Орусияда шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг болуп өттү


Орусиянын ордо калаасы Москванын Болотная аянтында 70 миңге жакын адам, 4-декабрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына каршы экенин билдиришип митинге чыгышты. Кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда болуп өткөн митинг кыргыз мигранттарына терс таасирин тийгизбейт.

«Таза шайлоо үчүн» деген аталыштагы митинг Орусиянын жүздөгөн шаарларында болуп өттү. Эң көп адам чогулган митинг Москва шаарынын Болотная аянтында жана Санкт-Петербургда болду.

Дмитрий Медведев башында турган «Единая Россия» партиясы 4-декабрда болуп өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен. Бирок Орусиянын элдери шайлоонун жыйынтыгына нааразы экенин билдиришип, миңдеген адамдар Болотная аянтына митингге катышууга ар тараптан келип жатышты.

Аянтка бараткан митингчилер «Путин-ууру!» жана «Единая Россия — уурулар партиясы» деген жазуусу бар лозунгдарды көтөрүп бара жатышты.

«Биз бул акмактар үчүн добуш берген эмеспиз, биз башка акмактар үчүн добуш бергенбиз, кайра эсептөөнү талап кылабыз!», - деген Болотная аянтындагы цитатаны твиттерге Василий Есманов  жазган.

«Эхо Москвы» маалымат булагынын айтымында, «Справедливая Россия» партиясынын лидери Сергей Миронов, анын партиясы мандаттарын тапшырбасын жана эч кандай нааразычылык акцияларын өткөрбөшүн билдирген.

«Эл бизге ишенимин билдирди, эми биз өкмөттү «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрүнө калтырып койбойбуз»,-деп түшүндүрдү өзүнүн чечимин Миронов.

Кремлдин расмий сайты Твиттерге, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Болотная аянтына чыгып, митингчилердин алдында суйлөй турган ою бар экенин жазган.

Катталбаган ПАРНАС партиясынын мүчөсү Борис Немцов чогулган элдин алдына чыгып, Орусиянын БШКсынын жетекчиси Владимир Чуровду кызмат оруднан кетишин талап кылды. Ошондой эле, өкмөттүк Комунисттер фракциясынын лидери Андрей Клычков, «Единая Россия» партиясын урдалган мандаттарды кайтарып беришине чакырып кетти.

Би-би-си Британиялык кызматтынын маалыматты боюнча, Орусияда митинг тынч жана эч кандай жабыр тартууларсыз өттү.

Мындан бир аз мурун Британиялык маалымат кызматы кабарчысы Ричард Галпиндин сөзүнө таяна, Санк-Петербургда митингчилер менен коопсуздук сактоо кызматкерлери ортосунда кагылуушулар болгонун билдирген.

«Пионерская аянтынан 10 адам кармалган. Аларга  административдик мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзүлөт»,-деп жазган Би-би-си маалымат кызматы.

Төрт саатык митингден соң акырындап баары тарай башташты. Бирок, эки жумадан кийин, 24-декабрда кайрадан чогулаарын билдиришти. Уюштуруучунун айтымында, кийинки митингде бул сапарга караганда беш эсе көп адам болоорун белгилеп өттү.

Би-би-си кызматтынын маалыматында, «Яблоко» партиясынын лидери Сергей Митрохин, өзүнүн жакындарын 17-декабрда митинге чыгуусуна чакырды, ошондой эле митинг Пушкинский аянтында болоорун билдирди.

«Биз Чуровдун кызматтык абалынан кетүүсүн талап кылганы акыбыз бар. Ага кылмыш жазасынан сырткары саясаттык жоопкерчиликке тартылуусу күтүлүүдө »,-деп билдирди Митрохин.

Орусиядагы митингге Кыргызстандын көз карашы

Бишкек шаарындагы Орусия элчилиги алдында, активисттер шайлоонун жыйынтыгына каршы экенин билдирген акцияны өткөрүүнү каалашкан. Бирок бир күндүн ичинде бир гана адам ак хризантема гүлүн элчиликтин алдына таштап кеткен.

Орусиядагы болуп өткөн митинге Кыргызстандын саясат тануучулары да ,өз ойлорун билдиришти.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун «Клоопко» берген интервьюсунда, Орусиядагы болгон окуяга өлкө жетекчилиги эч кандай комментарий бере албайт, себеби мамлекет жетекчиси Кыргызстандын ички көйгөйлүү маселелерин чечүү менен алек экенин билдирди.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутатты Феликс Куловдун айтымында, Орусияда жүргөн мекендештерибизге болуп өткөн митинг эч кандай таасирин тийгизбейт.

«Биринчиден болуп өткөн митинг- Орусиянын  ички маселеси, экинчиден митинг шайлоого гана байланыштуу, ошондой экен эмне себептен биздин жарандарыбызга таасирин тийгизиши мүмкүн»,-деп өттү Кулов.

2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында Куловдун партиясына Орусия тараптан жардам бар экени билинген жана үгүтөө баннерлеринде Орусия президенти менен кол алышып жаткан сүрөтү жер жерлерде илинип турган.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутатты Туратбек Мадылбековдун «Клоопко» берген интервьюсунда, болуп өткөн митингге оң көз карашта экенин билдирди.

Депутаттын айтымында, Орусиядагы митинг элдердин шайлоо жыйынтыгы менен макул эместигин жана демократиянын белгисин  көрсөтүп жатат.

Ал эми, КСДП партиясынын өкүлү Ирина Карамушкинанын ою боюнча, Орусиядагы абал оппозициянын күч алып жаткандыгынын белгиси.

Ирина Карамушкинанын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы кыргыз элчилиги биздин жарандардын коопсуздугун сактоо менен алардын митингге катышпоосун көзөмөлгө алышы керек.

ТИМ жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги комментарий алууда жеткиликсиз болду.

«Республика» фракциясынын өкүлү Мирлан Бакировдун ою боюнча, эгер Орусиядагы митинг созулуп кетчү болсо, анда бул митинг биздин ал жакта жүргөн мекендештерибизге таасир бериши турган кеп, себеби алар да митингдин катышуучулары болуп калышы ыктымал.

Шайлоо — 2011

Орусиянын парламентик шайлоосу 2011-жылдын 4-декабрында болуп өттү. Бул өкмөттөгү парламенттин 4 жылга эмес, 5 жылга шайлануучу биринчи жолку шайлоосу болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоого катышуу үчүн жети партия катталган. Алар: «Справедливая Россия», ЛДПР, «Патриоты России», КПРФ, «Яблоко», «Единая Россия» жана «Правое дело».

Шайлоонун жыйынтыгына ылайык Владимир Путин жана Дмитрий Медведев башында болгон «Единая Россия» партиясы 238 мандатка ээ болгон.

Ошондой эле КПРФ-92, ЛДПР-56, «Справедливая Россия» партиясы — 64 мандаттка ээ болушту.

10-декабрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына карата нааразычылыгын билдирген митинг, бул биринчи жолу болуп жаткан жок, алгачкы жолку митинг 5 -жана 6- декабрда болуп өткөн. Ал митингдер коопсуздук коргоо кызматкерлери тарабынан таркатылып, 300 адам кармалган.

Lenta.ru сайтынын маалыматына караганда, Орусия БШКсы митинг өткөрүүчүлөрүнүн нааразычылыгына карабастан шайлоонун жыйынтыгын карап чыгуудан баш тарткан.

Сүрөт «Радиус» сайтынан алынды.
Которгон жана редактор Айгул Гуламидин кызы
Автор: Диана Рахманова