Хроника: Келдибеков төрагалык кызматтынан кетти

Төраганын дарегине карата айтылган 13 айыптоолор менен биргеликте криминал чөйрөсүндө байланышы бар деген фактыларды карап чыгып, депутаттык комиссия Ахматбек Келдибековду төрагалык кызматтынан кетишин сунуштады. Келдибековдун жактоочулары Парламенттик имараттын жанына митингге чыгышты.

22:12 «Твиттер» тармагынын колдонуучулары Ахматбек Келдибековдун отставкага кетиши түштүк аймакты дүрбөлөңгө салышы мүмкүн деп жатышат.

«Келдибековдун кетиши менен түштүк аймагы көтөрүлүшү мүмкүн экендигин азыр гана түшүндүм. Балким кайра барын ордуна кайтаруу мүмкүндүр ?», - дейт Ислан Тургунбаев.

22:00 «Твиттердин» колдонуучулары Келдибековдун кызматынан кетишине пикирлерин айта башташты.

Кээ бирөөлөрү Келдибековдун кетишине капаланып жатышса, экинчилери саясий жагдай кандай болооруна ойлоп жатышат.

«Пландарым бар эле, Келдибеков ишенимимди актай албады. Жыйынтык: чиновниктерге ишенбегиле!», -дейт Ислан Тургунбаев

«Келдибеков жөнөкөй адам эмес. Жакшы да жаман да кадамдарды жасады. Акылдуу адам, аны тана албайбыз»,- дей Ева Алли.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова өзүнүн твиттердик тармагында «Келдибеков Кыргызстандын «оор мезгилинде» парламент менен жакшы алп урушуп иштеди» деп жазып кетти.

«Эмне деген гана сөздөр айтылбасын, бирок Келдибеков Жогорку Кеңеште жакшы иштеп жаткан. Көпчүлүктөр сыяктуу коркпостон тең салмактуулукту кармап келген»,- дейт укук коргоочу.

21:45 Келдибековдун төрагалык кызматынан кетиши үчүн болжол менен 103 депутат добуш берген.

Парламенттин чечими боюнча Келдибеков төрагалык ордунан 2011-жылдын 14-декабрнда кетет.

Паралементтин отуруму бүттү.

21:15 «Объектив» гезитинин «Фейсбук» социалдык тармагында, төрага ээлеген кызмат орунан 14-декабрда кетет,-деп жазылган.

«Келдибеков 14-декабрда кетет. Мындай долбоор добушка коюлуп жатат»,-деп жазат гезит.

21:10 «Ар-Намыс» фракциясынын депутатты Дастан Бекешов, Келдибеков төрагалык кызматтын бошотту,-деп жазат Твиттер аккаунтунда.

20:59 «Ата-Мекен» фракциясынын депутатты Ширин Айтматова, төрагага карата айтылган айыптоолор далилденсе Келдибеков кызмат ордун бошотот,-деп жазга Твиттеринде.

«Келдибеков, эгер ага каратта айтылган айыптоолор жөндүү болуп тастыкталса, анда ал өз ыйктыяры менен кетет, эгер далилсиз бойдон калса анда добушка калат»,-деп жазылат Айтматованын Твиттеринде.

20:21 КСДП фракциясынын жана «Ата-Мекен» партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен Өмүрбек Текебаев Келдибековду добушка коюну сунуштады.

Лидерлер, жыйында депутаттар көп, эгер баары суроо берсе отурум көпкө сөзулуп кетиши мүмкүн,-деп билдирет.

Ахматбек Келдибековдун өтүнүчү менен 15 мөнөт тыныгуу жарыяланды.

19:45  КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Келдибеков спикерлик ордун талашып бүтүн парламентти чымыркантып жатат. Бирок, мурун төрагалык орунда калуу анын максаты эмес экенин билдирген болчу»,-деп айтты.

«Эгер кеп төрагалык ордунузда болобосо, депутаттык жүзүнүздү сактап калып, кызматыңыздан кетишиңиз керек. Азыркы кезде бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат»,- дейт Карамушкина Келдибеков мырзадан «саясат оюнун токтонууну» суранып.

« Бүгүнкү отурум эч кандай саясий оюн эмес. «Келдибековго каршы шайлагыла-шайласаңар коалицияга кошуласыңар. Шайлабасаңар жаңы коалицияга кирбейсинер» деген силердин башка фракцияларга айткан сөзүңөр оюн»,- дейт Келдибеков.

Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү мандаттын КСДП фракциясына тапшырган.

19:25  Келдибеков, "Республика" партиясынын депутаты Алтынбек Сулаймоновдон Иманкожоеванын суроосуна жооп берүүсүн суранды. Себеби айрым болжолдоолор боюнча, Сулайманов төрага менен бир учакта учкан.

"Биз Нурлан Сулайманов жана Ахматбек Келдибеков менен бирге учакка акыркы болуп отурдук. Биз ВИП-залда отурганбыз. Биз отурган жерде бизден башка эч ким жок болчу, ВИП-залдан башка жерде эч кимди байкаган жокбуз. 170 адамдын арасында Камчы Көлбаевдин бар экенин билген эмеспиз. Эгер билгенибизде таптакыр ал учакка отурмак эмеспиз",-деп түшүндүрдү депутат.

Сулайманов, 2011-жылдын 4-январында кесиптештери менен Дубайга барып, 6-январда кайра келгенин жана Көлбаевди учактын ичинде көргөн эместигин кошумчалады.

19:22 КСДП фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, төрага менен Колбаевдин «Каприз» курортундагы жолугушу кокустуктан болушу мүмкүн, ал эми бир учакта учушу бул кокустук эмес.

Иманкожоева бул тууралуу төрагадан кененирээк түшүндүрүп беришин сурады.

19:15 Мурдагы Жогорку Кеңештин басма-сөз катчысы Шаирбек Маматокторов, парламент төраганы кызмат ордунан ала албайт,-деп жазат Твиттер аккаунтуна.

«Баары үйүнө кеткиси келип жатат. Алардын күчү жетпейт. Бул жөн гана айрым саясатчылардын интригасы»,-деп жазат Маматокторов.

19:10 Миргазы Исаков өзүнүн Твиттерине, депутаттар добуш берүүнү күтүп жатат деп жазган.

«Тербишалиев, Ниязалиева,Текебаев жана Именалиев өздөрүнүн нанын кантип иштеп чыгып жатканын, көпчүлүк Жогорку Кеңештин депутаттары жөн гана байкап отурат»,-деп жазат Исаков.

18:55 Келдибековдун айтымында, Орусияда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ыйгарымдуу бийлиги бар.

Ошого жараша төрага, токтомго ылайык бир да депутат ага каршы сүйлөй албашын эскертип өттү.

Бирок, КСДП фракциясынын депутатты Дания Тербишалиев, ыйгарымдуу бийлик депутаттардын чечими менен пайда болсо, эмне себептен ал жактын кызматкерлери төрага тарабынан кабыл алынышы керектигине каршылыгын билдирди.

«К-Ньюс» маалымат сайтынын маалыматында, Келдибеков ал жактагы кызматка өзүнүн тааныштарын койгондугун танган жок. Ага анын укугу бар экенин билдирди.

Москвадагы Жогорку Кеңештин ыйгарымдуу бийлиги 2011-жылы пайда болуп, ага 5-6 млн сом акча сарпталган. Аны камсыздоого 13 млн акча бөлүнгөн. Парламент өкүлдөрүнүн айтымында, ал жактагы өкүлчүлүк Келдибеков тарабынан мыйзамсыз ачылган.

18:36 «Мир» телеканалынын журналисти Малика Иманходжаева, параменттин отуруму дагы төрт саат созулаарын өздүк Твиттрине жазган.

«Ого, төрагага дагы 50 депутаттын суроолору бар, бул деген жыйындын 4 саатка созулушу дегенди билдирет »,-деп жазган Твиттерде.

18:29 Жогорку Кеңештин депутаттары кечки отурумду улантууну баштады.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков, төраганын маселеси толук кандуу чечилгенге чейин отурум бүтпөй тургандыгын билдирди

17:15 Парламенттин отурумунда тыныгуу жарыяланды.

17.09. Коомдук кеңешчи катары кайнатасын койгондугунан төрага тайган жок.

"KG" номерлеринин берилишинде  катачылыктар болгондугун жана номерлерди көзөмөлгө албагандыгын да моюунга алды.

Төрага, Москвада парламенттин атайын өкүлчүлүгүнүн ачылышы боюнча түшүндүрмө берип өттү.

"Орусия өкмөтү жана Жогорку Кеңештин ортосундагы карым-катнашты чыңдоого аракеттер  жасалган. Бул маселе бардык депутаттардын колдоосуна ээ болгон",- деди Келдибеков.

17.02. Төрага  Араб Эмиратына болгон сапары  боюнча анын дарегине айтылган сын пикирлерге да комментарий берип өттү .

"Биз шайлоочулар менен жолуга турган күн дем алыш деп жарыялангандыктан, мен жана дагы эки депутат үй-бүлөлөрүбүз менен Дубайга барып келгенбиз. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында жан сакчыларды өзүбүз менен алган эмеспиз",-деп билдирди төрага.

Ал эми Орусиялык Астрахань шаарына болгон сапарын төрага, Украинанын коопсуздук кеңешинин башкы катчысы жана төрт жеке учактын ээси Нестор Шуфрич каржылаган,-деп билдирди.

Төраганын билдирүүсүнө караганда, башка сапарларын каржылоо үчүн,  6 чет мамлекеттин парламенттери менен кызматташтык түзүүгө үлгүргөн.

16:52 Келдибековдун айтымында, "Каприз" кышкы  борборунда үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн жана Камчы Колбаевдин келиши тууралуу билген эмес.

Ошондой эле эс алууга кеткен каражаты өзүнүн жеке чөнтөгүнөн төлөгөнүн билдирди.

"Мен төлөм кагазын көрсөттүм. Баарына өзүм төлөгөм. Бул мейманкананын 6- кабаты болчу. Ал жерде чет элдик туристтер жана элчилер эс алып жаткан. ИИМдин башкы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Алибаев мага айткан, ал мезгилде Колбаев издөөдө эмес, эркин жаран эле",-деп айтты Келдибеков

16:14 Коомдук тармактарда Келдибековго каршы компраматтар жарыялана баштады, Келдибековдун Колбаев менен түшкөн сүрөттөрүн "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаев  "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган.

 

Бирок, коомдук тармактын колдонуучусу Бурул Усманалиева, сүрөтткө ишенбестигин билдирип ою менен тең бөлүштү.

«Алар бирге сүрөткө түшкүдөй акылсыз эмес болуш керек эле» ,-деп сүрөткө комментарий берип кетти.

16:02 "Ата Журт" фракциясынын депутаты жана Келдибековго каршы күнөөлөрдү изилдөө боюнча комиссиянын мүчөсү Курмантай Абдиев, "Каприз" курортундагы спикердин мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен эс алгандыгы  боюнча ИИМдин маалыматын текшерип чыккандыгын билдирди.

"Спикердин сакчы кызматкери Данияр Төрөканов, эс алуудан кийин курорт тарабынан берилген чектин көчүрмөсүн алып келди. Ахматбек Келдибеков өзүнүн эс алуусуна чөнтөгүнөн эки миң доллар төлөгөн",-деп айтты депутат.

15:37 «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошеванын билдириминде, атамекенчи вице-спикер Асия Сасыкбаева « Алай районунун айым депутаттарына кийим алуу үчүн төраганын фондунан акча бөлүнүп жатат» деген кабарды тараткан.

«Асия Сасыкбаева Ширин Айтматованын жардамы менен ар кайсы интернет булактарына Бодош Мамырова, Ыргал Кыдыралиева жана мага кийим алуу үчүн төраганын фондунан акча бөлүнүп жатат деген маалыматты таркаткан. »,- дейт Жолдошева.

Анын айтымында, жолдошу бардык керектүү нерсе менен камсыз кылат жана ал төрагадан кийим алуу үчүн акча сураган эмес.

Төрага өзүнүн фондунан айым-депутаттарга кийим алуу үчүн акча бөлүп берген,- деген маалымат «Ата-Мекенчи» депутат Ширин Айтматованын Твиттердеги блогунда бүгүн пайда болгон.

14:58 Парламенттин төрт вице-спикери  бүгүнкү отурумду алып баруудан баш тартты.

Азыркы учурда отурумду "Республика" партиясынын депутатты Бакыт Төрөбаев алып барып жатат.

14:55 «Ата-Журт» фракциясынын депутатты Азамат Арапбаев кесиптештеринен, Келдибековго каршы күнөөлөрдү изилдөө комиссиясын жетектеген, «Ар-Намыс» партиясынын депутатты Каныбек Иманалиевдин «арызына» баа беришин талап кылды.

«Мына, азыр эле Каныбек мырза парламенттин кызматкерлерин жана депутаттардын жарымын уюштурулган кылмыш топтун мүчөлөрү,- деди. Ушул сөзгө өз пикирлериңизди билдирсеңиздер»-деди депутат.

Анын айтымында, Иманалиевге бир нече жолу парламенттин кызматкерлери жөнүндө жаңылыш маалыматтар берилгендигин айткан.

Бирок Иманалиев, Арапбаевдин оюн түшүнбөй жатканын билдирип, криминалдык чөйрөгө аралашкан адамдарды жашырып жаткансыйт,-деп айты.

12-декабрда Иманалиев, парламентте криминалдын өкүлдөрү иштейт деген.

14:48 Парламенттик отурум жүрүп жатат. Келдибеков да катышууда.

Ахматбек Келдибековду кызмат ордунан кетирүү үчүн эң аз дегенде 80 депутаттын добушу керек.

14:45 «К-Ньюс» кабар агенттигинин маалыматы боюнча, парламенттин пленардык отурумунда кээ бир депутаттар келбегендерди да каттап жатышат. Бирок, Жогорку Кеңештин жаңы регламенти боюнча катоого тыюу салынган.

«Бүгүнкү отурумда 120 депутаттан 118 депутат катталган, бирок бул көрсөткүч чындыкка жатпайт. Кээ бир депутаттар келбеген кесиптештеринин ордуна добуш берип жатышыт» деп жазат кабар агенттиги.

Жаңы регламент боюнча келбеген депутаттарды каттого тыю салынган. 8-декабрда, ушул пункттун бузулушунан улам вице-спикер добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

14:32 «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков 12-декабрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда, «Ахматбек Келдибеков кызмат ордунан кетпесе, биздин партия парламенттин таркалышын талап кылышы мүмкүн» ,- деп билдирген.

«Ата-Мекен» фракциясы Ахматбек Келдибековдун өзүнө эмес, анын ишмердүүлүгүнө арыздарыбыз бар. Ошондуктан, Келдибековдун кызмат ордунан кетишин талап кылып жатабыз»,- деп жазган Алымбековдун айткандарын «К-Ньюс» маалымат агенттиги.

«Бул кадамыбыз менен, биз мындан ары бир да чиновник жана соттор мыйзам бузбоосуна ылайыкташтырып, жаңы мыйзам кабыл алабыз. Эгер бүгүнкү маселе Жогорку Кеңештин күн тартиби боюнча каралбаса, парламент чечим кабыл алуудан тайсалдап жатса «Ата-Мекен» фракциясы парламентин таркалылышы талап кылат»- дейт атамекенчи.

14:24 Ош областынын Алай районунун акими Айтбай Жээналиев, «Келдибековдун жактоочулары жекшемби күнү Ош—Сары-Таш—Эркештам эл аралык жолун тосушуп, эки боз үй тургузушкан. Митингчилердин арасында мастар да болгон»,-деп билдирет.

«Бүгүн райондо эч кандай митингдер жок»,-деп айты аким.

14:21 «Клооптун» кабарчысы Нурмухаммед Аташбайдын мааламаты боюнча, Ош шаарында  Келдибековдун жактоочулары митингге чыгышты.

Ош шаарынын борбордук аянтында 250гө жакын адам чогулду. Митингчилер Ахаматбек Келдибековду төрагалык орунда калышын жана «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кызматтык абалынан чететүүсүн талап кылып жатышат.

Ош мэриясыныны айтымында митинг мыйзам чегинде өтүп жатат.

13:54 «Клооптун» кабарчысы Улугбек Акишев митинг тынч өткөнүн кабарлады. Митингге чыкандар Келдибековдун ишмердүүлүгүнө каршы изилдөө демилгесин көтөрүп чыккан Өмүрбек Текебаевге каршы ураандарды айтып кыйкырып жатышат.

«Текебаев сени багып жаткан чет мамлекетиңе кет!» деген кыйкырыктара угулуп жатты.

Митингге чыкандар парламенттин бүгүнкү отурумунун соңуна чейин бул жерде болоорун айтып жатышат.

Келдибековдун жактоочуларынын бири Айнура, президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, аны «интригаларды» жаратып жатат деп күнөөлөдү.

"Эгер Ички иштер министрлиги Камчы Көлбаевдин Келдибеков  менен боло турган жолугушуулары жөнүндү билсе, эмнеге издөөгө алынган криминалдык аталыкты кармашкан жок», - деп таң калып жатат жактоочу.

13:26 «Ата-Мекен» партиясы тарабынан спикерге ишенбестик билдирилгенден кийин комиссия өз ишин баштаган.

«К-Ньюс» кабар агенттиги «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин пикирне таянып «комиссия айтылган 13 күнөөнүн 11ин тастыктады» деп жазат.

«Ахматбек Келдибековдун ишмердүүлүгү Жогорку Кеңештин аброюн түшүрүп, калктын парламентке болгон ишенимин жоготту. Ошондуктан, «Ата-Мекен» фракциясынан Келдибековго карата айтылган айыптоолору  көңүлгө алынып, төрагалык ордунан кетиши сунушталды»- дейт Иманалиев.

Келдибековго, криминал чөйрөсүнүн өкүлү Камчы Колбаев менен алакасы  бар жана мамлекеттик бюджетти ар түрдүү чет элдик сапарларга короткон,-деген айыптоолор  коюлган.

Келдибеков  айыптоолордун баарын четке кагып, каршылаштарын спикерлик орунду талашып жатышат деп сынга алды. Өткөн жумада Келдибеков  эң көп «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сындаган.

Азыркы учурда парламенттин имараты алдында Келдибековдун 200гө жакын жактоочулары митингге чыгышты. Алар Текебаевге «Кыргызстандан кет!» деп жатышат.

Президенттике ат салышкан «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, «Бул митинг партия тарабынан уюштурлган жок, каалоочулар өз демилгеси менен чогулушту»,- деп билдирди журналисттерге.