Кыргызстандын абактарынын абалы канаатандыраарлык эмес

БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Бишкек жана Ош жергесинде болуп кайтты. Анын айтымында, 2010-жылдагы этникалык кагылышуудан кийин кыйнап кыстоолордун саны өскөн жана түрмөлөрдөгү шарттар кыйноолорду колдонууга өбөлгө түзүп келет.

Хуан Мендес, бардык абактарда боло албагандыгын билдирип, ал болгон жерлердеги абал ага терс таасир калтырганын билдирди.

Кыргызстандын өкмөтүнө, шарттары өтө жаман абалдагы абактарды жабуу керектигин айтты.

Убактылуу кармоо изоляторунда абал оор экенин айтып, ал жерде медициналык кызматтын жоктугун таамай белгилеп өттү, Хуан Мендес.

«УКИде дээрлик медициналык кызмат жокко эсе, керек болгон учурларда тез жардам чакырылат экен. Санитардык шарттар өтө начар»,- деп журналисттерге кабарлады.

«Жакшы жаңылык» деп, түрмөлөрдө адамдын көп эместигин айтты. Анын айтымында, шарттары начар абактардан кармалуучуну жакшыраактарына  которсо болот.

«Бул эч кандай баш аламандыка алып келбейт, бирок биз байкагандан түрмөдөгүлөрдүн шарттарынын оңолушуна өбөлгө түзөт»,-дейт Мендес.

УКИнин абалы жакшы эместиги боюнча Мендестин арызын, жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Калыбек Качкыналиев тастыктады.

«Албетте, бизде абал европаныкындай эмес. Алардын стандарты боюнча ар бир адамга 2-3 метрдеги бир бөлмө керектелет. Мындай талаптарга азырынча жооп бере албайбыз. Кээ бир камераларда чындыгында камалгандардын саны ашыкча»,-дейт Качкыналиев

«Мамлекеттик каржылоо жетишпегендиктен түрмөлөрдүн шарттары начар», деп кошумчалап кетти Качкыналиев .

«Жаңы түрмөлөрдү курушубуз керек, бирок каржылоо жетишпейт. Жакшы дагы 2011-жылы Өкмөт кошумча акча бөлүп берди. Кийинки жылы каржылоо көлөмү көбөйөт деп президент сөз берди»,- дейт Качкыналиев.

Аскаровдун үстүнөн каралган сот ырайымсыз болду

Журналистер менен болгон жолугушуусунда Мендес, Кыргызстандын сотторунун чечимдерине жана укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою эркинен ажыратылышы боюнча сот өкүмүнө комментарий берип өттү.

Баяндамачы, укук коргоочунун соту «адилетсиз жана катуу» болгондугун айтып, Азимжановдун түрмөдөгү шарттарын жакшыртуу керектигин бийлик өкүлдөрүнө айтып өттү.

«Аскаров абдан жаман шартта кармалууда, анын жаткан жери жер төлө сыяктуу камера экен», -дейт баяндамачы.

«Аскаров начар шартта кармалганынын себеби, Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандарга атайын түрмө жок»,- деп билдирди Качкынбаев «Клоопко» берген интервьюсунда.

«Аскаровду жаза изоляторуна жайгаштырууга туура келди. Изолятордун абалы жаман албетте, шарттары жок»,- дейт Качкыналиев.

Жаңы-Жерде курулуп жаткан №19- колониянын курулушу бүтсө, түрмөдөгүлөрдүн шарттары оңолушу мүмкүн экендигин белгилеп  кетти.

Аскаровдун иши Кыргызстанда эң бир таң калыштуу «дүң» жараткан. 2010-жылы укук коргоочу бийлик тарабынан, Сулаймановдун өлүмүн уюштургандыгы үчүн жана Кыргызстандын түштүк аймагында болуп өткөн өзбек жана кыргыздардын ортосундагы этникалык кагылуушуларды жараткандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов, милиционерлер тарабынан укук коргоочуга кыйноолор болгондугун айтып, Жогорку Сотко аппеляция берген. Ошондон бери Аскаровдун иши каралбай, сот уламдан-улам жылдырылып келет.

АКШнын Өкмөтү, актёр Мартин Шин сыяктуу эл аралык активисттер Аскаровдун иши адилеттүү каралышын бийликтен суранып келишет.

Укук корогоочунун акыркы жолку соттук иши 29-ноябрда болгон. Бирок адвокаттардын жоктугунан сот иши 20-декабрга калтырылган. Адвокаттар болосо, бизге кабар кеч берилген деп айтышууда.

Хуан Мендес

2010-жылдын ноябрь айында Хуан Мендес БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы болуп дайындалган. Мурун бул кызматта 2004-жылдан бери иштеп келген Австриялык Манфред Новак болчу.

Мендестин бул кызматка келүү боюнча арызынын себеби, ал өзү кыйноолорду башынан өткөргөндүктөн, анын бул кызматка келиши жабыр тарткандарды коргоо болуп эсептелет.

70-жылдары саясий туткундарды коргогондугу үчүн Мендес аргентиналык аскер хунтасы тарабынан камакка алынган. Бир жарым жыл аралыгында административдик камакта болуп, кыйнап кыстоолорго туш болгон. «Эл аралык Амнистия» Мендести «абийир туткуну» деп атаган.

Сапарынын соңунда Мендес Кыргызстанда кыйноолордун колдонушу боюнча өзүнүн сунуштары менен атайын отчетун даярдаган.

Алгач катчынын келиши 2011-жылдын май айына белгиленген. Бирок, кээ бир уюштуруу маселелери боюнча сапар башка учурга жылдырылган.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, кыргыз бийлиги «катчынын коопсуздугун камсыз кыла албагандыгынан» Мендестин сапары башка учурга калтырылган.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Авторлор: Диана Рахманова, Айкөл Болотбекова, Бектур Искендер