айтымында, митингге катышкандардын баарын «Таза шайлоолор үчүн» акциясынын символу болуп калган ак ленталады таратылып жатат.

Укук коргоочу Сергей Сабиров, өзүнүн Твиттердеги блогунда: «Биринчи жолу мындайды көрүп жатам: улуттчулдар менен анархиттер бири бири менен урушуп-мушташпай Кремлдин жанына өтүп баратышат!» деп жазып чыкты.

16:35 «Таза шайлоо үчүн» аттуу митинги башталды. Митинг болуп жаткан жерде вертолеттор учуп жүргөндүгүн «Ридус» сайтынан түз берүү аркылуу көрсөнүздөр болот.

Болотный аянтында миңдеген адамдар чогулуп жатат. Би-би-синин кабары боюнча майданда 30 миңден ашуун адам чогулду.

«Путин-Ууру!», «Единая Россия-уурулардын партиясы!» деген кыйкырыктар менен адамдар Болотный аянтын көздөй бара жатышат.

Би-би-синин кабары боюнча Санкт-Петербург шаарынында митингчилерди милиция кызматкерлери кармап башташты. Восстание аянтында миңден ашуун митингчилер чогулду.

16.07  Москва сааты боюнча 14.00дөн-18.00гө чейин Москванын  Болотный  аянтында  митинг өтөт.

Азыркы учурда митингдер Орусиянын Ростов-на-Дону, Новосибирск, Новокузнецк, Кемеровао, Ульяновск жана Хабаровск шаарларында өтүп жатат.

«Ридус» сайтында митинг боюнча  түз берүү көрсөтүлүп жатат. Аны көргөн шайлоонун жыйынтыктарына каршы болгон миңдеген адамдар Болотный аянтына агылып келип жатат.

Митингдин кайсы бир катышуучусу акция бир саатка кеч баштааалрын айтып өттү.

«Митингдин уюштуруучулары, автобус менен акцияга катышкысы келгендерди азыр алып келет. Митинг саат 15.00дө башталат»-дейт акциянын катышуучусу.