«Клооптун» алты блогери мыкты блоггерлер катарын толуктады

 

«Жаңы Евразия» веб-сайтынын версиясы боюнча «2011-жылдын мыкты блоггер» конкурсунун жеңүүчүлөрү деп Өзбекстандык Гуласал Камалова жана Ташполот Рахматулаев табылды. Гуласал айымдын блогу «Вордпрессте», Ташполот мырзанын блогу гугул порталынын «Блогпостунда» жайгашкан.

Жеңүүчүлөргө баш байге катары Прагада репортаж боюнча өтө турган тренингге жолдомо берилди.

«Клооп» жеңүүчүлөрдү куттуктап, алдыда чоң-чоң ийгиликтерди каалап кетти.

«Клоопто» катталган 6 блоггдун ээси жеңүүчүлөр арасынан орун алган. Бул деген финалисттердин жарымы десек болот.

«Блогду тандоодо сапаттык (жарыяланган материалдардын сапаты, окуяга берилген кабарлардын канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгы, комментарий менен пикирлер) жана сандык (блогдогу материалдардын бат-баттан жаңыланып турушу, блоггердин коомдук тармактардагы активдүүлүгү) факторлорун эске алдык», -дейт «Жаңы Евразия» сайтынын авторлорунун бири Кристофер Шварц.

«Клооптун» блоггерлеринен, Алина Жетигенова «Намба» порталынын пиар-менеджери, укук коргоочу жана журналист Илья Лукашов, «К-Ньюстун» кабарчысы, «Клооптун» мурдагы редактору жана «Клооп» мектебинин бүтүрүүчүсү Илья Каримджанов, «К-Ньюстун» кабарчысы Бермет Мамбетшаева, Кыргызстандын гедонисти Жоомарт Ормонбеков жана «Клооптун» башкы редактору Бектур Искендер финалисттердин арасында.

Жогоруда көрсөтүлгөн алты блоггердин ичинен төртөө блогдорунда өздөрүнүн жеке домендерин колдонуп келишет. Өзүнүздүн жеке домениңиз бар болуп, кантип иштетээринизди билбей жатсаныз, биздин техникалык колдоо бөлүмүнө farido4ka@kloop.kg адреси боюнча кайрылсаныз болот.

«Жаңы Евразия» өзүнүн жарыясында жана жеңүүчүлөр арасынан кыргызстандык блоггерлерди өзгөчө белгилеп өттү.

«Тизмедеги кээ бир блоггерлер-өзгөчө Кыргызстандыктар- чет мамлекетте да белгилүү»,- деп ким экенин так айтпай Шварц кошумчалап кетти.

«Клооп» жеңүүчүлөрдүн баарын ийгилиги менен куттуктап, калган блоггерлерге мындан ары талыкпай эмгектенип, аудиториясынын кеңейишин жана көп-көп жеңиштерди каалап өттү.

Криэйтив Коммонс лицензиясынын негизинде сүрөттүн автору: liamdunn,взято с Flickr.com

Автор: Бектур Искендер
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы