Келдибеков төрагалык кызматын тапшырды

Ахматбек Келдибеков боюнча териштирүүнүн жыйынтыгында 103 добуш менен токтом кабыл алынып, ал төрагалык кызматын тапышыраары айтылды. Жогорку Кеңештин төрагасы 14-декабрда кызматынан кетет. Мындан мурда төрага, кылмыш дүйнөсү менен алакасы бар деп айыпталган.

Ахматбек Келдибеков 12-декабрдагы парламенттик отурумда өз каалосу менен төрагалык кызматын тапшырды.

«Ар-Намыс» партиясынын депутатты Каныбек Иманалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн атайын депутаттык комиссия, төраганын дарегине айтылган бардык айыптарды карап чыккан соң, Келдибековго кызмат ордунан кетиши керек экендиги айтылды.

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев тарабынан Жогорку Кеңештин төрагасына айтылган айптоолордун 13нөн 11и негиздүү экени тастыкталды.

Текебаевдин фракциясы көпчүлүк тарабынан спикерге ишенбестик пайда болгонун билдирип, аны төрагалыктан кетиши тууралуу маселени көтөрүп чыккан.

Атамекенчилер, Келдибековду кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаев менен байланышы бар, Жогорку Кеңештин каржысын чектен ашык кодонгон, бир нече ирет чет мамлекеттерге сапар тарткан жана «KG» сериясындагы номерлерди таркаткан деп айыптап келишкен.

Келдибековдун айтымында, Текебаевдин ага карата айтылган айыптоолору - «төрагалык орунга болгон саясий күрөш», ал эми өзүнүн төрагалык орундан кетишин «саясий жышаан»,-деп билдирди.

«Кеп менин төрагалык ордумду же аны сактап калууда эмес, кеп бүгүнкү күндө биздин айланабыздагы болуп жаткан оюндарда»,- деп түшүндүрдү Келдибеков.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина :«Келдибеков спикерлик ордун талашып бүт парламентти чымыркантып жатат. Бирок, мурун төрагалык орунда калуу анын максаты эмес экенин билдирген болчу»,-деп айтты.

«Эгер кеп төрагалык ордунузда болобосо, депутаттык жүзүнүздү сактап калып, кызматыңыздан кетишиңиз керек. Азыркы кезде бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат»,- дейт Карамушкина Келдибеков мырзадан «саясат оюнун токтонууну» суранып.

« Бүгүнкү отурум эч кандай саясий оюн эмес. «Келдибековго каршы шайлагыла-шайласаңар коалицияга кошуласыңар. Шайлабасаңар жаңы коалицияга кирбейсинер» деген силердин башка фракцияларга айткан сөзүңөр оюн»,- дейт Келдибеков.

Айыпталуучу талкууга алынган күнү Келдибековдун жактоочулары Ак үйдүн аянтында митинг өткөрүштү. 200гө жакын адам Келдибековду күнөөлөгөн Текебаевге «Кыргызстандан кет!»,- деп жатышты.

Келдибековдун жактоочулары Ош жергесинде да митингге чыгышты.

Коалициялык келишимдин 13-пункту

КСДП партиясынын коалициядан чыгышы менен Келдибековдун спикерлик кызматынан кетүү маселеси көтөрүлүп чыккан.

КСДП, «Республика» жана «Ата-Журт» партияларынын коалициондук келишиминин 13-пункту боюнча парламенттик көпчүлүктүн таркашы менен төрага үч күндүн ичинде өз каалосу менен кызмат ордунан кетүү тууралуу арызын тапшырышы керек эле.

Бирок ошол учурда, Келдибековдун басма сөз катчысы Асел Алиева, социал-демократтар коалициядан белгиленген мөөнөттөн эрте чыгып кеткендигине байланыштуу коалициялык келишим өз күчүн жоготкондугун айтып өткөн.

Келдибеков кеткенден кийин, Конституцияга ылайык жаңы спикер жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.

Социалдык тармактарды колдонуучулардын көз карашы

Келдибековго карата «компроматтар» социалдык тармактарга чейин жайылып кетти. Жанар Акаев өзүнүн Фэйсбуктагы баракчасына спикер, депутат Улан Чолпонбаев жана Камчы Көлбаевдин бирге түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Бирок, коомдук тармактын колдонуучусу Бурул Усманалиева, сүрөткө болгон күмөндөрү менен тең бөлүштү.

«Алар бирге сүрөткө түшкүдөй акылсыз эмес болуш керек» ,-деп сүрөткө комментарий берип кетти.

«Твиттер»  тармагынын колдонуучуларында, Келдибековдун кетиши боюнча да өз ара пикир алышуу жаралган.

«Пландарым бар эле. Келдибековго ишенип жаткам. Мындан кийин чиновниктерге ишенбегиле»,- деп жазган өзүнүн акаунтунда Ислан Турганбаев.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова башка көз карашта экенин билдирип, Келдибеков Кыргызстандын «оор абалында» парламент менен жакшы иштешип келди,-деп айтты.

«Эмне деген гана сөздөр айтылганына карабастан, Келдибеков Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен жакшы алп урушуп иштешти. Ал башкалар сыяктуу коркуп отурбастан баарын тең салмактуулукта кармады», - деген ойлорун бөлүшүп кетти Твиттердеги блогунда.

Ахматбек Келдибеков төрагалык кызматка «Республика», «Ата-Журт» жана КСДП партиялары коалиция түзгөн соң,  2010-жылдын 17-декабрында келген.

Төрагалыктан мурун Келдибеков, Жогорку Кеңештин 5 -чакырылышында «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган. Бул кызматка чейин 2009-2010- жылы Мамлекетик салык кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Диана Рахманова