Кыргыз интернет колдонуучулары «Фэйсбуктун» жабылышы жөнүндөгү ушактарга ишенип алышкан


Эң чоң коомдук тармак «Фэйсбуктун» жабылышы жөнүндөгү ушактар кыргызстандыктарга чейин жетип, интернет колдонуучулар арасында дүрбөлөң жаратты. Бирок, «Фэйсбуктун» кожоюну бул маалыматы четке какты.

Кыргызстандагы КирТАГ кабар агентиги «ВиклиВорлдНьюска» шилтеме берип, «Фэйсбуктун» жабылыш жөнүндө кабар жарыялаган.

«2012-жылы мартта «Фэйсбук» интернет тармагы жабылат, анткени сайтты башкаруу өтө татаалдашып кетти»,- деп жазат кабар агенттиги.

КирТАГ бул маалыматты жарыялаган жалгыз интернет сайт эмес. «КГинфо» жаңылыктар сайты да чет мамлекеттик булактарга шилтеме жасап бул маалыматты жарыялаган.

«Менин оюмча бул өзгөчө нерсе. Чынын айтканда бул жакшылыкка деп ойлойм. Тескерисинче, «Фэйсбук» жабылса адамдар сыртка чыгып өздөрүнө чыныгы досторду таап баштайт. Бул дайыма сонун» деген Марк Цукербергдин сөздөрүнө шилтеме жасашууда.

«ВорлдНьюс» бул жаңылыкты 2011-жылы мартта эле жарыялаган, бирок бул маалыматы Украиналык «Фокус» агентиги жарыялангандан кийин Кыргызстандык интернет булактарында бул маалымат пайда боло баштаган.

Си-Эн-Эн америкалык жаңылык кызматты «Машабл» жаңылыктар блогуна шилтеме жасап, «Фэйсбуктун» жабылышы жөнүндөгү маалыматты ушул жылдын январь айында интернет сайтына жарыялаган.

Коомдук медиаларга арналган «Машабл» блогунун кабарчылары, коомдук тармактын жетекчилигине «Фэйсбуктун» жабылышы жөнүндөгү ушактар боюнча комментарий берүүгө кайрылышкан.

«Фэйсбуктун» байланыш жана корпоративдик карым-катнаш боюнча директору Ларри Йю, бул ушактар жалган деп жооп берген.

«Биз жабылуу боюнча айткан эмеспиз, ошон үчүн ар дайым колдонууну,  иштөөнү улантабыз»,- деп «Фэйсбуктун» жетекчилеринин бири твиттердеги акаунтуна жазган.

Кыргызстандын көз карашы

Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунда «Фэйсбуктун» жабылышы жөнүндө катуу талкуу башталган. «Larcos» атту колоднуучу КирТАГдын маалыматына шилтеме жасап теманы талкууга чыгарган.

«Дизель» форумунун администрациясы тарабынан бул маалыматтын так эместигинен талкуу дароо токтотулган. Бирок, талкууланган 6 сааттын ичинде 700дөн ашуун колдонуучу маалымат менен таанышууга жетишкен.

« weeklyworldnews тамашөкөй интернет булак. Ишенбегиле», - деп РХМ колдонуучусу жазган.

«Фэйсбук» тармагындагы кыргызстандыктардын 10 колдонуучусу тармактын жабылуусу тууралуу өкүнүү пикирлерин жарыялаганы жетишкен.

«Бир жагынан кубансам, экинчи жагынан капа да болуп жатам... Фейстин жардамы менен жакындарым жана досторум менен дайыма байланышта элем»,-дейт Тина Осмонгазиева.

«Мен мисалы, Фейсбуктун жардамы менен алыстагы же жолугууга мүмкүнчүлүгүм болбогон досторум менен баарлаша алат элем»,- дейт Эрик Абдыкеримов.

Ал эми башка колдонуучулар Фейсбуктун жабылышына кубанып жатышты.

«Ырас болду, сабак окууга эми эч нерсе тоскоолдук кылбайт»,-дейт Айбек Нарынбеков

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Адинай Касымбекова