Фин полициянын билдирүүсүндө, 2011-жылы студенттерден акча алгандыгы үчүн тогуз мугалим кармалган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда төрт мугалимге көп. Укук коргоочулардын айтымында кармалган мугалимдердин көпчүлүгү ОшМУнун кызматкерлери. Бул көрүнүш мугалимдер менен студенттердин өздөрүнүн күнөөсү деп, окуу жайда коррупциянын бар экенин университеттин жетекчилиги танган жок.
Ош областына караштуу фин полициясынын башчысынын орун басары Төрөбек Нариевдин «Клоопко» берген интервьюсунда, ар кайсы ЖОЖдордон акча алып жаткан учурда тогуз мугалим кармалаган. Ошондой эле мугалимдерге каршы «милдеттерин ашыкча колдонуу» жана «опузалап акча алуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон,- деп билдирди.
«Биз, студенттерден түшкөн арыздар жана атайын ыйгарым укуктуу адамдарыбыздын маалыматтары аркылуу пара алуу фактылары жөнүндө билебиз. Эгер фактылар тастыкталса, дароо ошол жерден барып кармайбыз. Кармалгандан кийин мыйзамсыз негизде акчалай белек жана пара алгандыгы үчүн кылмыш иши козголот»,-дейт Нариев.
Кыргызстандын түшүтүк аймагындагы эң чоң окуу жайдын бири болгон Ош мамлекеттик университетинин мугалимдери студенттерден пара алуусу тууралуу маалыматты жеткечилик танган жок.
«Студенттерден акча алгандыгы үчүн укук коргоо органдары биздин окуу жайдан мугалимдерди кармаган учурлар да кездешет»,- дейт ОшМУнун проректору Абдыганы Абдувалиев
«Бирок, так ошол укук коргоо органдары эле мугалимдерди кайра актап чыгышат. Акталган мугалимди жумуштан чыгарып салуу оңой эмес»,-дейт Абдувалиев «Клоопко» берген интервьюсунда.
Проректордун айтымында Финполдун көзөмөлүнө алынган мугалимдерге карата университеттин жетекчилиги өз ара атайын чараларды көрөт.
«Ошол эле мугалимдерибиздин колунда укук коргоо органдары тарабынан акталып чыккан документтери бар. Албетте алардын мугалимдик ишин улантууга эч ким тоскоол боло албайт»,-деп кошумчалап кетти Абдувалиев.
Проректордун айтымында, айлык акынын төмөн болгондугуна байланыштуу мугалимдер студенттерден акча алышат. Коррупцияны жок кылуу жана мугалимдерди материалдык жактан камсыздоо максатында университеттин жетекчилиги мугалимдерге атайын акчалай сыйлыктарды берип турат.
Финполдун арызы жөнүндө жана ОшМУнун проректорунун айткандарына, Ош ЖОЖдорунун мугалимдери комментарий берүүдөн баш тартты.
Зачеттун баасы мугалимге байланыштуу
ОшМУнун ар кайсы факультеттеринин студенттери, эгер пара бербесең баа коюлбашын билдиришти.
Медицина факультетинин студенти, бир сессияда 15 миңден ашык акча короторун билдирип, зачеттун «баасы» мугалимге жараша болоорун айтып өттү.
«Боёлгон тырмактарың же жайылган чачың үчүн сен мугалимге жөн эле жакпай калышың мүмкүн. Биздин факультет башкачабы айтор ар дайым тырмагың алынган чачың жыйылган болуш керек. Менин билишимче андай мыйзам эч жерде жазылган эмес»,-деп айтты студент.
Филология факультетинин студентинин айтымында, окуган да окубаган да студенттер бирдей акча төлөшөт.
Чет тилдер факультетинин студенти: «Биздин факультетте окубаган же иштеп жүргөн студенттер экзамен-зачеттордо акча беришет»,-деп айтты.
«Мен сабактарга активдүү катышам, бирок дене тарбия сабагына ден соолугума байланыштуу катыш албайм. Мугалим справка алып кел дейт. Справка алуу көп убакытты талап кылып ошол эле акча кетет, ошондуктан мугалимге акча берип коюу арзаныраак»,- дейт студент кыз.
«Мындан сырткары мугалимдер студенттерге өздөрүнүн китептерин сатып алууну сунушташат. Эгер албасак, баа коюп бербей коет»,- деп студент кошумчалап кетти.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Акпарали кызы Айжамал жана Бермет Мустафаева